Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:56

Египетте Хосни Мубарак кулатылгандан кийин алгачкы ирет президентти шайлап жатышат.

Байкоочулардын баамында, Египеттин бул тагдыр чечээр жана тарыхый президенттик шайлоосу алдындагы коомдук пикирди сурамжылоолордун бирин да анда ким жеңип чыгарынын ишенимдүү индикатору катары кароого болбойт.

Анткени сурамжылоолорго тартылгандардын жарымынан көбү добуш берүүнүн жуп алдына чейин али чечим кабылдай электигин айтышкан. Египетте шайлоого укуктуулардын жалпы саны 50 миллиондой. Алар үчүн 13 миңдей шайлоо бекети иштөөдө.

Каирдеги шайлоо бекеттердин бири. 23-май, 2012-жыл.

Каирдеги шайлоо бекеттердин бири. 23-май, 2012-жыл.

Шайлоодо жеңип чыгуучулар анык болбогону менен Египетти башкаруу үчүн атаандашкан түрдүү көз караштагы саясий күчтөрдүн топ жаруучулары катары саналган төрт талапкер бар.

АКШдагы Карнеги корунун улук иликтөөчүсү, Жакынкы Чыгыш боюнча адис Марина Оттавей Египеттеги бийлик талашты төрт багыттуу күрөш катары мүнөздөйт:

- Биз өткөөл мезгилдин ортосунда турабыз. Өткөөл мезгил армия жана эски режимдин али кол тийгис болуп турган бир бөлүгү, исламчыл партиялар, секулярдык партиялар жана көчөгө чыккан демонстранттар арасындагы төрт багыттуу күрөшкө айланды. Ушул төрт саясий тайпанын арасында өтө татаал күрөш жүрүп жатат.

Башында президенттикке талапкерлигин жыйырмадан ашуун адам койгон. Бирок президенттик шайлоо боюнча Жогорку комиссия он талапкерди, анын ичинде Нобель Тынчтык сыйлыгынын лауреаты, МАГАТЭнин мурдагы баш директору Мухаммад эл-Барадейди электен өткөргөн эмес. Бюллентенге 13 талапкер киргени менен алардын бири да шайлоо жуп алдында жарыштан четтеп, он эки талапкер калды.

Булардын арасынан топ жаруучу деп саналган төрт талапкердин экөөсү исламчыл, экөөсү секулярдык түзүлүштүн жактоочулары.

Исламчыл күчтөр

Президенттик шайлоо исламчыл күчтөр Мубарак бийликтен кулагандан кийин туңгуч парламенттик шайлоодогу жетишкендигин бекемдер алар-албасын аныктайт.

Коомдук пикирди сурамжылоонун жыйынтыктары исламчылардан көз карандысыз талапкер, “Мусулман агаиндер” кыймылынын мурдагы мүчөсү Абдул Монейм Абул Фотух алдыга суурула аларын көргөзгөн.


Абдул Монейм Абул Фотух

Абдул Монейм Абул Фотух

Талдоочулардын пикиринде, ал - Египеттте исламчылар менен либералдар ортосундагы ажырымдын күчөшү токтошун каалган шайлоочулардын талапкери.

Радикал салафиттерге салыштырмалуу байистүү исламчыдай көрүнгөн Абул Фотух былтыр январда Мубаракка каршы козголоңго аралашып, ыңкылапчылар арасында да жүргөн.

Парламенттик шайлоодо алдыга чыккан “Мусулман агаиндер” кыймылынын атынан президенттикке бул кыймылдын саясий канаты – “Адилеттүүлүк жана өнүгүү” партиясынын лидери Мухаммад Морси катышууда.

Секуляристтер

Ал эми секулярист талапкерлердин топ жаруучуларынын экөөсү тең Мубарактын доорунда министр болгондордон. Мурдагы тышкы иштер министри, Араб лигасынын мурдагы башкатчысы, эл аралык дипломатиялык тажрыйбасы бар Амр Муса көз карандысыз талапкер иретинде чыгууда.

Ал шаршембиде, добуш берер алдында кабарчыларга буларды айтты:


- Кудайга шүгүр, мен оптимисттик маанайдамын. Египеттиктер өлкөнү бул кризис мезгилде чындап башкара ала турган президентти туура шайлайт деп үмүттөнөм.

Аскерий кеңеш кимди каалайт?

Секулярист талапкерлердин топ жаруучуларынын экинчиси - азыр бийликтин эки тизгин бир чылбырын бекем кармап турган Аскерий кеңеш каалаган адам.

Ахмед Шафик - аскер-аба күчтөрүнүн мурдагы командачысы, он жыл жарандык авиация министри, Мубарак бийлигинин эң акыркы күндөрү бир ай премьер-министр болгон.

Аскерий чөйрө президенттикке, албетте, Шафиктин шайлануусун көздөрү анык.

Аналитиктердин пикиринде, Аскерий кеңеш үчүн Амр Муса деле исламчыл же солчул талапкерлерге салыштырмалуу бөлөк-бөтөн киши эмес.

Бирок исламчылардан алдыга озо алуучулардын бири Абдул Монейм Абул Фотухтун президенттикке келиши Аскерий кеңеш үчүн проблема жаратуусу мүмкүн. Ал шайлоо өнөктүгү учурунда армиянын жогорку эшалонун жаш лидерлер менен алмаштырууну убада кылган.

Аналитиктердин болжолунда, Египеттин аскерий жетекчилиги президенттикке ким шайланбасын саясий жараяндарга таасирин сактап калууга болушунча умтулат. Бул эми алдыда жаңы Конституцияны даярдоо жараяны учурунда көрүнмөкчү.

Египеттин жаңы Конституциясы али жазыла электигин эске алганда, болочок президент кандай ыйгарым укуктара ээ болору, исламчыл күчтөрдүн шарият мыйзамын ролун жогорулатуу жөнүндөгү талаптары канчалык ишке ашары азырынча анык эмес.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG