Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:58

Борбор Азия жана Монголияда жыйырма жылдан бери иштеп жаткан германиялык "Коммерс" банкы чөлкөмдөгү бизнес мүмкүнчүлүктөр, региондун экономикалык потенциалы жана көйгөйлөрү тууралуу эксперттердин ой-пикирлерин жарыялады.

Изилдөөдө алты өлкөнүн акыркы 15 жылдагы экономикалык абалы, негизги киреше тармактары, банк системасы, Германия менен соода мамилеси жана келечектеги инвестициялык мүмкүнчүлүктөр жөнүндө айтылат.

Борбор Азия менен Монголиянын географиялык жакындыгы, табигый ресурстардын көптүгү, деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу жана коммунисттик тарыхы жагынан окшоштугу бул алты өлкөнү чогуу караганга негиз болгон.

Эксперттердин айтымында, Борбор Азия чөлкөмү жана Монголия негизги эки көрсөткүч менен тышкы инвесторлорду кызыктырып келет: аймакта жаратылыш байлыктары көп жана келечекте Кытай менен Европаны туташтырган транспорттук түйүн болуу дарамети бар.

2007-жылкы Евробиримдиктин Борбор Азия боюнча стратегиясында региондо мыйзамдуулук жана жарандык коомдун күчтөнүүсүнө көмөк көрсөтүп, ачыла элек экономикалык потенциалын колдонуп, регион менен мамилени өнүктүрүү жөнүндө айтылат.

"Коммерс" банкынын изилдөөсүнө ылайык, 2000-жылдан бери региондогу дээрлик бардык өлкөлөрдө дүйнөлүк экономиканын өнүгүү темпинен жогору көрсөткүчтөр байкалат. Орточо алганда 13% өсүү менен алдыда Түркмөнстан баратса, 4,3% өнүгүү менен Кыргызстан эң артта. Калган Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Монголияда 7-8% тегерегинде алдыга жылуу болгон. Бул өсүүлөр 1,5 млрд. калкы менен аймакка коңшулаш жайгашкан Кытайдын акыркы жылдары бат өнүгүп, энергоресурстарга суроо-талап жогору болгондугу менен жана дүйнөдө табигый ресурстар тартыш болуп баалардын кымбатташы менен түшүндүрүлөт.

Табигый ресурстарга бай өлкөлөр

Евробиримдик жана Германия үчүн Казакстан региондо эң негизги соода өнөктөш. 2014-жылдагы Германиянын жалпы Борбор Азия менен болгон соода алакасынын 90% Казакстанга туура келген.

Ички дүң продукциянын бир жылдык көлөмүн киши башына бөлүштүрө келгенде 13,500 доллардык көрсөткүчү менен Казакстан Борбор Азияда эң бакубат өлкө. Өлкөдөгү экспорттун 75% чийки кара май түзөт жана анын өндүрүлгөн көлөмү күнүнө 1,8 миллион баррелге чейин жетет. Мындан сырткары Казакстан көмүр өндүрүү боюнча дүйнөдө он өлкөнүн ичине кирсе, уран өндүрүү жагынан Жер шары боюнча үчүнчү орунда. Буга кошумча өлкөдө көптөгөн баалуу металлдардын кору бар.

Кара майга болгон баа жогору болуп турганда казак бийлиги өлкөнүн кирешесин көбөйтүп, 77 млрд. доллардай (ИДПнын 35%) кошумча капитал топтогонго жетишкен. Муну эске алганда өлкөнүн ИДПсынын 13% тышкы карызын жокко эсе деп айтсак болот.

Өлкөнүн негизги соода өнөктөрү - булар Кытай, Орусия жана Германия. Казакстан Германияга негизинен кара май экспорттосо, ал жактан немис техникасын алып келет.

Казакстандагы Кашаган кени. Анда 13 млрд. баррель мунай бар экени аныкталган.

Казакстандагы Кашаган кени. Анда 13 млрд. баррель мунай бар экени аныкталган.

Деген менен акыркы убакта кара майга болгон баанын төмөндөшү өлкөнү башка инновациялык жолдорду издөөгө түртүп жатат. 2017-жылы уюштурулуучу "Экспо-2017: Келечектеги энергия" кызматташтыктын жаңы жолдорун ачышы мүмкүн. 2019-жылдан баштап банк системасынын реформаланышы күтүлүүдө. Ага ылайык, өлкөдө банктардын саны кыскарат жана калгандарынын баштапкы капиталы 550 млн. долларга жогорулайт. Мындай шартта банктар кризиске туруштук бере алат.

Евробиримдик жана Германия үчүн региондогу экинчи чоң соода өнөктөшү - бул Өзбекстан болсо андан кийинки орунда Түркмөнстан. Бул эки өлкө тең табигый ресурстарга бай жана газ, кара май жана башка ресурстардын запастары боюнча эң алдыңкы өлкөлөргө кирет.

Өзбек жери алтын эң көп өндүрүлгөн аймакка кирсе, түркмөндөр жер астындагы бардык газдын 10% ээлеп отурат.

Кара май менен газдын негизги кардары Кытай. Түркмөнстан Кытайга эки газ түтүгүн тартып бүтүрүү алдында турат. Алардын бири кошуна Өзбекстан жана Казакстан аркылуу өтсө, экинчиси Тажикстан жана Кыргызстан аймагы аркылуу курулмакчы. Мындан сырткары өлкө Ооганстан жана Пакистан аркылуу Индияга газ жеткирүү долбоорун караштырууда.

Ал эми Өзбекстан да Казакстан аймагы аркылуу Кытайга газ түтүгүн курган. Мындан сырткары өлкө пахта өндүрүү жана автомобил өнөр жайы жагынан аймакта коңшулардан алдыда. Корейлердин "Дэосу" менен немистердин "МАНы" Өзбекстанда машинелерин чогултуучу ишканаларын ачып, жылына 250 миңдей корей жана 6000дей немис унаасы чыгып жаткан кез.

Буга кошумча өлкөгө жылына 6 млрд. доллардай (ИДПнын 13%) акча четте иштеген мигранттардан келет.

Эки өлкөнүн тең банк системасында мамлекеттин ролу чоң жана инвесторлор башка валютаны жергиликтүү жана башка акчага алмаштыруу жагынан мүчүлүштүктөргө көп кездешет.

Кыргызстан менен Тажикстан энерго ресурстарга жарды

Аймактагы табигый энерго ресурстарга жарды Кыргызстан жана Тажикстан менен Германиянын соода кызматташтыгы солгун. Бул эки өлкөдөгү базардын кичинелиги, кара май жана газ сыяктуу энерго ресурстардын жоктугу, ошондой эле чабал финансылык жана укуктук жагдайлар менен түшүндүрүлөт.

Эки өлкө тең сыртта иштеген мигранттар салган акчага көз каранды. Тажикстанда ал акча жылына ИДПнын 50% (4 млрд. доллар) түзсө, кыргыз мигранттары бир жыл ичинде 2 млрд. доллардай каражат которуп турат.

Тажикстандагы Сангтудин-2 ГЭСинин курулушу

Тажикстандагы Сангтудин-2 ГЭСинин курулушу

Кыргызстан саясий жана экономикалык эркиндик жагынан алдыда болгону менен, акыркы жылдардагы өлкөдөгү саясий толкундоолор экономикалык өсүүгө түрткү боло алган жок. Кошуна Кытайдын Улуу Жибек жолун жандандыруу долбоору жана кыргыз жери аркылуу Кытайга өткөн газ түтүгү кыргыз экономикасынын абалын жакшыртууга шарт түзүшү мүмкүн.

Эки өлкөдө тең 20 чакты орточо банктар иштейт. Алар көбүнчө мигранттардын акча которуу операциялары менен алектенет.

Монголия - калкы аз, байлыгы көп

Монголияда алтын, жез жана көмүр сыяктуу кендерди туура пайдаланып, эки чоң кошунасы Кытай жана Орусия менен пайдалуу экономикалык мамиле түзө билгендиктен, акыркы жылдары өлкөнүн ИДПсы 100% өскөн жана акыркы үч жылдагы экономикалык өсүү орточо 14% түзгөн. Жез кендерин казуу үчүн эле монгол өкмөтү сырттан 6 млрд. доллардай инвестиция алып келгенге жетишкен. Жогорудагы кендерден сырткары бул өлкөдө кара май (экспорттун 12%) жана кашемир жүнү өндүрүлөт. Өлкөнүн 90% экспорту кошунасы Кытайга кетсе, импорттун үчтөн экиси Кытай менен Орусиядан келет.

Бирок өлкөдө деңизге чыканга темир жолдун жоктугу, акыркы жылдагы чет элдик кен өндүрүү компаниясы "Рио Тинто" менен өкмөттүн ортосундагы келишимди кайра кароо боюнча талашы жана сырттан келген компаниялардын ишмердүүлүгүнө анча ыңгайлуу эмес мыйзамдардын кабыл алынып калышы чет элдик инвесторлордун кызыгуусун солгундатууда. Муну өлкөдөгү акыркы 18 айдагы экономикалык өсүштүн басаңдашы далилдеп турат.

Монголия

Монголия

Деген менен "Коммерс" банктын эксперттеринин айтымында, Монголияда али иштетиле элек кен байлыктардын көптүгү, Кытай аркылуу деңиз портторуна темир жолдун салынып жатышы жана акыркы кездердеги өкмөттүн инвесторлорду тартуу аракеттери өлкөнүн келечекте ыкчам өнүгүүсүнө шарт түзүшү мүмкүн.

Өлкөдө 14 банк бар болгону менен сектордогу жалпы капиталдын 70% төрт ири банк башкарат. Монголиянын Улуттук банкы акыркы жылдары жигердүү иш алып барып депозиттик коопсуздук фондун түзгөнгө жетишкен.

Чийки заттардын доору өтүп баратат

2000-жылдардын башынан бери дүйнөдө кара май, газ жана баалуу металлдарга болгон суроо-талаптын жогору болушу жана тез ылдамдык менен өсүп келаткан Кытай мамлекетинин Борбор Азия жана Монголия өлкөлөрүнүн негизги кардары болуусу бул табигый ресурстарга бай региондун өсүшүнө эбегейсиз шарт түздү.

Бирок акыркы жылдарда энергия өндүрүүдөгү инновациялык жолдордун пайда болушу чийки заттарга болгон дүйнөлүк баанын төмөндөшүнө алып келди. Андан сырткары Кытай экономикасынын басаңдап калышы (эселеп өсүп жаткан кытай экономикасы акыркы жылда 6,5% гана жогорулады) чийки заттардын "алтын доорунун" өтүп баратканынан кабар берет.

Бул жагдайлар, албетте жаратылыш ресурстарын экспортоо менен байып көнүп алган Борбор Азия жана Монголия мамлекеттерине терс таасирин тийгизбей койбойт.

Андыктан эксперттердин айтуусу боюнча, бул өлкөлөр чийки заттарды жана кендерди өндүрүүдө инновациялык жолдорду таап, экономикалык булактарды кеңейтиши зарыл.

Деген менен бул аймактагы көптөгөн баалуу кен байлыктардын жана казыла элек жаратылыш ресурстардын эбегейсиз көп запастарын эске алганда, региондун өнүгүү потенциалы али алдыда экенине ишенсек болот.

"Коммерс" банктын изилдөөсү боюнча Борбор Азия жана Монголия чөлкөмү чийки заттары мнен гана эмес, туризм мүмкүнчүлүктөрү менен да европалыктарды кызыктырат. Анткени Улуу жибек жолу доорунда дүркүрөп өнүгүп жаткан шаарлар ушул аймакта жайгашкан. Бирок бул өлкөлөр туризм потенциалын да али толук колдоно элек.

Германиялык эксперттердин эсебинде, бүгүнкү күндө туризм жаатында Кыргызстан алдыда келатат. 2014-жылдын биринчи жарымында эле өлкөгө 1,3 млн. чет элдик турист келген. Бул көрсөткүч кошуна өлкөлөрдөгү көрсөткүчтөрдөн алда канча жогору. Мисалы, 2013-жылы Өзбекстанга 2 млн. турист келсе, былтыр Тажикстанга 100 миң чет элдик мейман барган. Ал эми Казакстанга былтыр болгону 600 миңден ашыгыраак чет элдик саякатчы каттаган.

XS
SM
MD
LG