Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:25

Европадагы эң кубаттуу экономикасы бар өлкө катары Германия каржылык кризиске жооп кайтарууда биримдиктеги өлкөлөрдүн топ башында турат. Ошентсе да Берлин буга чейин мындай милдеттен качып келген.

Анткени каржылык кризистен Германия коңшуларына караганда азыраак жабыркаган. Азыркы тапта Германиянын соода өнөктөштөрү сатып алууларын токтоткондуктан өлкө экспорту абдан эле түшүп кетти. Албетте бул төмөндөгүдөй суроо туудурат: Германия өз кызыкчылыгын ойлоп болсо да өнөктөштөрүнө жардам береби?

2008-жылдын аягында Германия экономикасынын 2,1 пайызга кыскарышы, өлкөнүн дүйнөлүк экономикалык кризисти кандай тосуп жатканын көрсөткөн чен-өлчөмү болуп калды. Бул – удаа кыскарган өлкөнүн ички дүң продуктусунун үчтөн бир бөлүгүн түзүп, Германиянын Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки эң эле катаал төмөндөөлөрдүн чегине жеткенин көрсөттү.

Абдан катаал сыноо өлкөнүн экспорт тармагына тийди. Дүйнөдөгү эң эле чоң экспорттук өлкөлөрдүн бири болгон Германияда, жалпы пайданын 30 пайызы экспортко туура келет. Расмий маалыматтарга караганда, 2008-жылдын акыркы үч айында Германиянын экспорту 7,3 пайызга түшүп кеткен. Бул Германиянын экспортундагы 40 жылдан берки эң эле начар көрсөткүч. Ошондой эле германдыктар, алардын авто унаалары менен ар кыл техникаларына чет элдик заказдар алдыдагы айларда дале төмөн бойдон кала беришинен чочулап жатышат.

Берлин университетинин профессору Эдвин Кулиердин айтымында, Германиянын экспортунун кыйла бөлүгүн курулуштарга арналган техникалар түзөт. Ал эми дүйнө боюнча кыйынчылыктарга байланыштуу курулуштар токтоп турат:

- Бул көбүнчө товарларга жана өндүрүш каражаттарына болгон талапка байланыштуу. Мындай өндүрүш каражаттарынын жардам менен курулуштарды иштетип аткан ишканалар, өкмөттүк мекемелердин баары тыным алып, дүйнө экономикасы кайда баратканына сереп салып турган маалда чындап эле ал өндүрүш каражаттарын чыгаргандарга кыйын болот. Германия ошондой өлкө.

Ошентип экспорттун төмөндөөсү Германия экономикасын эң эле талылуу жерге сокту. Бул - кайра эле расмий Берлиндин алдына кризис башталгандан берки суроону кабыргасынан койду. Германия дале Европа биримдигиндеги соода өнөктөштөрүнүн экономикалык системаларын сактап калуу өтүнүчүн жоопсуз калтырабы же өз кызыкчылыктарын ойлоп аларга жардамга келеби? Анткени кандай болгон күндө да өнөктөштөрүнүн алсыздыгы Германиянын экспорт рыногун азайтары шексиз.

Бирок азырынча Германия башында турган Европа өлкөлөрү Эл аралык валюта корунун аймагына кирбеген өлкөлөргө жардам берүү чараларын көрүшө элек. Буга чейин каржылык кризис катуу тийген Украина, Венгрия, Беларус, Исландия, Латвия жана Пакистан сыяктуу өлкөлөргө каржылык көмөк көрсөткөн Эл аралык валюта корунун запастары да чегине жетип калды.

Ошентсе да экономист Женифер МакКевндин айтымында, эгерде Чыгыш Европада абал өтө начарлап кетсе Германияга демилгени өз колуна алып, жабыркагандарды сактап калуу иш-чаралын жасоого туура келет:

- Эгер Европада кризис дагы да тереңдей берсе, анда Германия кыйналып турганына карабай башкаларга жардам бериши керек болот. Германиянын ал өлкөлөр менен өтө тыгыз соода байланышын эске алганда, албетте бул дурус кадам болмок деп ойлойм.
XS
SM
MD
LG