Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:02

Ош: газ куурунун талашка түшкөн акчасы


Чоң-Алай району.
Чоң-Алай району.

Ош шаардык кеңеши менен Чоң-Алай районунун жергиликтүү кеңешинин депутаттары Кыргызстан-Кытай газ өткөргүчүнөн аймактарга түшө турган акча азайтылганына нааразылыгын билдиришти.

Буга чейин кабыл алынган мыйзамга ылайык, Чоң-Алайга курула турган эл аралык газ куурунан түшкөн каражаттын 10% аталган районго, 10% Ош шаарына берилмек. Өкмөттүн жаңы мыйзам долбоорунда бул сандар 5% азайтылып, 90% каражатты республикалык бюджетке түшүрүү сунушталууда.

Кыргызстан-Кытай газ кууру боюнча кабыл алынган мыйзамга ылайык, андан түшө турган атайын салыктын 80% республикалык бюджетке, 10% Алай жана Чоң-Алай райондоруна, дагы 10% Ош шаарынын бюджетине берилмек. Жаңы жылдан тарта кыргыз өкмөтү аталган мыйзам долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизип, 90 пайыз каражат республикалык бюджетке, Алай, Чоң-Алай райондору менен Ош шаарына беш пайыздан бериле турган болууда.

Бирок аймактык кеңештин депутаттары кирешени мурдагы өлчөмдө калтырууну талап кылууда. Ош шаардык кеңешинин төрагасынын милдетин аткаруучу Арфидин Аланов буларга токтолду:

- Ош шаары - экинчи борбор. Бул калаада канчалык жакшы нерселер болуп, шаар көркүнө чыкса, Оштун тургундарынын эле эмес, жалпы Кыргызстандын аброю үчүн жакшы болмок. Бирок биз бюджеттин аздыгынан жыл сайын көп нерселерди оңдой албайбыз. Суу, газ жана башка коммуникацияларыбыз канча жылдан бери оңдолбой, эскирип кеткен, шаардын жолдору талкаланып калган. Кыргызстан-Кытай газ куурунан 10% каражат Ош шаарына түшсө, ушулардын баарын чечип алабыз деп турабыз.

Чоң-Алай району
Чоң-Алай району

Алдын ала маалымдалгандай, келерки жылдан тарта ишке кирчү Кыргызстан-Кытай газ өткөргүчүнөн Кыргызстан жылына 60-70 миллион доллардын тегерегинде пайда табат. Анын 10 пайызы болжолдуу 7 млндоллар, же сом менен эсептегенде 500 миллион сомдун айланасындагы акча. 1 миллиард сомдон ашыгыраак бюджети бар Ош шаары үчүн бул сумма өтө чоң киреше.

Ал эми жергиликтүү бюджети жок Алай жана Чоң-Алай райондору үчүн бул каражат “асмандан түшкөндөй” эле болот. Бирок өкмөт бул сумманы азайтууну каалап жатканы жергиликтүү кеңештин депутаттарын нааразы кылууда. Алай районунун айылдык кеңешинин депутаты Тайырбек Жайчыбеков:

- Газ куурларынан түшкөн кирешенин 10% Алай жана Чоң-Алай райондорун өнүктүрүү фондуна берилсе, бул эки районго ансыз деле 5% бөлүнмөк. Эми өкмөт муну 5% түшүрсө, эки районго 2,5% гана туура келип калат. Бул аябай туура эмес чечим. Анүстүнө биздин район толугу менен дотацияда отурат, көйгөй толтура. Айылдарда мектептер авариялык абалда, бала бакчалары жок, таза суу дегенди билбейбиз, жол талкаланып калган. Эгер бизге да 10% берилсе, ушул көйгөйлөрдү өзүбүз эле чечип баштамакпыз.

Кыргызстан-Кытай”газ куурунан түшө турган акчанын 10% Алай жана Чоң-Алай райондорунун өнүктүрүү фондуна, дагы 10% Ош шаарынын бюджетине түшүшү керектигин мыйзамдын автору, бешинчи чакырылыштын депутаты Марат Султанов демилгелеген. Кызуу талаш-тартыштан кийин бул мыйзам өткөн чакырылыштын депутаттары тарабынан үч окууда кабыл алынган.

Мыйзамды өзгөртүү кайрадан көтөрүлүп жатышын бийликтер оңдуу түшүндүрө алган жок. Экономика министри Арзыбек Кожошев мындай дейт:

Арзыбек Кожошев
Арзыбек Кожошев

- Бул газ куурлары үчүн Кытай Кыргызстанга жылда атайын салыктарды төлөп тургандан сырткары кыргыз жарандарын да жумушка тартышат. Алар Кыргызстанга ошол түтүктөрдү карап тура турган чакан пункт ачышат. Ошол жерде 60-70% биздин жарандар болушу керек деген талап койгонбуз. Менимче, жергиликтүү эл үчүн ушул деле чоң пайда. Ал эми аймактарга 10% киреше чегерүүнү 5% азайтуу демилгеси көтөрүлүп жатканы чын. Эмне үчүн мындай болуп жатканын, менимче, Каржы министрлигинен сурасаң туура болот. Ал боюнча мен комментарий бере албайм.

Каржы министрлигинен жана өкмөттөн кененирээк комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Бирок 10% чегерүүнү алып салып 5% калтыруу керектигин Арзыбек Кожошев өзү да буга чейин Жогорку Кеңеште бир нече ирет билдирген болчу.

Кантсе да өкмөт сунуштаган мыйзамдын өзгөртүлгөн варианты Жогорку Кеңештин Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинде 9-февралда талкууланып, жалпы депутаттардын кароосуна жиберилди. Бирок мыйзам долбоору кайсы күнү каралары азырынча дайынсыз. Жогорку Кеңештин депутаты Абдувахаб Нурбаев буларга токтолду:

Абдувахаб Нурбаев
Абдувахаб Нурбаев

- 10% бөлүп берсек, аймактарга көп акча калып кетет экен. Бул мыйзамды карап, сумманы 5% түшүрүп бергиле” деген кат өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басары Муканбетовдун колу менен бизге келиптир. Бул абдан туура эмес. Анткени, бизде азыр децентрализация саясаты деп, көп укуктарды жергиликтүү бийликтерге берүү, ошолорду активдештирүү аракети жүрүп жатат. Алар күчтүү болушу үчүн жергиликтүү органдарда бюджет көбүрөөк болушу шарт. Күчтүү аймак болсо, күчтүү мамлекет болот. Экинчиден, аймактарда бюджет арбын болсо көп көйгөйлөр жеринде чечилип, миграция, жумушсуздук сыяктуу маселелер азаймак. Натыйжада аймактарда нааразылык да азыраак болмок. Бул каражат Ош шаарынын, Алай жана Чоң-Алай райондорунун инфраструктурасын көтөрүүгө, жаңы мектеп, бала бакчаларды салууга да чоң өбөлгө түзмөк. Ошол себептүү жеке мен, бул өзгөртүүгө каршы чыгам жана аймактарга 10% чегерүү сакталып калышын талап кылам.

Нурбаевдин айтымында, Алай, Чоң-Алай райондоруна жана Ош шаарына кирешени 10% көрсөткүчтө калтыруу Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун аналогу катары каралган. Маалым болгондой, Кумтөр алтын кенинен түшкөн салыктын 12% жылына Ысык-Көл облусуна которулат.

Кыргызстандагы 215 чакырым түтүктү курууга Кытай жалпы 1,5 миллиард доллар каражат жумшайт. Экономика министрлигинин маалыматына ылайык, курулуш иштери быйыл жаздан тартып, көгүлтүр отун кийинки жылдан ташыла баштайт.

Кыргызстан менен Кытай мамлекеттеринин ортосундагы келишимге ылайык, Кыргызстан-Кытай” газ магистралы Алай менен Чоң-Алайдын Талды-Суу, Кашка-Суу жана Жекенди айыл аймактары аркылуу өтөт. Бул "Түркмөнстан-Өзбекстан-Тажикстан-Кыргызстан-Кытай" транзиттик газ куурунун уландысы болуп саналат.

Кытайдын Trans-Asia Gaz Pipepline Company Limited мунайгаз корпорациясы бул куурлар аркылуу жылына 30 млн куб метр газды Түркмөнстандан тартып келет. Долбоор пландалган 30-35 жыл ичинде Кыргызстан мындан 2,5 млрд доллардай киреше табары болжолдонгон.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG