Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:00

2015-жыл улуттук акча үчүн абдан эле беймаза жыл болду. Сомдун долларга катышы 57 сомдон 72 сомго түштү, башкача айтканда, 25% арзандады.

Сом дагы арзандайбы? Же жогору жылабы? Бул суроолорго жоопту жалаң эле Улуттук банк адистери эмес, карапайым адамдар да башын оорутуп отуру, себеп дегенде, доллар өлкөнүн өз алдынча экинчи акчасы болуп алган.

Алдыда эмне болорун эч ким билбес, бирок да биз Майкл Розенбергдин "Акча болжолу тууралуу" китебинде иштеп чыккан аналитикалык негиздерге таянып, айрым бир божомол-жоромолдорду айтсак болот го. Бул китеп Батыштагы акча алып жүрүүчүлөр арасында абдан белгилүү. Розенберг өлкөнүн акчасына өзгөчө таасир көрсөткөн 5 факторду бөлүп алган, алар: акчанын бапырап батпай калышы, экономикалык өнүгүү, ыктымал инфляция коркунучу, пайыздык үстөктөрдүн өсүшү, өлкөнү каптаган облигацияларга сунуштардын өсүшү. Эми ушуларды АКШ менен Кыргызстандын жагдайында жакшылап карап, сомдун куну эмнеликтен качып жатышынын себебине назар салалы.

Акча-кредит массасы же бапыраган акча Кыргызстанда 2014-жылы 7,3% жогорулады, кийинки төрт жылда орточо эсеп менен жылына 17% көбөйүп отурду, эми АКШныкын караңыз - 5,2% жана 5,3% (бул Дүйнөлүк банк маалыматтары). Көрүнүп тургандай, сомдун абалы кандай экени айтпасак деле дайын, бапыраган акча улуттук валютанын кунун кетириштен башкага жарабайт.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча 2014-жылы экономикалык өнүгүү (ИДП өсүшү) 3,6% чыкты, кийинки 4 жылдагы орточо өнүгүү 5,1%, 2015-жылга болжолдонгон өсүш 1,7% деп белгиленген. Ал эми АКШга тийиштүү көрсөткүчтөр 2,4%, 2,1% жана 2,7% (Дүйнөлүк банк маалыматтары). Бул маалыматтардан улам жагдайдын кандайлыгын так билиш кыйын, себеп дегенде, Кыргызстан экономикасынын жылдык орточо өнүгүшү АКШга салыштырмалуу кыйла өйдө, а бирок Кыргызстанда ИДП өсүшү АКШдан кыйла артта. Адатта экономикасы ыкчам өнүгүп бараткан өлкөнүн акчасы туруктуу болушу керек эле.

АКШда болушу ыктымал инфляция деңгээли алдыдагы 5 жылга карата түзүлөт, ал жылына 1,85% деп белгиленген (Сент-Луистеги ФРС боюнча). Өкүнүчкө, Кыргызстан тууралуу алдагыдай так маалыматтар жок, ошол себептүү сом менен доллар катышынын бул көрсөткүчүн чечмелеш кыйын. Адатта, инфляциясы күчтүү акчанын куну качары белгилүү, анткени инфляциянын күчөп кетишинен чочулаган калк бул акчаны тезирээк жок кылууга ашыгат, натыйжасы акча курсунун арзандашына алып келет.

Реалдуу үстөк пайыз сунушу - бул өзү мамлекеттик карыз милдеттенмелери андан инфляцияны алып коюу (ИПЦ). Кыргызстан облигациясынын 5 жылдык үстөк пайызы: 17,81% - 7,6% = 10,21% (Кыргызстандын Улуттук банкы менен Улуттук статистиканын маалыматтары). АКШда бул көрсөткүчтөр мындай: 1,66% - 0 = 1,66% (Сент-Луистин ФРС маалыматтары). Ошентип, пайыз үстөмдүктөрүнүн катышы деле сомдун пайдасына чечилип атыры - 8,55% сомдун чыгышына. Башка факторлордун баарын сыртка таштап койсок, мындай шартта сомдун долларга карата курсу такай өнүгүү үстүндө болушу керек эле, себеп дегенде, үйүлгөн үстөк пайыздарга жетиш үчүн теориялык жактан инвестчилердин баары бапыратып Кыргызстан облигацияларын гана сатып алышы керек эле.

Эмнеликтен мунун баары иш жүзүндө болбой жатканын ырастаган (жанагы 4 фактордон тышкары) бир топ түшүндүрмөлөрдү келтирсек болор эле. Биринчиден, Кыргызстанда облигация базары жакшы өрчүгөн эмес, ошондон ири инвестчилер Кыргызстан облигациясына ири суммадагы каражаттарды сала алышпайт. Экинчиден, дефолт коркунучу АКШга караганда Кыргызстанда кыйла күчтүү. Үчүнчүдөн, кыязы, инвестчилер Улуттук статистика комитетинин инфляция деңгээли тууралуу көңүлток билдирүүлөрүнө ишенбейт деле болуш керек (Бишкектин көчөсүндө бараткандарга бизде жыл сайын баалар болгону 7,6% гана көтөрүлөт десең ишенбей шылдыңдап, узакка күлүшөрү бышык).

Кыргызстандын Улуттук банкы былтыркы жылы карыздарды болжол менен 2,4 миллиард сомго көбөйттү, бул карыз 35% арбыганын туюнтчу көрсөткүч (Кыргызстандын Улуттук банкынын маалыматы). Бул мезгилде АКШнын Борбордук банкы карыздарды 380 миллиард долларга арбытты, бул мурдагысынан 3% көбөйгөнүн билдирчү белги (Баалуу кагаздар индустриясы жана каржы базары ассоциациясынын маалыматтары). Бул көрсөткүч да сом пайдасына чуркабай турган сан, анткени облигацияларды көбөйтүү сунушу пайыздык сунуштардын көбөйүшүнө алып келет, анын артынан дефолт коркунучу башбактап турары белгилүү, бул болсо улуттук акчанын кунун кетиргенден башкага жарабайт.

Сомдун болочогун арсар кылчу арабөк жагдай мына ушул жерден чыгат. Акча-кредитти бапыратып чыгара берүү кийинки 4 жылдагыдай ушул ыраатта жүрүп олтурса, Улуттук банк жыл сайын мамлекеттик облигацияларды үчтөн бирине арбыта берсе, экономиканын өнүгүшү (болжолдогудан) АКШдан итапкан артта калары турулуу иш. Ошол эле мезгилде АКШ ФРС пайыздык үстөктөрүн дагы көбөйтөт (2015-жылдын декабрына болжол). Мындай шартта алдыдагы 1 - 2 жылда сомдун долларга карата катышы 100 сомдон ашарын жөн эле болжолдой берсек болот.

Сандар - өзгөрмөлүү нерсе, бирок алардын баарын бир контекст алдында караш лаазым. Каржы базары жакшы өнүгө элек Кыргызстан өз акчасын катуу көзөмөлдөөгө жетише элек кичинекей өлкө. Жакынкы чет өлкөлөрдөгү саясий жана экономикалык окуялар, алыскы чет өлкөлөрдөн келген жаңырыктар, албетте, Розенберг факторлоруна таасир көрсөтүп келген, дагы да таасир көрсөтө бермекчи. Мүмкүн биздин болжолдорубуз көңүл чөктүрөр. Аны биз баяндамабыздын кийинки бөлүгүндө айтабыз.

Таалай Осмонбеков, АКШнын Түндүк Аризона университетинин маркетинг профессору

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG