Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:25
Кыргызстан коомчулугун февраль айынын соңундагы жана март айынын баш чендериндеги улуттук валюта сомдун кунунун кетүүсү олуттуу бушайманга салды. Депутаттар өкмөт жана Улуттук банк сомдун курсун кармоо үчүн биргелешип чара көрбөй жатат деп сынга алып чыкты.

Улуттук банк 90 млн. доллардын тегерегинде интервенция жасап жатып, сомдун курсу турукташтырууга жетишти. Бирок улуттук валюта 10%дан ашуунга күчүн жоготту.

Улуттук банк менен өкмөттүн быйылкы жылдын экономикалык саясаты боюнча билдирүүсү мына ушул окуяларга түздөн-түз багытталган эмес, бирок айрым суроолорго жооп берет. Маселен, Улуттук банк сомдун эркин курсу боюнча саясатын өзгөртпөй турганы айтылган. Ал эми сомго басым күчөгөндө мурдагыдай эле интервенция жасоо жана базалык үстөк пайыздарды көтөрүү менен кырдаалга таасир этүүгө аракет жасары белгиленген.

Биргелешкен билдирүүдө бааларды туруктоо кармоо негизги милдеттердин бири катары аталган. Экономика министрлигинин макроэкономикалык башкармалыгынын башчысы Насирдин Шамшиев аны мындайча негиздеди:

-Инфляцияны ооздукташ керек. Антпесе баа өсүп кетет. Баа өскөндөн кийин экономикада туруктуулук болбой калат. Социалдык чыңалуу пайда болот. Ошон үчүн экономикада муну сөзсүз түрдө караш керек.

Билдирүүдө быйыл инфляция 7% болот деп белгиленген. Эгерде анын өсүү коркунучу пайда болсо, анда Улуттук банк тийиштүү чараларды көрүүгө киришет. Алардын арасында базардагы накталай акчалардын көлөмүн азайтуу жана башка чаралар бар.

Ички дүң продукциянын көлөмү 5% тегерегинде өсөт деп болжолдонгон. Өсүштү камсыздоодо алтын кендерине, Кара-Балта, Токмоктогу мунай иштетүүчү заводдоруна үмүт артылууда. Инфраструктуралык долбоорлор ичинен альтернативдүү түндүк-түштүк жолу, Бишкек-Нарын-Торугарт,Тараз-Талас-Суусамыр,Бишкек-Ош, Ош-Исфана жолдорун куруу, Датка-Кемин электр зымын тартуу, Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи агрегатын ишке киргизүү пландары турат.
Салык саясатында өкмөт популярдуу эмес кадамдарды болжогон. Бул патенттерге бааны көтөрүү, акциз жана жер салыгын көбөйтүү, ошондой эле ашыкча байлыкка салык киргизүү максаттары коюлган. Салык саясатындагы бул пландар Бажы Биримдигиндеги шарттарга шайкеш келтирүү катары да аталган. Ал эми Бажы биримдиги менен жакындашуу өкмөттүн күн тартибиндеги маселе катары каралган.

Экономика илимдеринин доктору Жумакадыр Акенеев Улуттук банк менен өкмөттүн билдирүүсүн оң баалап, бирок ал кечигип жарыяланды деп белгиледи. Ошол эле учурда өкмөттүн салыктарды көтөрүү саясатын туура эмес деп атады:

-Патенттердин баасын, салыктарды көтөрүү туура эмес жол. Анткени муну менен бюджет толбойт. Алар тескерисинче көмүскө экономикага өтүп кетет. Ошон үчүн патенттин баасын, салыктарды көтөрүү туура эмес. Керек болсо түшүрүш керек. Бул салык базасын кеңейтиш үчүн жакшы жол.

Акенеевдин пикиринде, салыктарды көтөрүү зарылдыгы Транзиттик борбордун чыгышы менен киреше булагынын азайышына байланыштуу келип чыкты.

Өкмөт жана Улуттук банк быйылкы жылдын макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнө таасир эте турган жаңы жагдайлар пайда болсо, ошого жараша ал өзгөртүлөрүн белгилешкен.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG