Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:06

Туризмден түшкөн киреше арбыды


Чоң-Алайдагы Ленин чокусуна жакын жерге тигилген чет элдик альпинисттердин чатырлары.

Чоң-Алайдагы Ленин чокусуна жакын жерге тигилген чет элдик альпинисттердин чатырлары.

Кыргызстанда жылдан жылга туристтердин саны өсүп, аларды тейлөө тармагынын кирешеси көбөйүүдө. Ага кошумча, виза режими жоюлган өлкөлөр менен товар агымынын көлөмү өстү.

Былтыр Кыргызстанга үч миллиондон ашык турист келген жана аларды тейлөөдөн түшкөн каражат мурунку жылга караганда эки эсеге өскөн. Өлкөгө келген саякатчылардын саны 2011-жылы 45 мамлекеттин жарандарына визасыз кирүүгө жол ачылгандан кийин арбыды. Бул тууралуу Экономика министринин милдетин аткаруучу Темир Сариев 31-мартта Жогорку Кеңештеги жыйында билдирди.

Тагыраак айтканда, өткөн жылы 3 миллион 65 миң туристти тейлөөдөн 560.5 миллион доллар пайда түшкөн. Ал эми виза чектөөсү алынганга чейин Кыргызстанга 2 миллиондой саякатчы келип, алардан 212 миллион доллардай киреше табылган.

Кыргызстан визасыз каттоого уруксат берген 45 өлкө менен соода көлөмү 3.7 пайыз өсүп, жалпы көлөмү 2 миллиард доллардан бир аз ашты. Кыргызстанга келген туристтердин жарымынан көбү орусиялыктар. Кийинки орундарды Казакстан, Германия, Франция, АКШ, Британия жана Испаниядан келген саякатчылар ээледи.
Григорий капчыгайы.

Григорий капчыгайы.

"Кыргыз Концепт" ишканасынын жетекчиси Эмил Үмөталиев туристтердин саны өскөнү – жакшы жышаана экенин белгилеп, Кыргызстан этно, эко жана жашыл экономиканы колдоп өнүктүрсө, келечеги чоң экенин баса белгиледи. Коомдук ишмер айлана - чөйрөнү эске алган экономиканын маанисине токтолду:

Жашыл экономика – бул өзүбүздүн гана чың ден соолугубуз эмес. Чындыгында, бул – биздин конкуренттүүлүгүбүз, жерибиздин берген мүмкүнчүлүгү. Аны биз башкаларга экспортко сунуштай алабыз.

Үмөталиев кошумчалагандай, туристтердин агымын дагы көбөйтүп, тармактын кирешесин өстүрүүгө бир нече комплекстүү чечкиндүү иш-аракеттер зарыл.

Украинада газ кымбаттады

Орусия Украинага сатылчу газдын баасын 1-апрелден тартып 1000 куб үчүн 268.5 доллардан 385.5 долларга кымбаттатты. Бул тууралуу орус өкмөтү ээлик кылган "Газпром" кабарлады. Компаниянын башчысы Алексей Миллер билдиргендей, 1-апрелге карата Украинанын газ үчүн карызы 1.7 миллиард долларды түздү.

Эми расмий Киев мурдагыдай көгүлтүр отту 40 пайыз арзан баада ала албай калат. Ал эми өткөн аптада Эл аралык валюта корунун насыя шарттарына ылайык, украин өкмөтү калк сатып алчу газдын баасын 50 пайызга көтөрдү.

Евробиримдик менен атайын келишимге кол коюудан баш тарткан соң, экс-президент Виктор Янукович орус жетекчиси Владимир Путин менен газды арзандатылган баада алуу келишимине декабрда жетишкен. Ага удаа Украина энергия импорту жана жергиликтүү энергия булактарын өнүктүрүүгө чет элдик компаниялар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан. Ал сүйлөшүүлөрдүн көбү Янукович бийликтен кеткенден кийин токтоп калды.

Орусиядан газ жана кара май алган дагы бир ири кардар – Европа Биримдиги учурдагы кырдаалдан улам 2009-жылкы газ кризиси кайталанбаса экен деп кабатыр. Беш жыл мурда көгүлтүр оттун баасынан келип чыккан талаштан улам Борбордук жана Чыгыш Европага берилчү газ көлөмү кескин азайтылган.
  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG