Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:39

Орусияда президент Владимир Путиндин тапшырмасына ылайык, өкмөт жана Борбордук банк Евразия экономикалык союзунун алкагында эми валюталык союз түзүүнүн максатка ылайыктуулугун иликтөөдө.

Путин атүгүл жакында Астанадагы саммитте орток валюта боюнча олуттуу сүйлөшүүлөрдү баштоону да сунуш кылды. Кыргызстан быйыл майдан тарта расмий кошулары күтүлүп жаткан Евразия экономикалык союзунда бирдиктүү акча киргизүү мүмкүнчүлүгү канчалык реалдуу? “Азаттыктын” “Өңүт” апталык берүүсүндө ушул маселе талкууланды.

Орток акчаны жаратуу же валюталык союзду тездетүү демилгеси Евразия экономикалык союзун түзүү келишими күчүнө киргенине үч ай өткөндөн кийин эле көтөрүлдү.

Демилгенин Орусиядан чыгышы бул маселенин ыктымал кесепеттерин терең ойлонгондорду бир эсе кооптондурса, адистер орток валюта экономикалык интеграциянын аспабы эмес, анын эң жогорку баскычы экенине, Евразия экономикалык союзунда бирдиктүү акчаны киргизгидей өбөлгө азыр эч жоктугуна жана жакынкы келечекте да андай өбөлгө түзүлбөсүнө көңүл бурушууда.

Москвадагы жогорку экономикалык мектептин профессору Алексей Портанский:

Алексей Портанский

Алексей Портанский

- Биздин жетекчилер биздин интеграцияны Евросоюздуку менен салыштырганды жакшы көрүшөт. Биз жөн эле Европада Бажы союзу алгач качан түзүлгөн учур менен валюта союзу уюшулгандагы аралыкты карап көрөлүчү. Европада Бажы союзу 1957-жылы курулган. Бирдиктүү валюта болсо 1999-жылы пайда болду. Экономикасы базардын эрежелерине кыйла ыңгайлашып, өнүккөн аймакта Бажы союзунан валюта союзуна чейинки аралыкты басып өтүү үчүн 42 жыл талап кылынды. Биздин Бажы союз 2007-жылы уюшулганын эске алганда, андан бери сегиз гана жыл өттү. Эгер биз төрт-беш эсе тез ылдамдыкта жылгыбыз келсе, бул олуттуу мамиле эмес жана мындан эч майнап чыкпайт. Анын үстүнө азыр бизде, Евразия экономикалык союзунун ичинде али чечиле элек маселелер бир топ. Алар интеграциянын буга чейинки этабына, Бажы союзуна тийиштүү иштер. Европалык интеграциянын тажрыйбасы көргөзгөндөй, жасалбаган иштер, “куйруктар” калбаш үчүн этаптардын баарын ишенимдүү басып өтүү керек.

Еврошаркетке азыр 28 өлкө мүчө. Бирок бирдиктүү акча – евро жүгүртүлгөн валюта союзуна 19 гана өлкө кошулган. Алгач евро накталай эмес жүгүртүүгө киргизилген 1999-жылы бирдиктүү акчага Еврошаркеттин ошол кездеги 15 мүчөсүнүн 11и гана кирген болчу. Накталай жүгүртүүгө евро 2002-жылы гана чыгарылган.

Валюта союздун таянычы - ички соода

Москвадагы Жогорку экономикалык мектептин профессору Алексей Портанский (Alexey P. Portanskiy) “Азаттык” менен маегинде Евразия экономикалык союзунда бирдиктүү акчанын өбөлгөлөрү эч жарала электигин кайра эле Европанын мисалы менен чечмелеп берди:

​- Европа биримдиги валюта союзун түзгөн кезде, алар муну менен 70-жылдардын орто ченинен тарта алектене башташкан, биримдиктин ар бир мүчөсүндөгү тышкы сооданын көбү кайра эле коңшуларынын үлүшүнө туура келген. Бизде болсо азыр Орусиянын да, Казакстандын да соодасынын басымдуу бөлүгү Евразия экономикалык союзу боюнча коңшуларына эмес, алыскы чет өлкөлөрдүн үлүшүнө туура келет. Эгер биз азыр валюта союзду жасалма жараткан күндө деле Орусияга да, Казакстанга да соодадан түшкөн акчанын басымдуу бөлүгү четтен доллар же евро түрүндө келе берет. Евразия экономикалык союзунун негизги оюнчуларынын валюталык кирешесинин көбү доллар жана евро түрүндө келе берсе, анда бирдиктүү валюта кандай ролду аткарган болот? Андыктан бизге ириде Евразия экономикалык союзу ичинде сооданы өнүктүрүү талап кылынат. Ички сооданын көлөмүнүн көбөйүшү валюталык союз үчүн база болот. Бирок бул үчүн али белгилүү бир жолду басып өтүү, убакыт талап кылынат, муну жасалма жакындатуу жаңылыштык болот.

Евразия экономикалык комиссиясынын расмий маалыматына таянып, акыркы эки жылдагы ички сооданын динамикасын карасак Орусия, Казакстан, Беларустун өз ара соодасы 2013-жылдын жыйынтыгында 64,1 миллиард долларды түзүп, бул алардын тышкы соодасынын 9% гана барабар болгон.

Ал эми 2014-жылдын жыйынтыгы менен Орусия, Казакстан, Беларус ортосундагы соода 57,4 миллиард долларга түшүп, мурдагы жылга салыштырмалуу 11% кыскарган. Бул Бажы союзундагы үч өлкөнүн былтыр тышкы соодага караганда, ички соодасы көбүрөөк кыскарды дегенди туюндурат. Тышкы сооданын көлөмү былтыр 865 миллиард долларга жетип, кыскаруу 6,9 түзгөн. Жогорудагы сандар көргөзүп тургандай, Бажы союзундагы тышкы соода менен ички соода көлөмү ортосундагы ажырым 90% ашуун.

Евразия экономикалык союзунун негизги оюнчуларынын валюталык кирешесинин көбү доллар жана евро түрүндө келе берсе, анда бирдиктүү валюта кандай ролду аткарган болот?

Мына ушундай шартта орус президенти Путиндин бирдиктүү валюта боюнча “олуттуу сүйлөшүүлөрдү” баштоо сунушу беларус экономисти Сергей Чалыйдын пикиринде, жөн гана пиар кадам:

- Карап көрүңүз, Евразия экономикалык союзу быйыл январда иштей баштагандан бери соода согуштары бетке чиркөө болду да. Орусия фитосанитардык көзөмөл боюнча улуттук чараларына таянып, Беларустун азык-түлүгүн ички базарына киргизбей койду. Буга кошул-ташыл орус рублинин былтыртан берки девальвациясы беларус продукцияларынын орус базарындагы атаандаштык жөндөмүн жоготуп салды. Экинчи жагынан Орусия соодада АКШ менен Европага каршы жооп санкцияларды киргизгени менен аны Евразия экономикалык союзуна мүчөлүгү кандайдыр бир деңгээлде колу-бутун тушап, жооп чараларды толук кандуу көрүшүнө мүмкүндүк бербеди. Москва Минскти санкциялык товарларды бизди көздөй өткөрүп жатат деп айыптаган учурлар да болбодубу. Иши кылып, Путин жеке өзү Евразия экономикалык союзу иштей баштоосунан күткөн саясий дивиденддерди ала алган жок. Тескерисинче негатив көп болду. Андыктан мына ушундай шартта "келгиле, баары жакшы дегендей түр көргөзөбүз, проблемалар интеграциянын жаңы этабын тездетүү менен чечилет" дегендей демилге көтөрүлүп жатат да.

Саясат экономикадан ашканда...

Өзү Евразия экономикалык союзунун уставдык документтеринде Евразия экономикалык союзунда валюта союзу же бирдиктүү акча жаралышы ыктымал мөөнөт катары 2024-жыл аталган.

Бирок беларус экономисти Сергей Чалый бул мөөнөт да эртелик кыларына, валюта союзунун өбөлгөлөрү алдыдагы тогуз жылда жаралып калышы күмөндүү экенине токтолду:

- Билесизби, мен 2024-жылга деле ишене албайм. Эгер Евразия экономикалык союзун түзүү жөнүндөгү келишимдерде көргөзүлгөн чечимдер кийинкиге калтырылган мөөнөттөргө көз чаптырсак, 2018-жылга барып каржы, банк, камсыздандыруу кызматтары унификациялануусу керек. Бул иштер принцибинде 2015-жылдын 1-январына карата чечилиш керек эле. Бирок макулдаша албай коюшкан. 2018 - Орусияда президенттик шайлоо өтө турган жыл. Орусиянын экономикалык келечеги азыр бүдөмүк болуп турат. Батыштын ага каршы киргизген санкциялары тез эле алынбашы анык болуп калды. Кыска мөөнөттүү тобокелчиликтер абдан жогору. Бирдиктүү валюта планынан баш тартылбаганы менен ал дагы Орусия – Беларус ортосунда бирдиктүү акча киргизүү идеясынын тарыхын кайталайбы деп турам. Анткени экономикада фундаменталдуу эч нерсе өзгөргөн жок. Эске сала кетсем, Орусия менен Беларустун ортосунда бирдиктүү акча киргизүү демилгеси 1994-жылы көтөрүлүп, 2005-жылга барып андан биротоло баш тартышкан. Бул мезгил аралыгында аталган маселени көп сөз кылышты, бирок практикалык чара көрүлгөн жок. Башкача айткада он жыл бою сөз кылышты, бирок жыйынтыкка келе алышпады. Мен Евразия экономикалык союзунун деле валютасын ушул нерсе күтөт деп ойлойм.

Орток акчанын же валюталык союздун, адистердин айтымында, оң менен катар, терс дагы жагы бар.

Кайра эле Еврошаркеттин тажрыйбасы көргөзгөндөй, бирдиктүү акчасы ошол валюта союзуна кирген өлкөлөр ичинен экономикасы чабал өлкөлөрдүн өндүрүш продукцияларынын ички базардагы атаандаштык жөндөмүн алсыратат.

"Келгиле, баары жакшы дегендей түр көргөзөбүз, проблемалар интеграциянын жаңы этабын тездетүү менен чечилет" дегендей демилге көтөрүлүп жатат.

Маселен, Еврошаркеттин өндүрүш потенциалы жана сапаты анчалык күчтүү эмес өлкөлөрү улуттук акчаны колдонушкан кезинде товарларынын атаандаштык кубатын арттыруу үчүн өкмөтү жана Улуттук банкы качан зарыл деп чечкен кезде өз валютасын девальвациялап же нарксыздандыра койчу. Азыр алар мындай кадамы жасай алышпайт.

Баграт Асатрян – Армениянын Улуттук банкынын мурдагы төрагасы. Ал “Азаттык” менен маегинде төмөнкү жагдайларга токтолду:

- Мени Путин мырзанын окуялардын алдына өтүп, шаша баштаганы чочутуп жатат. Кооптонгонум - маселе саясатташтырылганы. Евразия экономикалык союзу али талаптагыдай курула электиги жашыруун эмес. Өзгөчө Орусиянын экономикасындагы былтыркы тенденциялар интеграциянын тереңдешине салым кошкон жок. Андыктан бул маселеде абдан сак болушубуз керек. Кокус бул Путин мырза тараптан саясий заказ болсо эч жакшылыкка алып келбейт. Менин чочуганым - саясий максаттардын экономикалык максаттардан өйдө чыгып кеткени. Евразия экономикалык союзу деле саясий долбоор да. Экономикалык маани азырынча азыраак. Муну биз Арменияда абдан эле сезип жатабыз.

Армения Улуттук банкынын мурдагы төрагасы Баграт Асатрян кошумчалагандай, Европанын бирдиктүү валюта боюнча чыккан айрым көйгөйлөрү бирдиктүү Борбордук банкты эле түзүү жетишсиз экенин, жалпы акчаны бирдиктүү фискалдык жана бюджеттик саясат коштош керектигин, улуттук менталитети, кулк-мүнөзү, акчага мамилеси ар башка элдердин бир каржылык системага биригишинин өзү көйгөй жаратарын көргөздү:

Баграт Асатрян

Баграт Асатрян

- Күн тартибинде азыр беш өлкө (Орусия, Казакстан, Беларус, Армения, Кыргызстан) турат да. Алардын экономикасынын абалы, тышкы экономикалык мамилелери, каржы чөйрөсү, акча-кредит саясаты боюнча абдан айырмаланат. Кээ бир өлкөлөр алдыга кетти, экинчилери артта калды. Бул маселелер чечилмейинче, албетте бирдиктүү валюта ал өлкөлөрдүн баары, анын ичинде Орусиянын өзү үчүн деле азап алып келет. Европа экономикалык маданият жагынан бири-биринен көп деле айырмаланбайт да, бизде болсо сапаттык айырмачылык бар. Ал айырмачылыкты совет доорунда жетимиш жылга созулган бирдиктүү экономикалык система деле жойо алган жок. Ал эми эгемендиктин 25 жылында ар бирибиз ар башка, өз багыттарыбыз боюнча кеттик. Калктардын менталитетинде, экономикалык маданиятта, элдин, мамлекеттик институттардын керектөөсүндө айырма бар.

"Техникалык да шарт жок"

Казак жана беларус президенттери Нурсултан Назарбаев менен Александр Лукашенко Евразия экономикалык союзунда суверенитетти чектөөчү идеяларга каршы болуп келишет. Алар ошондой эле мурдараак уюмга мүчө өлкөлөрдүн биринин да валютасы жалпы акчага жарабай турганын айтышкан. Путиндин акыркы сунушунан кийин Назарбаев да, Лукашенко да бирдиктүү валюта боюнча пикирин билдиришпеди.

Минскилик экономист Сергей Чалыйдын пикиринде, Беларуста бирдиктүү валюта демилгесинде эң тынчсыздандырган эки нерсе - андан экономикалык пайданын бар-жогу жана суверенитет маселеси:

- Мында улуттук өкмөттөр кайсы бир борборго же бөлөк мамлекетке кредиттер боюнча үстөк пайызды, алмашуу курстарын башкаруу рычагын берет. Мындай шартта ошол валюта союзун түзгөн өлкөлөрдүн экономикасындагы бизнес циклдердин ыргагы шайкеш келбей калса, ошол монетардык саясат валюта союзундагы өлкөлөрдүн баары үчүн эле оптималдуу боло бербейт. Бизнес циклдер болсо ар өлкөнүн экономикасынын структурасы ар башка болгонунан, алар тышкы экономикалык коньюктурадагы өзгөрүүлөргө ар башка реакция жасаганынан улам шайкеш келбей калат. Беларус бийликтери мына ушундай кырдаалдарды жөнгөрө турган механизм керек деп санашат. Ал, маселен, бюджеттик трансферттер формасында болушу мүмкүн. Башкача айтканда ошондой олку-солку кырдаалда экономикасы пайда көргөн өлкө экономикасы төмөндөп, бюджетинде проблема жаралган өлкөгө каржылык колдоо көргөзөт. Евразия экономикалык союзунда ошондой механизм иштей аларын элестетүү кыйын.

Казакстанда акыркы кездери экономика менен сооданын долларга көз карандылыгын азайтуу деген саясат жүрүп жатат. Бул маселени президент Нурсултан Назарбаев өзү да бир нече ирет көтөрдү. Казакстандын "де-долларизация" саясаты, ал мүчө Евразия экономикалык союзунун бирдиктүү валютасын киргизүү идеясына шайкеш келбейби? Биз бул суроону казак Улуттук банкынын мурдагы төрага орун басары Калым Байназаровго жолдодук:

Калым Байназаров

Калым Байназаров

- Бирдиктүү валютабы, улуттук валютабы же башкасыбы адамдардын маанайын тез эле өзгөртө албашы анык да. Де-долларизация программасы бир күндүн иши эмес. Бизде улуттук акча эки ирет девальвацияланбадыбы, адамдар күйүп, жыйган-тергенин сактоо үчүн долларга которгону жашыруун эмес. Мындан кача албайсың. Андыктан бул абдан сезимтал маселе. Биринчи кезекте Улуттук банктан, бийликтерден элдин улуттук валютага карата ишенимин калыбына келтирүү талап кылынат. Бул үчүн көп нерсе зарыл жана убакыт керек. Албетте мен өзүм адис катары Улуттук банктын де-долларизация программасын колдойм. Азыр доллар абдан күчтүү болуп турат, аны акыл менен жеңип, улуттук валюта болгон ишенимди акырындык менен калбына келтирүү зарыл. Ал эми Евразия экономикалык союзунун бирдиктүү валютасы жөнүндө сөз кылуу такыр эле эртелик кылат. Бийликтер кайсы бир жакка шаша бергени түшүнүктүү, бирок акыр-аягында бул элдин мамилесине жараша чечиле турган маселе да. Менимче, валютарды бириктирүү үчүн азыр техникалык да шарттар жок.

Кыргызстан 1993-жылы улуттук акчасы – сомду жашыруун даярдап, коңшуларынан оозунуп киргизгенде, улам нарксыздана берген рублден кутулуу, акча-кредит саясатын өз алдынча жүргүзүү, ага катар көз карандысыз мамлекеттин дагы бир атрибутун алуу башкы идеялар болгон эле.

Сомду киргизүү комиссиясынын башында турган, ошол кездеги премьер-министр Турсунбек Чыңгышев “Азаттык” менен маегинде Евразия экономикалык союзунун бирдиктүү валютасын колдонуу маселеси кайсы бир мезгил аралыгында бышып жетилип, чечим кабыл алуучу учур келгенде Кыргызстанга экономикалык пайданын же сувернитет менен бөлүшүүнүн бирин тандоого туура келерин эскертет.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG