Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:46

Жаңы валюта жүгүртүүгө киргизилди


Алгачкы криптовалюта – биткоиндин эн белгиси.
Алгачкы криптовалюта – биткоиндин эн белгиси.

Кыргызстанда быйыл кант кызылчасы былтыркыдан 76 миң тоннага арбын жыйналды. Алтын бир апта ичи 64 долларга арзандады. Ал эми риппл криптовалюталардын тизмесин толуктады. 2009-жылдан бери жүгүртүүгө 37 виртуалдык валюта киргизилген.

Кыргызстандын дыйкандары 172.2 миң тонна кант кызылчасын жыйнашты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады. Быйылкы кант кызылчасынын түшүмү былтыркыдан 76 миң тоннага арбын. Бир гектар айдоо аянтынан 285.1 центнер түшүм алынган, бул былтыркыдан 73.2 центнерге көп. Быйыл 61.6 миң тонна пахта жана 8.6 миң тонна тамеки жыйналганы да маалым болду.

Ал эми таластык фермерлер төө буурчактын 17.45 миң тоннасын Түркия, Болгария, Македония, Сербия жана дагы он өлкөгө экспорттоду. Облуста 42 дыйканчылык чарбасы быйыл 46.7 гектар аянттан 84 миң тонна төө буурчак жыйнашты. Азыркы тапта төө буурчактын бир килограммы 74–78 сомдон сатылууда.

Финансы жаатындагы жаңылыктарга токтолсок, Кыргызстандын алты банкында убактылуу башкаруучу дайындалганын Улуттук банк маалымдады. "Бишкек" шаардык банкы, "Меркюри", "Курулушбанк", "Адил банк", "Кыргызагропромбанк" жана "Азияуниверсалбанк" ликвидацияланып, атайын убактылуу администратор дайындалды.

Ripple – жаңы криптовалюта

Биткоин виртуалдык акчасынын реалдуу модели, Сэнди шаары, Юта штаты. АКШ, 3-октябрь 2013-ж.
Биткоин виртуалдык акчасынын реалдуу модели, Сэнди шаары, Юта штаты. АКШ, 3-октябрь 2013-ж.
Риппл аттуу жаңы криптовалюта жүгүртүүгө киргизилди. Учурда рипплдан тышкары, 36 криптовалюта эркин жүгүртүүдө.

Криптовалюта – 2009-жылы криптографиялык усулдардын негизинде иштелип чыккан санарип акча. Көбүнесе, виртуалдык акча деген ат менен белгилүү.

Эң алгачкы криптовалюта – биткоин. Криптовалюталардын дүйнөлүк жүгүртүү көлөмү 4.3 миллиард долларга барабар, алардын 4.1 миллиарды биткоинге таандык. Криптовалюталар санарип соодада жана компьютердик тармакта кеңири колдонулат. Бир биткоин – 15 миң 876 сомго тете.

Эми глобалдык базарларга учкай көз чаптырсак. Торонто фондулук биржасында жүгүртүлгөн "Центерра Голд" компаниясынын акциялары акыркы жети күн ичинде 43 центке арзандап, бир баалуу үлүш кагаздын баасы 3 канада доллары 53 центти (C$3.53) түздү. Акциянын арзандоосу алтындын наркынын түшкөнүнө байланыштуу.

Сары алтындын баасы 64 долларга арзандап, алтындын жүз унциясы 1280 доллардан сатылып жатат. Чийки мунайдын баасы акыркы апта ичи дагы бир долларга жакын арзандап, бир баррель Нью-Йорк биржасында 95 доллардан сатылып жатат.

Бишкектеги баалуу кагаздар базарындагы соода көлөмү акыркы апта ичи 8.57 миллион сомго азайып, 75.07 миллион сом соодаланды. Сатылган облигациялардын көлөмү боюнча Кыргыз инвестиция-кредит банкы биринчиликтен түшпөй келе жатат. Акыркы жети күн ичинде банктын 20 миллион 241 миң сомго барабар баалуу кагаздары сатылды.
  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

XS
SM
MD
LG