Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:01

Сириянын Хомс шаарында бир нече жарылуу катталды


Сирия, Хомс шаары
Сирия, Хомс шаары

Сириянын Хомс шаарындагы коопсуздук кызматынын имаратынын жанында жанкечти бир нече жардыруу уюштуруп, 42 адам курман болгону кабарланды. Бул тууралуу Сириядагы жарандардын укугун коргогон борбор билдирди.

Хомс аймагынын бийлиги чабуул болгонун ырастап, бирок өлгөндөрдүн саны эки эсе аз деп билдирди.

“Жардырууну кеминде алты жанкечти уюштурган. Алар бомбаны коопсуздук кызматы жана аскердик чалгындоо имаратынын жанында жардырган”, – деди укук коргоо борборунун жетекчиси Рами Абдель Рахман.

Сирия мамлекеттик телеканалынын маалыматында эки имаратта үчтөн жанкечти болгон. Алдын ала маалыматтардан, курман болгондордун арасында Сириянын жогорку аскер адамдары да бар. Учурда шаар курчоого алынды.

Азырынча жардырууну ким уюштурганы тактала элек. Чабуулду “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу жасады деген маалыматтар текшерүүгө алына баштады.

“Революциянын борбору” саналган Хомс шаары өкмөттүк күчтөрдүн көзөмөлүндө. 2015-жылдын декабрь айында Сирия бийлиги козголоңчулар менен тынчтык келишимге барып, аймакта тынчтык орногон. (SDz)

XS
SM
MD
LG