Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:44

Бишкек жылуулук электр борборунун энергоблокторун түптөө башталды. Борборду модернизациялоонун бүтүшү менен анын кубаттуулугу 2,5 эсеге көбөйөрү айтылды.

Ал канчалык реалдуу? Мына ушул жана башка суроолорго энергетика жана өнөр жай министринин мурунку биринчи орун басары Райымбек Мамыров жооп берет.

"Азаттык": Райымбек мырза, премьер-министрдин милдетин аткаруучу Темир Сариевдин сөзүнө караганда, модернизациялоо аяктаганда Бишкек ЖЭБинин азыркы 360 мегаваттык кубаттуулугу 812 мегаваттка жетет. Бул канчалык реалдуу?

Р.Мамыров: Негизинен Бишкек жылуулук электр борборун реконструкциялоо иштери өз графиги менен жүрүп атат. Бирок кече анын жетекчиси реконструкциялоо бүткөндөн кийин борбордун кубаттуулугу 300 мегаватка көбөйөт деп айтты го. Бүгүнкү күндө Бишкек жылуулук электр борбордун кубаттуулугу 600 мегаваттын ордуна, болгону 350 мегаваттка чейин өндүрө алат, азыр 310 мегаваттка гана иштеп жатат. Демек, 300 мегаваттка 300 мегаватты кошсок 600 мегаваттын тегерегинде өндүрө алат. Бул эки жарым эсе эмес, эки эсе көбөйөт дегенди билдирет. Ар бир 150 мегаватт болгон жаңы эки агрегат коюлат деп жатышат. Ошолорду кошкондо максимум 610-650 мегаватт берет. Азыркы учурда жабдуулардын, тетиктердин жаңыланышы жөнүндө көбүрөөк айтсак болот. ​

"Азаттык": Мынчалык кубаттуулуктагы Жылуулук электр борбору республикадагы энергетикалык тартыштыкты канчалык чече алат?

Р.Мамыров: Негизинен Бишкек жылуулук борбору чече албайт. Анткени, 300 мегаватт эле берет. Ал эми тартыштык көп болуп атат. Токтогул каскадындагы суу сактагычтарда суунун көлөмүн калыбына келтирип, жаңы кубаттуулуктарды ишке киргизмейин энергетикалык тартыштык маселеси чечилбейт.

"Азаттык": Электр станциялар акционердик коому быйылкы жылдын тогуз айын 5 млрд. сомго жакын чыгаша менен аяктаптыр. Мунун себеби эмнеде? Казакстандан кымбат баада электр энергиясын сатып алуудабы?

Р.Мамыров: Маселенин ичинде ал дагы бар. Себеби былтыр иштеп жаткан өкмөттүн жетекчилиги убагында туура чечим кабыл алынган эмес. Башкача айтканда, май айында эле электр энергиясын сатып алуу боюнча коңшу мамлекеттер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, электр энергиясы арзан кезинде албастан, кымбаттап кеткенде гана барып алышты. 10 центтен, ошол кездеги курс боюнча эсептесек, 5 сом 91 тыйындан алынды. Мындай баада Орусияда да импорт жөнүндө сөз жок. Бирок айтылган 1 млрд. килловаттын ордуна 400-500 млн. килловат саат алынды. Бирок ал деле ошол баа менен эсептегенде 2 млрд. сом болуп калды. Ошол тартыштыктын ичинде мына ушул сумма дагы бар деп эсептейм.

"Азаттык": Быйылкы жылы деле ошол көрүнүш кайталанып жатпайбы? Азыркы кезде Токтогулда 13 млрд. кубметрге жетпеген суу бар...

Р.Мамыров: Гидрометеорология кызматынын божомолу боюнча, кыш жеңил болот деп, сууну аз коротуп кыштан чыгабыз деген ойлору бар. Бирок, менимче, эртерек сүйлөшүп же күн ысыгыраак мезгилде Казакстандан сатып алыш керек эле. Бирок мурунку баада, 10 центтен эмес, андан арзаныраак алса болмок. Жылуулук борборлору иштеп чыккан электр энергиясынын өздүк баасы 3-4 цент. Ошондуктан Казакстандан 4 центтен сүйлөшүп, жай кезинде алганда жакшы болмок. Азыркы көлөмдөгү суу менен чыкса болот, бирок кийинки жылдарды ойлош керек. Жаздын келишине карай 6,5 миллиардга түшүп калсак кийинки жылдарга абал оорлойт.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG