Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:53

Илимге каныгып жаткан болочок офицерлер


Учурда элүүгө жакын кыргызстандык курсант Москвадагы Орусиянын Коргоо министрлигине караштуу аскердик окуу жайда билим алууда.

Болочок офицерлер 1919-жылы түптөлгөн аскердик университетте юридикалык, филологиялык, экономикалык жана социологиялык багыттар боюнча билим алышат.

Москвадагы Аскердик университетте эки жылдан бери окуп жаткан Бахтияр Нурланбеков ага Кыргызстандын чек ара кызматынын Чүй облусундагы башкармалыгы аркылуу тапшырган.

- Бул окуу жайда окуу менин кичинекей чагымдан берки максатым. Мамлекеттик бажы кызматына экзамендерди тапшырып, бул окуу жайга өттүм. Башынан дене тарбия боюнча сынактардан өтүү керек, андан кийин кесиптик тандоого жараша ар кандай предметтерди тапшырасың. Мисалы, мен экономикалык коопсуздук кесибин тандагам. Ага математикадан сынак тапшырып, орус тилден жат жазуу жаздым. Ошондой эле тарыхтан тапшырмалар бар. Акыркы сыноо – кесиптик тандоо боюнча логикалык тестке жооп берүү керек. Ошентип, бардык сынактарды жакшы бааларга тапшырып, азыр бул жакта окуп жатам.

Кыргызстандан келген студенттердин тобуна башчылык кылган Эрлан Шайлообек уулу көп улуттуу чөйрөдө өз ара ынтымактын бекемдигин белгилейт. Чет жердеги аскердик окуу өзүнүн кулк-мүнөзүн, жүрүм-турумун дагы өзгөрткөнүн айтат.

- Биз 8-факультетте окуйбуз. Бул КМШ өлкөлөрүнөн келген студенттердин бөлүмү. Абхазия, Түштүк Осетия, Түркмөнстан, Казакстан жана Армениядан келген балдар бар. Кыргызстандын жети облусунан келген жигиттер окуйт, ынтымактуу жашайбыз. Тартип жактан өзүмө абдан тың болдум. Аскер адамы башка адамдардан айырмаланып калат экен. Өзүңдү тыкан алып, баскан-турганыңды ойлоп каласың. Башкаларга үлгү болгонго аракет кыласың.

Нурсултан Маданбеков 1-курстун курсанты. Чоң шаардагы аскердик окууга көнүп калган учуру. Антсе да үйдү сагынып жатканын жашырбайт. Ал курсанттын бир күнү адатта кандайча өтөөрүн айтып берди.

- Эртең менен алтыда туруп, таңкы машыгууга чыгабыз. Тамактангандан кийин сабактарга барабыз. Бир күндө үч сабак болот. Түшкү тамактануудан кийин өз алдынча сабактарга даярданууга төрт саат берилет. Кечки тамактануудан кийин кийим-кечени тазалап, үтүктөп, эртеңки күнгө даярданабыз. Курсанттар дем алыш күндөрү шаарга чыгып, киного же сейил бактарга барып, көңүл ачышат. Айына 1300 рублдин тегерегинде берилген стипендияны да ошондо коротушат.

Жаныбек Турсунбеков үч жылдан кийин Кыргызстанга кайтып, мекениме кызмат өтөөгө умтулат. Учурда кытай жана англис тилдерин үйрөнүп, эркин сүйлөөгө жарап калган.

- Аскер котормочусу деген кесипти тандаганмын. Чет тилдерге кичинемден эле шыгым бар. Азыр кытай жана англис тилин окуп жатам. Бул Европада эң белгилүү окуу жайлардын бири. Прокуратуранын тергөөчүлөрүн, финансисттерди, журналисттерди, социологдорду, психологдорду, юристтерди даярдайт. Спорттук машыгуулар да талап кылынат. Бирок теоретикалык билимге да өзгөчө көңүл бурушат.

Учурда Москвада окуган болочок офицерлер жайкы сессияны тапшырып, бир айлык эс алууга Кыргызстанга кайтабыз деп сүйүнүп турган маал.

Окутуучулардын бири, ага лейтенант Александр Симонов кыргызстандык курсанттарды мындайча мүнөздөйт:

- Ар бир улуттун өзүнүн өзгөчөлүктөрү бар. Бирок көптөн бери аскердик кызматта иштеп жүрүп, кыргызстандык курсанттар менен тил табышуу бир кыйла оңой экенин билдим. Алар жаңы нерселерди бат үйрөнүшөт. Бир нерсени үйрөнүп, өздөрүн көрсөтүүгө аракет кылышат.

Орусия Коргоо министрлигине караштуу аскердик университетке КМШга кирген өлкөлөрдүн жарандары атайын берилген орундардын негизинде кабыл алынат.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG