Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:56

Токиодон Сейтек Хан: Баарыбызга эсенчилик!


Жапонияда окуган кыргыз докторанты Сейтек Качкынбаев "Азаттыктын" Бишкек студиясында. 2010-жылдын 31-августу.
Жапонияда окуган кыргыз докторанты Сейтек Качкынбаев "Азаттыктын" Бишкек студиясында. 2010-жылдын 31-августу.

Жапониянын ордо шаарында Васеда университетинде докторантурада таалим алып жаткан Сейтек Хан Фейсбук (FaceBook) коомдук тармагы аркылуу мекендештерине кат жолдоп, өзүнүн аман-эсендигин билдирип, 11-мартта башынан өткөргөнү тууралуу кыскача маалыматы менен бөлүштү.


Бар болуңуздар, Улусташтар!

А-аааа, эмнеден сөз башташты билбей калдым.

Адегенде БААРЫҢЫЗДАРГА АЛКЫШымы билдирип коёюнчу!!!
Терең таазим!

Алигиче башым "деңиз оорусундай" чайпалганы чайпалган, утуру эле жер титиреп аткан сыяктуу.

Кечээ (11-мартта) эртен менен Токионун сыртына эс алганы чыккам, анан досторумкуна барсам кээлери келе элек экен үйүнө.

Саат, оюмча, 15. 06 болсо керек эле, ГҮҢ-ГҮҢ этип эле аквариумду чайпалткандай болуп эле бөлмө чайпала башталды.

Карасам, бурчтагы шкаф кулап түштү, анан коридордогу чокой тизчү эмеректер бир бирден урай баштады.

Сыртты көздөй чуркасам алдыман эки кыз кыйкырып атыптыр, аларды сүдүрөгөнчө сыртка чыктым, ошо бойдон бир саатча ГҮҢ-ГҮҢ токтогон жок.

Оптимизм берген жагы - жапондордун менежменти жана токтоолугу болду, эч бир паниканы (дүрбөлөңдү) билген жокпуз, болбосо тарыхта мындай чоң масштабдагы жер титирөө биринчи жолу дешип атышат.

Жер титирөөнүн магнитудасы 8.8 болду эпицентринде, ал эми биз магнитудасы 7.9 балды башыбыздан кечтик.

Кыргыз бекеринен Теңир Ата, Жер Эне дебейт окшойт, үрөй учкан жер титирөө болсо да, тегерегибизде жолдор, дубалдар жарака кетип, көпүрөлөр кыйшая түшсө да, өлүм жок болду.

Жер Эне Ырайым кылды.

Ошентип, эки күн жарык да жок, суу да жок, кол-телефон да байланыштан үзүлүп азыр эле эвакуация жайынан үйгө Токиого кайтып келдим.

Токиодо салыштырмалуу тынч, бирок алигиче метро нормасында ишин жанданта элек.

Эски имараттардын айнектери, тамбашылары талкаланган менен, чоң зыян сезилбейт, сырттан караганда.

Өзүмүн үйүмдө китептерим чачылып калыптыр, радиом менен колонкаларым полкадан кулап түшүптүр, калганы сак.

Жер титирөөдөн да, Цунамиден Түндүк Чыгыш Жапония көп жапа чекти.

Тагыраак айтсам, Фукушима, Мияги, Ивате префектураларында баары болуп миңден ашык кишинин дайыны алигиче белгисиз, расмий булактар миңден ашык киши чыгымы катталганын ММКдан (СМИден) берип атат.

Жер Энем Ырайым кыла көр!

Жапон элинин кайгысына терең кайгыруу менен көңүл айтам!!!!

Досторум, силерге дагы бир жолу чоң алкыш!


Сейтек Хан (Seitek Khaan),
Токио шаары, Жапон өлкөсү.

XS
SM
MD
LG