Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:57

"Азыркы мезгилде кайсы динди, кандай аталыштагы идеологияны тутунганына карабастан, эң башкы тирешүү эки гана күчтүн – ачкөздүк менен айкөлдүктүн ортосунда жүрүп жатат."​

Акын Асан Жакшылыковдун таластык мугалимдер менен жолугушуусундагы сөзүнөн.

"Мен Кудайдан үч гана нерсени: жашоомдо колумдан келер иштерди жасоо үчүн кайраттуулукту, өзгөртүү мүмкүн эмес жагдайларга чыдоо үчүн сабырдуулукту жана бул экөөн айырмалай билүү үчүн акылмандыкты тилейм."

Рейнгольд Нибурдун накылы.

"Табынабыз Ысык-Көлгө, табынабыз,

Сыйынабыз Ала-Тоого, сыйынабыз."

Кыргыздардын дүйнөлүк курултайында Чыңгыз Айтматовдун сүйлөгөн сөзүнөн.

Баа (диплом) саткан окутуучу наадандык менен жапайычылыкты күчөтүүгө салым кошконун, элдин мүлкүн саткан мителер, паспорт саткан чыккынчылар, абийирин акчага алмашкан адилетсиз соттор, мыйзамды өздөрү тебелеп-тепсеген депутаттар, элди бөлүп жарган уруучулдар, башкалардын баарына акаарат айтып, кыргыздын душманын көбөйткөн «жарма патриоттор» ж.б.у.с. улут биримдигине доо кетирип, мамлекеттин пайдубалын бошоңдотуп жатканын ойлобойт… Булардын баарын чүлүктөп жетелеген АЧКӨЗДҮК деген апаат күч. Ырас, АЙКӨЛДҮК деген улуу касиетке ар ким эле жете албайт, бирок буга умтулган, напсисин тыя билген, пейилиндеги начар сапаттарды отоо чөптөй жоюудан талбаган адамдар да көп болгондуктан, дүйнө аңтарылып кетпей турат го!

Ажылыкпы же азгырыкпы?

Мечитте намазга жыгылгандардын, ажыга аттангандардын саны жылдан жылга өсүүдө. Бирок АЧКӨЗДҮК дале күчүнөн кайтпай, атүгүл мурдагыдан бетер кутуруп бараткансыйт… Балким, диний каадаларды формалдуу түрдө аткаргандар көп, чын ыкластан изги максатты көздөгөндөр аз болуп жаткандыр? Мисалы, ажыга жөнөгөндөрдүн көбү мактануу, өзгөчө «статус» алуу үчүн барары азыр жалпыга белгилүү болуп калбадыбы. Кеп күлкү келтирерлик «модага» айланган сербейтип же саксайтып сакал коюу, салбыраган халат кийүү, хиджаб салынуу (паранжы кийгендер да азыр кезиге баштады) сыяктуу сырткы көрүнүштө эмес, рухий жетилүүгө чын дилден умтулуп, тынымсыз жүргүзүлүүчү күрөштө.

Толстой менен Чеховду толгонткон чек-ченем

Эмесе АЙКӨЛДҮККӨ жакындоого шарт түзгөн СЫЙЫНУУ жөнүндө сөз баштоодон мурун АЧКӨЗДҮКтүн табияты тууралуу ой жүгүртөлү.

Канчалык таң калыштуу көрүнсө да, ачкөз адамдын шору чексиздикке умтулууда эмес, өтө кууш чектелүүчүлүктө экен. Анткени мындай илдетке жеңдирген адамдын көңүлү бир гана материалдык байлык топтоого, ал аркылуу бийликке жетүү мүдөөсүнө байланып, аң-сезими, жан дүйнөсү каражаттын деңгээли менен чектелип калат. Ал ошол каражатты (акчаны, мал-мүлктү, бийликти) пайдалануудагы башкы максат бир келген өмүрдө бактылуу жашап өтүү экенин ойлобойт. Ойлосо да, байлыктын өзүн жана дене кумарын бакыт деп тар түшүнүп, напсиге кул болуп алат… Муну орустун атактуу жазуучулары Лев Толстой менен Антон Чеховдун ушул темадагы чыгармачыл талашынан кабары барлар жакшы билет.

«Адамга канча жер керек?» деген насаатчыл аңгемесинде Толстой өжөрлүгү, чарбачылдыгы, өзүмчүлдүгү менен улам жерин көбөйтүп, жакырчылыктан кутулган соң ач көздүгүнүн кесепетинен бөөдө өлүп калган дыйкан жөнүндө баяндайт. Башкыр талаасынан арзан жер бөлүнүп жатканын укканда, ал дыйкан жыйган акчасын белине байланып, жолго аттанат. Барса, башкырлар күн чыккандан батканга чейин канча жерди айланып, белги коюп чыга алсаң, ошончону ээлейсиң дешет. Өзөк жалгаш үчүн суу, нанын алып, абдан жакшы камданган дыйкан кең талааны кыдырып белги коё баштайт. Улам арылаган сайын семиз, жайлуу тилкелерди көбүрөөк камтып калайын деп өтө узак кетип калат. Туураны көздөй бурулганда да напсисин тыя албай, алыстан алыс барат. Мынча болду эми чек да түз болсун деп кеч бешимде эбегейсиз чоң аянттын үчүнчү бурчуна чейин белги казып чыкканга үлгүрөт. Бирок жөнөп чыккан жерине кайрылып келе жатканда күн уясына бата баштаганын көрөт. Ошондо катуу чарчаганына, жүрөгүнүн лакылдап сокконуна карабай, ого бетер күйүгө чуркайт, ар кайсы жерге белги койгонун да токтотпойт. Күндүн чети көрүнбөй калар чакта таңда жөнөп чыккан чегине жетип кулайт… «Учу кыйырсыз мейкин талааны ээлемекчи болгон бул адамды эки кулачка жетпегендей көр казып көөмп коюшту…» - деп аяктайт жазуучу аңгемесин.

Көр тирлик менен чектелген, байлык менен мансаптын кулу болгон адамдарды Чехов да жек көрчү экен. Ошондуктан ал «Крыжовник» аттуу аңгемесинде адамга бир жарым кулач жер жетишет деген Толстойдун оюн (тагыраагы, аңгемени ушундайча чечмелегендердин көз карашын) төгүнгө чыгарган. Анда кедейликтен башы чыкпай жүрүп, акыры өзүнчө үйлүү болсом, тереземдин түбүндө крыжовник өсүп турса деп өмүр бою эңсеген тилегине жеткен киши жөнүндө сөз болот. Кабар алганы келген агасы анын түн ортосунда да туруп алып даамы супсак крыжовникти тамшана жеп отурганын көргөндө, катуу кейийт. «Бир жарым кулач жер өлүккө керек, ал эми тирүү адамга бүт аалам, чексиз мейкиндик керек», - дейт аңгеменин экинчи карманы.

Албетте, Чехов материалдык эмес, рухий мейкиндикти, адамдын өркүндөөсүндөгү чексиздикти самаган. Көрсө, дал ушул нукура адамдык муктаждыгы канааттандырылбай, өлүү материя менен чектелген кишилер кааласа-каалабаса ачкөз болот экен.

Өтүгүң тар болсо, дүйнөнүн кеңдигинен не пайда?

Эми СЫЙЫНУУга келели. Сыйынуу – бул кош багыттуу иш-аракет. Биринчиси – өзү сыюуга, өз ордун табууга, кеңейтүүгө, абалын бекемдөөгө умтулуу. Экинчиси – өзүнө сыйдырууга, сиңирүүгө, өздөштүрүүгө умтулуу. Ачкөз адам эки багыттын тең материалдык гана жагы менен чектелет: көбүрөөк байлык топтосом, чоңураак мансапка жетсем деп жанын азапка салып жүрүп өмүрү өтүп кетет. Башкалардын бактысын көрө албайт, себеби өзү бакыт деген эмне экенин билбейт. Душманына же бейтарап эле бөтөн бирөөгө эмес, кээде досуна, жакын тууганына ич тардык кылат. Ошондуктан ал кудайдан өзү үчүн гана тилейт, тилегенде да утурумдук пайданы, мактанычты, байлык менен мансапты ойлоп, башкалардын жолу болбой калганына, кайгы-капага тушукканына сүйүнөт. Ден соолукту да дене-бойдун гана эч жери оорубашы деп түшүнөт – ыйман тазалыгы, рухий өсүш, дил сергектиги тууралуу такыр ойлобойт.

Сырдуулук

Ушак айтпай тура албаган узун кулактар укканын башкаларга тезирээк жеткирбесе, жарылып кетет – алардын эстутуму өтө чектелүү, акылы тайыз. Ачкөздүн жан дүйнөсүнө нукура дөөлөт сыйбайт – агылып, төгүлүп кала берет.

Сырдуу кишинин (тымпыгыйдын эмес!) жан дүйнөсү сыйымдуу, пейли кенен. Анын жылдыздуулугу – ички дүйнөсүндө дайым жүрүп турган жандуу кубулуштун жарыгы. Ажайып кооз, көркөм дүйнө жаратууга – уккан-көргөндөрүнөн эң маанилүүлөрүн иргеп, сындуу, сымбаттуу түзүмгө айлантууга же бийик үлгүнү кабылдоого (нукура көркөм чыгармадан – музыкадан, ырдан, аңгеме, повесть, романдан ж. у. с.) эстетикалык ырахат алууга аракеттенип жаткан адамдын өңүнөн, көзүнөн нур чачырайт.

Таңкы шүүдүрүм түрдүү-түмөн нурларды өзүнө сиңирип, кайра миң бир түскө чачыратып бергендей, сырдуу адамдын ою терең, жүзү жылдыздуу, сөзү маанилүү. Ал ааламдагы асылдыкты бүт бойдон жүрөгүнө сыйдырууга умтулат. Сырдуу адамдын жан дүйнөсүндө ушак-айыңга, утурумдук уу-дууга орун калбайт. Ушундай адамдар бардык улуттарда, калктын бардык катмарларында, бардык кесиптегилерде (диний жөрөлгөлөрдү калтырбай аткарып жүргөндөрдүн арасында да) бар.

Жолдош Турдубаев

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG