Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:05

«Боинг-747» учагынын экипаж мүчөлөрүнүн сөөгү Түркияга жөнөтүлөт


“Манас” эл аралык аэропортуна жакын Дача айылына кулаган “Боинг-747” учагынын экипаж мүчөлөрү - Ибрагим Даранджи, Хазим Ондун жана Исхон Коштун сөөгү Түркиянын Кыргызстандагы элчилигине өткөрүлүп берилди. Учкучтардын жасаттары мекенине 19-январда жиберилет. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады. Ал эми учактагы төртүнчү адамдын сөөгү кийинчерек жөнөтүлөөрү кабарланды.

16-январда Бишкектеги “Манас” эл аралык аэропортуна жакын Дача айылына Гонконг-Стамбул багытындагы “Боинг-747” жүк ташуучу учагы кулаган. Ал Түркиянын АСТ Airlines компаниясына таандык экени айтылган. Кырсыктан 38 киши набыт болгон, алардын 34ү кыргызстандыктар, төрт учкуч Түркиянын жарандары.(ZKo)

XS
SM
MD
LG