Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:30

Эми американын коопсуздук жаатындагы баш оорусу террорчулук эмес эле дүйнөлүк экономикалык кризис болуп калды. АКШнын чалгындоо кызматынын жаңы жетекчиси Денис Блэйр (Denis Blair) ушундай пикирде.

Анын конгрессте билдиргени боюнча, азыркы тапта көптөгөн өлкөлөр кризистин олуттуулугунан улам саясий туруксуздукка туш болушуп, айрым мурдагы совет өлкөлөрү ага туруштук берүү үчүн каражатка муктаж.

Дүйнөлүк кризис боюнча бааны АКШнын Улуттук чалгындоо кызматынын жаңы жетекчиси Денис Блэйр жасаган. Бейшемби күнү (12-февраль) сенаттын чалгындоо боюнча комитетинде сүйлөп жатып ал, азыркы дүйнөлүк кризис ондогон жылдардын эле эмес, акыркы жүздөгөн жылдардын ичиндеги эң олуттуу кризис экендигин жана анын дүйнө жүзү боюнча көптөгөн өлкөлөрдү бүлгүнгө түшүргөнгө чаркы жетерин айтты.

- Эгерде экономикалык кризистер бир же эки жылдан бери уланып келатса, анда ал туруксуздук тобокелчилигин дагы да күчөтөт. Туруксуздук көптөгөн өнүгүп бараткан өлкөлөрдүн коомдук башталгычтагы чама-чаркын андан бетер алсыратып, кийин ал абдан коркунучтуу түрдө эл аралык коомчулукка да өтүп кетиши мүмкүн.

Азыртадан эле дүйнөлүк кризистин таасиринин күчтүүлүгүнөн улам, Исландиядан тартып Болгарияга чейинки өлкөлөрдө коомдук толкундоолорду пайда кылды.

Кытайдагы обюнчук фабрикалардын жарымына жакыны жабылып, миллиондогон адамдар жумушсуз калышты. Жапонияда миңдеген жумушчу орундары кыскарды. Латвияда өкмөттүн катаал чектөөлөрүнө каршы массалык толкундоолор орун алды. Өткөн айда Исландиянын өкмөтү бүлүнүп, кризистин айынан кулаган биринчи өкмөт болуп калды.

Блэйр ошондой эле, кризис Вашингтон менен достук мамиледеги өлкөлөрдө да башаламандык жаратып, АКШнын Ооганстандагы иш-чараларына тоскоол боло аларын айтат. Ал андан тышкары “кыйраткыч протекционизм толкунун” жаратышы мүмкүн. АКШнын кризисти чакырууга себепкер болгондугу тууралуу сындар да АКШнын экономикалык лидерлигин токтотушу ыктымал.
- Кризиске жооптуу өлкө катары эсептелингендиктен, ал АКШга көптөгөн баш ооруларды тартуулайт.

Блэйрдин айтымында, дүйнө мамлекеттеринин үчтөн экиси өз элине кризистин таасири жумшагыраак тийсин үчүн каржы булактарын сакташкан. Бирок советтер союзунун курамында болуп келген мамлекеттер баш болуп көптөгөн өлкөлөр мындай кылышкан эмес.

Ошондой эле анын билдиргени боюнча, Борбор Азия аймагында радикалдык ислам экстремизм жана экономиканын начар өнүккөндүгүнөн улам аймактык коопсуздукка коркунуч туулду. Мындай жагдай Ооганстанда иш-чараларды өткөрүп жаткан АКШ менен Түндүк Атлантика уюмунун каттамдарына коркунуч жаратат.

Блэйр өз сөзүндө бир канча өлкөнүн атын да атады. Маселен, Орусия чама-чаркына карабай АКШнын кызыкчылыктарына чакырыктары таштап, Кытай, Иран, Венесуела сыяктуу өлкөлөр менен байланышын бекемдөөгө ашыгууда.

Казакстанда болсо, кара майдын баасы узак убакытка төмөндөй турган болсо, коомдук нааразычылыктарды жаратып, реформалары текке кетиши мүмкүн. Каржылык кризис жана Орусия менен байма-бай кайым айтышуу Украинанын экономикасынын негизги кемчиликтерин жана артыкчылыктарын көрсөтүп койду. Белорус экономикасынын кыйла бөлүгүн Орусия көзөмөлдөөгө ашыгып жатканы, расмий Минскти батыш менен байланышын жакшыртууга түртүшү мүмкүн.

Блэйрдин айтымында, мигранттардын которгон акчасына көбүрөөк ишенип келген Кыргызстан менен Тажикстан да кризистен кыйла жапа чегет. Мындай жол менен келген каржы булагынан айрылган Тажикстанда абал курчуп кетиши ыктымал.

Ошондой эле анын айтымында, Ооганстанда Талибан мурдагыдан да кеңири аймактарды көзөмөлдөөгө жетишип, Хамид Карзайдын өкмөтү барган сайын натыйжасыз иштеп, кадыр-баркын жоготууда. Блэйрдин билдиришинче, ал жакта козголоң мурда тынч болуп келген аймактарга да жетип, согушкерлер бул жылы боло турган президенттик шайлоону үзгүлтүккө учуратууга аракет кылышат.
XS
SM
MD
LG