Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:10

“Ата Мекен” салык отчету боюнча билдирүү жасады


“Ата Мекен” саясий партиясы Башкы прокуратуранын аталган партиядагы үч депутаттан салык отчетторун талап кылуусун сындап, муну бийликтин аларга каршы кезектеги кадамы деп сыпаттады. Бүгүн жарыяланган билдирүүдө айтылгандай, прокуратуранын бул аракети “атамекенчилердин" оозун жабуу” деп белгиленди.

Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын депутаттарынын туугандарынын акыркы 12 жылдагы салык отчетторун талап кылууда. Тизмеге “Ата Мекендин” үч депутатынын 26 тууганы кирген.

Башкы прокуратура сураган кагазда көрсөтүлгөндөй, бул отчет Белизден келген документтер боюнча иликтөө жүргүзгөн мекемелер аралык жумушчу топко керек.

Башкы прокуратура муну техникалык эле маселе деп белгиледи. (SE)

XS
SM
MD
LG