Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:26

Кыргызстанда акыркы кезде сомдун курсу туруктуу кармалып турат. Ал эми негизги соода өнөктөр болгон Орусия жана Казакстанда рубль менен теңге көбүрөөк күчүн жоготуп, Кыргызстандын экспортчулары үчүн ыңгайсыз жагдай түзүлүүдө.

Өкмөт өз кезегинде сомдун андан ары девальвацияланышы карыздын өсүүсүнө, кымбатчылыкка, инфляцияга алып келерин айтууда. Мына ушул жагдайда Кыргызстан үчүн кандай валюта саясаты керек?

“Арай көз чарай” талкуубузга өкмөттүк аппараттын финансы жана насыя саясаты боюнча бөлүмүнүн башчысы Азиз Аалиев, Улуттук банктын финансылык статистика жана көзөмөлдөө башкармалыгынын төлөм балансы жана тышкы карыз бөлүмүнүн башчысы Кубанычбек Кудабаев, көз карандысыз экономист, финансист Марат Мүсүралиев катышты.

"Азаттык": Мамлекеттик чыгымдары абдан көп, мунайдын баасына байланган Казакстан жана Орусия валюталары катуу девальвацияга учурап, Кыргызстан экспортчулары үчүн ыңгайсыз абал түзүлгөнү айтылууда. Маселен, Кыргызстандын соода палатасынын төрагасы Марат Шаршекеев 1 рубль 1 сом 40 тыйын болуп турганы Кыргызстан үчүн ыңгайлуу болмок деген пикирин билдирди.

Сокулуктагы “Ак куу” тоок фермасынын жетекчиси Нургүл Малабаева болсо, теңгенин девальвациясы алардын товарларынын өтпөй калуусуна алып келди дейт:

- Казакстанда теңгенин курсу түшүп кетти. Бирок баалар кармалып турат. Өкмөт бааларды көзөмөлдөп жатат. Ошондуктан товарларын Кыргызстанга алып келип, сомго сатып, доллар алып кетишүүдө. Ошонун айынан биздин продукция өтпөй калып жатат. Бишкекте товарларыбыз өтпөй калды, эмне болуп жатат деп кечээ күнү Ош тарапты кыдырып келдим. Бардык жерде эле Орусия менен Казакстандын жумурткалары экен.

“Азаттык”: Бул Нургүл Малабаева​нын пикири болду. Азиз мырза, азыркы кездеги бекем валюта саясаты менен жергиликтүү өндүрүшчүлөрдү кыйнап, жоготуп албайбызбы?..

Аалиев: Биринчиден, валюталык саясатты Улуттук банк алып барат. Албетте, өкмөт катышат. Анткени бул чоң макроэкономикалык процесс. Азыр айтылып жаткан проблемалар бар. Биринчиден, экспорт менен иштеген биздин ишканаларга кыйынчылыктар жаралууда. Бул маселелерди карап, талдап жатабыз. Өкмөт тарабынан бир чечимдер кабыл алынышы керек. Бирок ошол эле кезде сомдун баасы бул абдан чоң маселе. Былтыр сом 28% девальвация болду. Девальвация үчүн чоң факторлор болсо, эч кандай мамлекет акчасын жумшаса да, өзгөчө өнүгүп келаткан өлкөлөр кармай албайт. Биз эмес Казакстан, Орусияда девальвациянын деңгээли өтө жогору.

“Азаттык”: Марат мырза, валютаны өтө арзандатуу импорту көп Кыргызстан үчүн кандай терс натыйжасы бар экенин билдик. Бирок негизги соода өнөктөрдүн валюталарына караганда сомдун бекемдиги да терс таасирин тийгизип жатканын өндүрүшчүлөр айтып жатат. Бизге кандай валюта саясаты ылайыктуу?

Мүсүралиев: Албетте, девальвациянын эки жагы бар: жакшы да, жаман да жагы бар. Жаман жагын сиз өзүңүз айтып өттүңүз. Ал өндүрүүчүлөр үчүн оорчулук жаратат. Бирок, жакшы жагы да бар. Мына акыркы январь айында рубль 84 чейин төмөндөп кетти. Азыр кайрадан бекемделе баштады. Ошон үчүн кыска мөөнөттө чайкоочулукка жол бербеш үчүн Улуттук банктын каражаты жетет. А узак мөөнөттө биз рубль менен теңгегинин курсуна жараша курс саясатын жүргүзүүгө аргасызбыз.

"Азаттык": Улуттук банктын пикири кандай? Кубанычбек мырза, азыркы сакталып турган доллардын курсу биз үчүн ыңгайлуубу?

Кудабаев: Улуттук банк курсту кармабайт. Улуттук банк интервенция аркылуу курстардын өтө жогорулап же түшүп кеткенин гана жаап турат. Азыркы курс бул акча базарындагы, азыркы шарттагы чыныгы курс. Улуттук банк башынан эле курсту кармабайт. Биздин башынан бери келе жаткан саясатыбыз - акча курсунда болуп жаткан чоң секириктерди же төмөндөп кетүүлөрдү интервенция аркылуу түздөө. Бизге белгилүү эле кээ бир мамлекеттерде кадимкидей эле курстарды кармап турушкан. Алар мурда кармап тургандыгына байланыштуу азыр акчаларынын куну абдан өзгөрүп жатат. Биздин сомдун курсу анчалык болгон жок. Мисалы, бир жума мурда 1 доллар 76 сомдун тегерегинде болчу. Азыр болсо, 1 доллар 75 сом болуп жатат. Бул биздин акча базарында болуп жаткан суроо-талаптын негизинде түзүлгөн анык курс.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG