Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:06

Машине базарды кымгуут кылган казактар


Улуттук статистикалык комитет Кыргызстанда жаңы машинелердин орточо баасы июнь айында майга салыштырмалуу 27.7% же 5 миң долларга чейин ($5001) арзандаганын маалымдады.

Расмий маалымат боюнча, июнда жаңы машиненин орточо баасы 13 миң 53 долларды түзгөн ($13,053), ал эми майда темир тулпардын орточо баасы 18 миң 54 болчу ($18,054). Ушул жылдын алгычкы алты айында Кыргызстанга 17 млн. 991 миң доллардай акчага бардыгы болуп 1138 жаңы машине алынып келинген. Алардын жарымы Жапония, АКШ жана Германиядан чыгарылган темир тулпарлар.

Ошол эле маалда, машине алып-саткан ишкерлер Улуттук статистика комитети тараткан маалымат толугу менен чындыкка жатпайт дешет. Алардын бири жаңы машинелердин баасы эң көбү 1000 долларга чейин арзандады деп ишендирди. Анын айтымында жаз-жай айларында негизинен машине баалары түшөт. Кайра эгин жыйналып бүткөндөн кийин, эмгек мигранттары күзүндө келгенде жана тойлор башталганда баалар кайра көтөрүлөт. Атын атагысы келбеген ишкердин айтымында, бул кадыресе көрүнүш жана баа кайра эле 500–1000 долларга көтөрүлөт.

Машинелер арзандай түшкөнүнүн дагы бир себеби – Бишкектен Алматыга салыштырмалуу арзан баада темир тулпар сатып алган казакстандык бай кардарлар көбөйдү. Казакстан Бажы биримдигине кошулгандан тарта автомобилдердин баасы 20–30% кымбаттаган. Ага кошумча, машинени жаңы ээсине каттатуу, Кыргызстандан каттоодон чыгаруу, бажы төлөмдөрүн төлөө жана чек арадан өткөрүү маселелери машине базарында көп түйшүктөрдү жаратууда.

Бишкекте көп жылдан бери машине алып-сатуу бизнеси менен алектенген ишкер соңку кездери казак кардарлар Кыргызстандагы машине базарын каптаганын айтат:

- Баягы күнү МАИге барып сурадым, бир жумасына Казакстанга үч миңге чейин машине кетип жатат дешти. Мен так санын билбейм, бирок алар жумасына үч миңге чейин Казакстанга (сатылып) чыкты дешти. Бул казак элинин (Кыргызстан) Бажы биримдигине кирет деген ой менен бул жерден машинелерди алып кетип жатканынын себеби деп ойлойм. Анткени алар бизден азыр арзан алып кетип, мүмкүн кайра сатышат, ортодон пайда тапканга аракет кылып жатышат.

Бул маалымат боюнча Кыргызстандын Бажы комитетине кайрылганыбызда расмий комментарий берүүдөн баш тартты.

Данияр аттуу Алматы областынын Талгар районундагы Нура айылынын тургуну өзүнүн эски Volkswagen Passat машинесин эки ай мурда сатып, Кыргызстандан 2003-жылкы Honda Odyssey машинесин сатып алды. Данияр алган темир тулпар Казакстанда 11–12 миң доллардын тегеринде, бирок ал өзүнүн машинесин Кыргызстандан эки эсе арзан сатып алган.

“Машиненин кыргыз ээсинен ишеним кат алабыз. Анан аны Кордай өткөрүү бекетинен Казакстанга алып келебиз. Ар үч ай сайын Кыргызстанга барып жаңы бажы декларациясын толтуруп келип, Кыргызстандын номери менен эле айдап жүрө беребиз” деди Данияр.

Машине бизнеси менен шугулданган бишкектик ишкердин баамында болсо, азыр Бажы биримдигине кирүү маселеси Кыргызстандын машине базарында кызуу талкууланып жаткан тема:

- Базарда Бажы биримдигине кирип кетсек, бизде машине баалары абдан жогорулашы мүмкүн деген сөздөр жүрүп жатат. Ошондон улам азыр машине базарда кымгуут болуп, бир нече машине алгандар да жок эмес. Акчасы барлар 10–15тен машине алып келип эле, короолоруна киргизип коюп жатышат. Бажы биримдигине өткөндөн кийин сатабыз дегендерди да кезиктирип жатабыз.

Казакстан бажы брокерлеринин кеңешинин төрагасы Геннадий Шестаков жумасына үч миңдей казакстандык Бишкекте машине сатып алып жатканына ишене бербей, бирок казак кардарлар коңшу өлкөдө унаа сатып алуу жолдорун таап жатышканын айта кетти:

- Бул санга жетет деп ойлобойм, мындан он эсе аз болсо керек. Машинени кайдан алып келишээри маанилүү эмес. Кыргызстандан алып келишсе да бажы төлөмдөрү, салыктар толугу менен төлөнөт. Кыргызстанда Казакстанга караганда керектөөчүлөрдүн чамасы чектелүү болгондуктан, кымбат машинелерди ал жакка ташышпайт. Кантип эле казакстандыктар кошуна өлкөгө машине алып келип, бардык бажы салыктарын төлөп, анан аны бул жерге алып келишсин? Менимче, мындай жолду эч ким пайдаланбаса керек. Кээ бирөөлөр Кыргызстанда жергиликтүү жарандардын, ишенимдүү адамдарынын атынан унаа алышат. Өлкө Бажы биримдигине киргенден кийин, ошол адамдар алдап кетпесе эле, өздөрүнүн атына которуп алышат. Анан Бажы биримдигинин алкагында эркин алып кетишет.

Кандай болсо да, Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү планы жергиликтүү машине базарында кымгууттук жаратып, бааларды бир аз өзгөртүп, а түгүл коңшулаш Казакстандын машине базарында да өзгөртүү жасап жаткан кез.
  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

XS
SM
MD
LG