Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:31

Улуттук авто капчыкты калыӊдатат


Кыргызстанда куралган кымбат унаа.
Кыргызстанда куралган кымбат унаа.

Геосаясаттагы бороон тынчый түшүп, доллардын курсу туруктуулугун сактоодо, улуттук маркадагы унаа чыгаруу Индия экономикасына олуттуу таасир этти, Ооганстандагы шайлоо экспортту солгундатты.

Индиянын авто чыгарган Tata Motors компаниясынын таза кирешеси акыркы үч айдын ичинде 882 миллион доллар болуп, мурдагы айларга салыштырмалуу 3 эсеге же 40 процентке жогорулады. Себеби, Tata Motors индус улуттук Jaguar Land Rover маркасындагы жеӊил унаасын чыгарып, сатыкка коёру менен анын соодасы 22 процентке арбыган. Дүйнөлүк саркеч брендди Индия компаниясы улуттук өзгөчөлүктөрүнө жараша кайрадан иштеп чыгуусу компаниянын эле эмес, мамлекеттин да капчыгын калыӊдаттууда дешет Рейтердин аналитиктери. Эми компания үнөмдүү класстагы унаа моделин иштеп чыгып, Tata брендин өлкө ичинде жайылтканы турат. Бизде да өткөн аптада алгачкы улуттук автоунаа Tulpar деген ат менен чыгып, коомчулуктун кызыгуусун жаратты. Кыргыздын биринчи жеӊил машинеси канча акчага бааланары азырынча белгисиз, каражат да улам сарпталып жатканын, болжол менен бир жолтандабастын баасына барабар экенин долбоор жетекчиси Медер Койлубаев айтты:

- Бул биздин биринчи эксперименталдык долбоорубуз. Ага акча каражатты дагы деле карап жатабыз. Кандайдыр бир киреше алып келе элек. Себеби, айрым жерлеринде кемчиликтери болуп калышы мүмкүн. Аны оӊдогонго да акча жумшалат дегендей. Эми барган сайын долбоор жыйынтыгына жеткени турабыз. Ошондо гана канча каражат жумшалганы так болот. Бул эми биздин алгачкы уюткубуз. Кийинки экинчи долбоордо так баасы чыгат.

Улуттук тунгуч машине "Тулпардын" тушоосу кесүү учуру.
"Тулпардын" тушоосу кесилди
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:33 0:00

Ал ортодо Лондондо Бириккен Араб Эмирликтеринин байгер жаш шейхтери дүйнөдөгү эӊ кымбат автоунааларын айдап чыгышып, жергиликтүү элдин ар кандай реакциясын жаратууда деп кабарлайт Bloomberg телеканалы. Лондондун Найтсбриж аймагынын көчөлөрүнө 1,7 миллион долларга бааланган Ferrari маркасындагы алтын жалатылган машинелер чыга баштады.

Доллардын курсу туруктуу бойдон

Ирандагы акча алмаштыруу
Ирандагы акча алмаштыруу

Эл аралык валютанын ичинен АКШнын доллары глобалдык саясаттагы олку-солкудан улам акыркы мезгилде курсу туруктуу болбой келген. Бирок ушул жуманын башындагы көрсөткүчтөрдө доллардын индекси 81.4 болуп туруктуу курсун сактоодо. Мындан ары бул тенденция бир кылка турбайт дешет эл аралык валюта соода эксперттери. Вашингтон Ирактагы саясий кризисти жөнгө салууга расмий кийлигишсе жана Орусияга карата Европанын санкциялары күчүнө кирсе, доллардын курсуна да таасир этмекчи. Азыр 1 АКШ доллары Жапониянын 101, 51 иенине жана 137 евро 100 долларга барабар болууда.

Ооган экспорту солгундады

Ооганстандын ички саясатындагы туруксуздук экспорттун көлөмүнө терс таасирин тийгизип, былтыркы жылга салыштырмалуу 20 процентке азайды. Бирок ооган расмийлери президенттик шайлоонун жыйынтыгы жарыялангандан кийин экспорт 30-40 процентке жогорулайт деген ишенимде. Ооганстанда шайлоо болгонуна 2 ай өтсө да шайлоонун жеӊүүчүсү тактала элек. Мындай жагдай айрыкча ишкер чөйрөнүн тынчсыздануусун жаратууда. 2013-жылы Ооганстанда өндүрүлгөн товарлардын чет элге соодасынын жалпы суммасы 3 миллиард доллар болгон. Апрель айынан бери экспорт көлөмү 99,5 миллион долларга түшкөнү кабарланууда.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG