Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:54

Ак үй ФБРди маалыматты төгүндөөгө чакырды


Райнс Прибус
Райнс Прибус

“АКШ президенти Дональд Трамп президенттик шайлоо учурунда Москва менен түз байланышта болгон” деген айрым ММК маалыматтарын жокко чыгаруу үчүн Ак үй Федералдык иликтөө бюросуна (ФБР) кайрылды.

Аталган маалыматты Ак үйдүн аппарат башчысы Райнс Прибус ырастап, кайрылуунун өзөгү New York Times гезитинде жарык көргөн макала тууралуу болгонун билдирди.

Ал арада АКШнын Федералдык иликтөө бюросу Ак үйдүн өтүнүчүн кароодон баш тартканын CNN телекомпаниясы маалымдап чыкты. Ал эми Ак үй бул маалыматты төгүндөдү.

Федералдык иликтөө бюросу азырынча маалыматка комментарий бере элек. Трамп Американын чалгындоо кызматтары өз маалыматтарын New York Times жана Washington Post сыяктуу гезиттерге бөлүшүп жатат деп сындаган.

Өткөн жумада New York Times Дональд Трампты шайлоо алдында Орусиянын атайын кызматы менен иштешкени тууралуу макаланы жарыялаган. Гезит 2016-жылы АКШын чалгындоо кызматы Трамптын штабындагы адамдар Орусиянын атайын кызматынын аткаминерлери менен байланышта болгонун жазган.

13-февралда Дональд Трамптын кеңешчиси Майкл Флин АКШдагы орус элчиси Сергей Кисляк менен декабрь айында телефон аркылуу сүйлөшкөнү үчүн отставкага кеткен.

XS
SM
MD
LG