Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:59

26-февралга карата аба ырайы


26-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаап, айрым жерлерде катуу жаашы күтүлөт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан жаабайт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -4...1, күндүз 1...+6;

Таласта түнкүсүн -1...-6, күндүз 0...+5;

Нарын облусунда түнкүсүн -23...-28, күндүз -5...-10;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн -3...2, күндүз 2...7;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -3...-8, күндүз 0...5 градус жылуу болот.

Бишкек шаарында 26-февралда түнкүсүн жаан, кар жаашы күтүлөт, күндүз жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -1...1, күндүз 4...6 градуска чейин жогорулайт.

XS
SM
MD
LG