Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:52

Исаев: Референдум боюнча пикирим коалиция боюнча сүйлөшүүлөргө тоскоол болмок


"Кыргызстан" партиясынын желеги.
"Кыргызстан" партиясынын желеги.

Референдум өткөрүүгө байланыштуу мыйзамды парламенттеги “Кыргызстан” фракциясынын мурунку лидери Канатбек Исаев колдогон эмес. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңеште “Азаттыкка” ал өзү билдирип, фракциядагылар “каршы” жана “макул” болуп, экиге бөлүнгөндүгүн ырастады:

-Каршы болгондор арасында мен да бармын. Менин көз карашым “Ата Мекен” жана “Өнүгүү-Прогресс” фракциялары менен шайкеш болчу. Бул жагдай “Кыргызстан” фракциясынын көпчүлүк коалицияга киргизилишине таасир тийгизиши мүмкүн эле.

Буга чейин “Кыргызстан” фракциясынын арасында коалицияга байланыштуу талаш жаралганы айтылган.

Бүгүн фракцияга лидер болуп Алмаз Батырбеков шайланды. Ал коалиция боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлөрүн маалымдады. Ал эми Канатбек Исаев жергиликтүү шайлоолорго байланыштуу иштер менен алектенерин, “Кыргызстан” партиясынын лидери бойдон кала берерин билдирди. (SE\BkA)

XS
SM
MD
LG