Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:13

Прокуратура Текебаевге иш козголгонун ырастады


Башкы прокуратура “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кылмыш иши козголгонун ырастады. Башкы көзөмөл орган тараткан маалыматта, Текебаевге иш Кылмыш-жаза кодексинин “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча УКМКдан келген материалдардын негизинде козголду.

Башкы прокуратуранын маалымат катчысы Алмамбет Абдраманов “Азаттыкка” билдиргендей, УКМКга арыз менен Орусиядагы бир нече телекоммуникация компаниясын жетектеген Леонид Маевский кайрылган.

- Арызда Текебаев 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн төрага орун басары болуп турганда Маевскийди “Альфателекомдун” башкармалыгына киргизүү убадасы менен 1 млн доллар алган. Берген акчага ылайык Леонид Маевский "Мегаком" сатылгандан кийин 10-15% кирешеге ээ болмок. Бирок "Мегаком" сатылбай калып, Өмүрбек Текебаев Маевскийдин 1 млн долларын кайтарып берген эмес жана маалыматты коомчулукка жарыялаган учурда Маевскийдин өмүрүнө коркунуч болорун айткан.

Учурда тергөө башталып, ишти алып баруу УКМКга жүктөлгөнү маалым болду.

2016-жылы ноябрда УКМК “Ата Мекендин” депутаттары Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов, Аида Салянова “Альфа Телекомдун” ("Мегаком") 50% акциясын сатууну көздөгөн, муну Белиз өлкөсүнөн алынган документтер ырастады деген. (SDz)

XS
SM
MD
LG