Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:20

Кен иштетүү: аукциондор өзүн актайбы?


Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылынын тургуну. 2011-жыл.

Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылынын тургуну. 2011-жыл.

Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик кен байлыктарды иштетүүгө лицензияларды аукцион аркылуу сата баштады.

Жаңы өкмөт башчы муну алгылыктуу иш катары баалады. Аукцион аркылуу лицензия сатууда мамлекеттин, жергиликтүү калктын кызыкчылыгы, экологиялык талаптар эмне болууда?

Акыркы мезгилде Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттик орто жана чакан кендерде чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн лицензияларды аукцион аркылуу сата баштады. Алар негизинен 6 тоннага чейин алтыны бар кендер. Агенттиктин лицензия боюнча башкармалыгынын башчысы Руслан Курмушуевдин билдирүүсүнө караганда, Нарын, Жалал-Абад, Ошто аукциондор өткөрүлдү. 14-апрелде Баткен облусунда төрт көмүр кени боюнча аукцион өтөт.

Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттиктин башчысы Дүйшөнбек Зилалиевдин маалыматы боюнча, аукцион аркылуу беш лицензияны сатуудан 2 млн. 700 миң доллар түштү. Мурда ал лицензиялар 300 сомдон берилип жүргөн. Зилалиевдин айтымында, аукцион учурунда экологиялык талаптар сакталышы керектиги эскертилүүдө. Бирок экологиянын сакталышы боюнча конкреттүү талаптар кенди иштетүү боюнча долбоор түзүлгөндө коюлат.
Кумтөр алтын кени.

Кумтөр алтын кени.

Кендерди иштетүүгө каршы чыккан жергиликтүү тургундар экологияны сактоо менен кошо мамлекеттин, жергиликтүү калктын кызыкчылыгы жөнүндө да маселе көтөрүүдө. Бирок иштетилүү алдында турган кендерде мамлекеттин үлүшү канча деген суроо көп учурда жоопсуз калууда. Зилалиевдин айтымында, мындай маселе көтөрүүгө мыйзамдагы кемчилик да тоскоолдук кылууда:

- Тилекке каршы мыйзамда андай жол жок. Компания өзү каалап, өз эрки менен үлүштү мамлекетке бербесе, бизде башка жол жок. Себеби алар Бозумчак жана башка кендерди дагы башка компаниялардан сатып алган да. Анан биз үлүш жөнүндө маселе көтөрө турган болсок, анда алар сатып алгыла дейт. Эгерде бул иштейин деп калган чоң кен болсо.

"Ал эми жаңы кендерде мамлекеттин үлүшү боюнча маселе коюуга мүмкүнчүлүк бар. Тегене, Бел-Алма көмүр кендеринде мамлекеттин үлүшү болушу керек деген маселени карап жатабыз" деп кошумчалады Зилалиев.

Кыргызстанда бир катар тоо-кен комбинаттарын жетектеген Мамат Айбалаевдин айтымында, ар бир кенди аукционго койгондо анда экологиялык коопсуздук, мамлекеттин үлүшү кеминде 50% болушу керектиги жана кенди иштетүүгө тартылган кызматкерлердин 90% көбү жергиликтүү калктан болсун деген талаптар коюлушу керек. Андай талаптарсыз өткөрүлгөн аукциондор туура эмес:

- Мына ошондуктан ар бир кенди, ар бир сатылган кенди адистер карап туруп жыйынтык чыгарышы керек. Анан жөн эле сатып койгондо экологиясы бузулат... Кумтөрдөн көрүп жатпайбызбы кандай башаламандык болуп жатканын.

Жерүй кени.

Жерүй кени.

Айбалаевдин пикиринде, мамлекеттин үлүшү сөзсүз болууга тийиш. Анткени мамлекетте болгон нерсе элге да тиешелүү. Ошондой эле кендерди иштетүү боюнча ойлонулган мамлекеттик саясат болушу керек.

Азырынча Кыргызстанда кен иштетүүдө терс жагдай түзүлүп калды дейт Тоо-кенчилер бирикмесинин башчысы Орозбек Дүйшеев. Анын ою боюнча, аукциондор аркылуу кендерди сатуунун туура жагы да бар. Ал эми экологиялык талаптар кенди иштетүү боюнча долбоор түзүлгөндө адистер тарабынан коюлат. Кендерди иштетүү боюнча жер-жерлерде түзүлгөн анархиялык абал Кыргызстандын өнүгүшү үчүн салым кошпойт.

Ошентип, Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик чакан жана орто кендерди аукцион аркылуу сатууну колго алды. Бирок ал кен иштетүүдө элдин ишенимин жаратты деп айтууга эрте. Бул Шыралжын, Шамбесай алтын кендерин иштетүүгө жергиликтүү тургундардын кескин каршы чыгуусунан көрүнүп турат.
Шыралжын кенин ачууга каршы жол тосуу.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG