Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:53

Орусияда наристени өлтүргөн деп айыпталган өзбек аялдын соту башталды


Сакчылар Бобокулованы сотко алып келүүдө.
Сакчылар Бобокулованы сотко алып келүүдө.

Москвада төрт жашар кызды өлтүргөн деп айыпталган Өзбекстандын жараны Гүлчехра Бобокулованын үстүнөн сот башталды. Ал быйыл 29-февралда өзү бала багуучу болуп иштеген үйдөгү наристенин башын кесип, аны колуна көтөрүп жүргөн жеринен кармалган.

Орусиялык булактар ал сотто күнөөсүн мойнуна алганын жазып чыгышты. Бобокуловага жаш баланы өлтүрүү, башка бирөөнүн мүлкүнө зыян келтирүү жана жардыруу тууралуу жалган маалымат берүү тууралуу айыптар тагылган. Сот анын камактагы мөөнөтүн 4-апрелге чейин узартты. Буга чейин экспертиза айыпталуучунун акыл-эси жайында эместигин аныктаган.

XS
SM
MD
LG