Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:43

Египет: Конституция референдумга даярдалууда


Студенттердин демонстрациясы жана иш таштоодон улам Каир университетинде окуу жараяны токтоду. 1-декабрь 2013
Студенттердин демонстрациясы жана иш таштоодон улам Каир университетинде окуу жараяны токтоду. 1-декабрь 2013

Египеттин конституциялык комиссиясы 1-декабарда өлкөнүн жаңы Баш мыйзамынын долбоорун бекитти.

Жаңы долбоордо египеттиктердин тынчын алчу беренелер бар. Атап айтканда, непада кайсы бир жаран аскер адамдарына жана аскердик базаларга кол салса, аскерий трибуналда соттолот. Саясий партияларды диний негизде түзүүгө да уруксат жок.

Египеттин жаңы Конституциясынын долбоору 3-июлда президент Мухаммед Мурсини бийликтен кулаткан аскердик жетекчилик жарыялаган өткөөл жараяндын биринчи кадамы болуп эсептелет. Рейтер агенттигинин кабарлашынча, Баш мыйзам долбоорундагы 247-берененин бешөө жактырылган эмес. Алардын ичинде парламенттик жана президенттик шайлоону кезектешип өткөрүү жөнүндөгү сунуш.

Египеттин утурумдук президенти Адли Мансур 5-октябрда жаңы Конституцияга байланыштуу жасаган теле кайрылуусунда, бул коомдун кайсы бир катмарынын эмес, жалпы элдин Баш мыйзамы болот деп сөз берген эле:

- Бүгүн биз өз Конституциябызды жазуудабыз, бардык египеттиктер үчүн Конституцияны Египеттин бардык эли жазат. Кайсы бир конфессия, топ же жаат үчүн Конституция жок. Бул Конституция өздөрүн Египет эли деп билген бардык адамдар үчүн.

“Нью-Йорк таймс” гезитинин Египет өкмөтүндөгү булактарга шилтеп жазышынча, Конституциянын долбоору боюнча жалпы элдик референдум бир ай ичинде өтөт. Андан алты ай өткөндөн кийин, комиссия бекиткендей, президенттик жана парламенттик шайлоо өткөрүлөт. Бирок кайсы шайлоо биринчи өткөрүлөрү али тактала элек.

Жаңы Конституциянын долбоорун кабыл алуу президент Мухаммед Мурсинин жактоочуларынын Каирдин борбордук аянты жана Жогорку Сотунун алдындагы митинги менен коштолду. Батыш агенттиктеринин кабарлашынча, жекшемби күнү демонстрацияга чыккан 2 миң чамалуу студентти таркатуу үчүн полиция көздөн жаш агызчу газ колдонду.

Маалыматтарга ылайык, Конституция долбоорунда коомчулукту камтама кылган беренелер да бар экени айтылат. Мисалы, аскерлерге же аскердик базага кол салган жаран аскерий трибуналда соттолот. "Бул жобо ыгы келип-келбесе да колдонулушу мүмкүн",- дешет адам укугун коргоочулар.

Мыйзам долбоорунда коргоо министри келерки эки президенттик мөөнөт бүткөнчө генералдар менен масилеттешип дайындалат деп каралган. Андан тышкары, долбоорго ылайык, Консультативдик кеңеш же парламенттин жогорку палатасы жоюлат, саясий партияны диний негизде түзүүгө тыюу салынат.

Жаңы Баш мыйзамды даярдаган 50 кишилик комиссияга ар кыл партиялардын, жарандык коомдун, армия, полиция жана диний топтордун өкүлдөрү кирет. Мурси бийликте кезде кабыл алынган Конституцияны 100 адамдан турган комиссия бекиткен. Комиссия мүчөлөрүнүн көпчүлүгү исламчылар болчу. Алардын үстөмдүгү астында даярдалып, кабыл алынган Конституция Египет коомунда чоң карама-каршылыктарды жаратып, Мурсини төңкөрүү менен аяктаган. Себеби, шарияттын маанисин күчөтүп, жарандардын эркиндиктерин чектеген Баш мыйзамды көпчүлүк колдогону менен добуш берүүгө шайлоочулардын 33 проценти гана катышкан.

Исламчылардын “Мусулман агайындар” кыймылына таянган Мурси 4-июлдан бери абакта кармалууда. Ал 2012-жылы декабрда президенттин резиденциясынын алдына чыккан демонстранттарды өлтүрүүгө жооптуу деп айыпталууда.

Жаңы Баш мыйзамга түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча комиссиянын төрагасы, көрүнүктүү саясатчы Амр Мусанын сөзүнө караганда, бул Конституция “Египетке анын жумшак кубатын жана дүйнөдөгү ролун кайтарып берет”.

Референдум “Нью-Йорк Таймс” гезити жазгандай, сунуш кылынган демократия картасына жана утурумдук өкмөткө болгон ишенимди бекемдөөчү маанилүү кадам болууга тийиш.

XS
SM
MD
LG