Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:08

Жер планетасы төрт жарым миллиард жашта


Жердин Айдан көрүнүшү. "Кагуя" көлүгү тарткан сүрөт, 07.11.2007.

Жердин Айдан көрүнүшү. "Кагуя" көлүгү тарткан сүрөт, 07.11.2007.

Күн системасындагы эң алыскы Плутондун короосунда cуу муз түрүндө болушу мүмкүн. Эми биз жашаган планетанын курагы боюнча талашка чекит коюлган өңдүү.

Биз байырлаган Жер планетасынын так курагы көптөгөн талаш-тартыштардын чордону болуп келген. Февраль айында эле Американын улуттук география коому биздин планетанын жашын – 4 миллиард 567 миллион жыл деп аныктаган эле.

Жер жаралгандан кийин 200 миллион жылдан соң суунун элементтери пайда болгон. Жер планетасы Күндү 4 миллиард 53 миллион жыл мурда айлана баштаган. Жердин сырткы катмары болсо 4 миллиард 28 миллион жыл мурда пайда боло баштаган. Океандар 4 миллиард жыл мурун, андан 500 миллион жылдан соң кургак материк жарала баштаган.

Европанын Геохимия бирикмеси америкалык окумуштуулардын илимий бүтүмүн четке кагып, Жер биз билгенден 60 миллион жыл улуу деп жарыялашты. Франциядагы Лотарингия университетинин геохимиктеринин айткандарына ишенсек, Күн системасы түптөлгөндөн 40 миллион жылдан кийин байыркы Жер менен көлөмү планетадай болгон объект кагылышкан. Тагыраак айтканда, Жердин так курагы 4 миллиард 627 миллион жыл деп аныкталды.

Француз илимпоздору бул тыянакка планетадагы изотоптордун катышынын салыштырмалуу теңдигин эсептегенден соң келишкен. Геохимиктер Гиём Авис жана Бернар Марти түштүк африкалык жана австралиялык кварцтагы ксенон газын тыкыр изилдеп чыгышкан. Ал газдын курагы 3.4 миллиард жыл болуп чыкты. Күн системасы

Күн системасы

Ушул эле усул менен окумуштуулар Жердин табигый жандоочусу Айдын так курагын аныкташты. Ай – 4 миллиард 360 миллион жашта. Ай кантип пайда болгону боюнча илимпоздор бир бүтүмгө келе элек.

Ал эми бизди Күндүн эбегейсиз күчтүү радиациясынан сактап турган атмосфера - Күн системасы жаралгандан 100 миллион жыл эмес, 40 миллион жыл өтпөй пайда болгону аныкталды.


Күндөн эң алыс жайгашкан Плутондун короосунда суу бар

Сегиз жыл мурда планета макамынан айрылган Плутон Күн системасынын эң четинде жайгашкан. Плутондун көлөмү кыйла чакан жана сырткы формасы да тоголок эмес. Мурда тогузунчу планета атыккан Плутон өз огунда алты суткада, ал эми Күндү 248 жылда бир айланат.
Плутон жана Жер (иллюстрация).

Плутон жана Жер (иллюстрация).

Сексен төрт жыл мурда гана табылган эргежээл планетада орточо температура – минус 230°С. Муздан куралган Плутонду адам баласы дээрлик изилдеген эмес жана ал көптөгөн табышмактардын очогу бойдон калууда. Келерки жылдын июль айында 2006-жылы учурулган “Жаңы кыйырлар” (New Horizons) көлүгү Плутонго жана андан ары анын жандоочторуна жакындаары болжолдонууда.

Жерден 4.3 миллиард чакырым алыс эргежээл планетанын беш жандоочусу бар. Алардын эң чоңу – Харон. Плутондун төрт жандоочусу 4 миллиард жыл мурда Харондон бөлүнүп чыгып, миллиондогон жылдар бою өзгөрүп отуруп азыркы калыбына келген.

Американын улуттук космос агенттиги (НАСА) кабарлагандай, Харондо жаракалар аныкталды. Жаракалары бар жандоочтордо суунун белгилери мурда табылган. Мисалы: Сатурндун Энцелад жана Юпитердин Европа жандоочторунда суу – муз жана буу түрүндө аныкталган.

НАСАнын божомолуна караганда, Харондун сырткы катмарынын астында муз мухити бар. Эгер Харондун тышкы катмары жетиштүү калың болсо, ал муздун түбүндө суюк суу болушу мүмкүн. Харондун бетинен биздин Күн кичинекей ак чекит болуп көрүнүп, анын илеби жетпейт.
Харондун Плутондон көрүнүшү (иллюстрация).

Харондун Плутондон көрүнүшү (иллюстрация).

Харондун орбитасы кандайча калыптанганына жараша болжолдосо болот. Айрыкча эгер ал кууш эксцентриситет баскычтардын баарынан өтсө, балким, кысыктардагы жылуулук сууну бир нече убакыт суюк формада сактоого өбөлгө түзгөндүр, – деди НАСАнын изилдөөчүсү Алисса Роден.

Учурда астробиологдор Энцелад жана Европада жашоонун белгилерин издөө менен алек. Америкалык изилдөөчүлөр “Жаңы кыйырлар” көлүгү 2015-жылы Харонго жетип, андагы жашоонун белгилерин издей баштаарын айтышат. Ким билет? Балким, чынында эле Жерден тыш жактарда жашоо бар.
  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG