Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:39

Орусия жана Иран ядролук отун өндүрүү тууралуу макулдашты


Али Акбар Салехи
Али Акбар Салехи

Орусия жана Иран бийликтери биргелешкен ядролук отун өндүрүү боюнча “жол картасын” иштеп чыкты. Бул тууралуу Ирандын ядролук энергетика уюмунун башчысы Али Акбар Салехи ISNA агенттигине билдирди. Салехи орус адистери менен кеңешүү боюнча келишимге кол коюлганын кошумчалады.

Буга чейин Салехи эгерде АКШ эл аралык ортомчулар менен макулдашуудан баш тартса, өзөктүк курал жасоону жандандырарын билдирген.

2015-жылы Вена шаарында Ирандын өзөктүк программасы боюнча план иштелип чыккан. Ага ылайык Иран жакынкы 15 жыл аралыгыда өзөктүк курал өндүрүүдөн баш тартып, тынчтык максатта гана ядролук өндүрүштү жүргүзөт.

XS
SM
MD
LG