Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:28

“Сентябрь” телеканалы: “Акнет” менен мыйзам чегинде сүйлөшөбүз


“Сентябрь” телеканалы эфирге чыкпай калганы боюнча “Акнет” компаниясы менен мыйзам чегинде сүйлөшөт. Каналдан “Азаттык” радиосуна билдиришкендей, “Акнет” кат жүзүндө 20-февралга чейин түшүндүрмө бериши керек эле. Тиешелүү кат келбесе, сотко арыз жолдонот.

Телеканал кызматкерлери кабелдик көрсөтүү үчүн февраль айына акча төлөнгөнүн, өчүрүп салуу туура эместигин белгилешүүдө.

Оппозиционер Өмүрбек Текебаевге таандык бул телеканал “Акнет” кабелдик оператору аркылуу 3-февралдан бери чыкпай калган. “Акнет” муну техникалык мүчүлүштүк экенин айтууда.

Текебаев бул абал боюнча комментарий берип жатып, жагдайды бийликтин атайын бут тосуусу катары баалады.

"Акнет" оператору Бишкек шаарынын тургундарына кабелдик каналдарды сунуштайт. Башка аймактарда жана санарипте "Сентябрь" көрсөтүүдө. (SE)

XS
SM
MD
LG