Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:59

Шайлоо Египетти эки жаатка бөлчүдөй


Мухаммед Мурсинин аял тарапкерлери президенттикке талапкердин сүрөтү тартылган плакаттар менен. Тахрир аянты. 18-июнь 2012

Мухаммед Мурсинин аял тарапкерлери президенттикке талапкердин сүрөтү тартылган плакаттар менен. Тахрир аянты. 18-июнь 2012

Египеттин "Эркиндик жана адилеттик" партиясы 16-17-июндагы президенттик шайлоодо алардын талапкери Мухаммед Мурси жеңгенин жарыялады.

Бул партия - "Мусулман агайиндер" кыймылынын саясий канаты саналат. Добуш берүүнүн расмий жыйынтыгы 21-июнда жарыяланаары боолгонууда. Жарыша эле өлкөнү башкаруучу Жогорку Аскерий Кеңеш жаңы конституциянын долбооруну даярдоо боюнча 100 адамдан турган комиссия түзгөнүн, жаңы башмыйзам бекитилмейин жаңы парламенттик шайлоо өткөрүлбөсүн маалымдады.

1952-жылдын 23-январындагы ынкылаптан бери Египет аскерий башкаруу астында болду.


“Мусулман агайиндер” кыймылынын саясый канаты - "Эркиндик жана адилеттик" партиясы БШКнын расмий маалыматын күтпөстөн эле өз өкүлүн президенттик шайлоонун жеңүүчүсү деп жарыялап жиберди.

Агайиндердин билдиришинче, добуштардын 95 проценти саналган соң Мухаммед Мурсини шайлоочулардын 52 проценти, атаандашы, мурдакы премьер-министр Ахмед Шафикти 48 проценти колдогон.

Мухаммед Мурси тарапкерлери алдында сүйлөп, “бардык египеттиктердин, мусулмандар менен тарсалардын президенти болом, бардык элге кызмат кылам” деп сөз берди.

"Мусулман агайиндердин" колдоочулары Каирдин Тахир аянтында Мухаммед Мурсинин жеңишин майрамдашууда. 18-июнь 2012

"Мусулман агайиндердин" колдоочулары Каирдин Тахир аянтында Мухаммед Мурсинин жеңишин майрамдашууда. 18-июнь 2012

“Мусулман агаиндердин” Каирдин Тахрир аянтына чогулган жактоочуларынын бири Мухаммед Зикки Ройтерс телеканалына берген интервьюда, Египеттин тарыхында биринчи жолу мамлекет башына аскерий эмес адам келгенин айтты:

- Кудайга тобо, Египет эли көпчүлүк добуш менен доктор Мухаммед Мурсини өлкөнүн биринчи жарандык президенти кылып шайлаган соң биз аскерий башкаруудан бошондук деп айта алабыз. Египет алдыга кадам таштады. Кудай өзү күбө, эми Египеттин тарыхында биринчи жолу бийлик жарандык өкмөткө өтөт. 1952-жылдын 23-январындагы ыңкылаптан бери Египет аскерий башкаруу астында болду. Бүгүнгө чейин абал начарлап жатты. Бийлик эми жарандарга өтөт. Бул Кудайдын эрки.

1952-жылы офицерлердин тобу падыша Фарукту кулатып, кийинки жылы Египетти республика деп жарыялашат.

Ахмед Шафиктин штабы “Мусулман агайиндердин” билдирүүсүнө таң калышканын, БШКнын ырасмий маалыматын күтөрүн кабарлады.

Бул тушта Египетти башкаруучу Жогорку Аскерий Кеңеш “конституциялык декларацияга” өзгөртүү киргизди. Ага ылайык, Кеңеш мыйзам чыгаруу жана финансылык көзөмөл укугун өзүнө алды. Ошондой эле жаңы конституциянын долбоорун даярдоо боюнча 100 адамдан турган комиссия түзгөнүн, жаңы башмыйзам бекитилмейин жаңы парламенттик шайлоо өткөрүлбөсү маалымдалды.

Аскердик Кеңешти Хосни Мубарак доорунда 20 жыл коргоо министри болгон фельд-маршал Хусейн Тантави жетектейт.

Өткөн жумада Египеттин Конституциялык соту парламенттик шайлоону мыйзамсыз деп таап, анын милдетин өзүнө өткөрүп аларын билдирген. Былтыр күздөгү шайлоодо парламенттеги көпчүлүк мандатты “Мусулман агайиндердин” өкүлдөрү жеңген жана мыйзам чыгаруу укугун генералдар башындагы кеңештен өткөрүп алган.

Бирок "Эркиндик жана адилеттик" партиясы Аскерий Кеңеш менен Конституциялык соттун акыркы чечимдерин тааныбасын кулак какты кылды.

Өткөн жумада АКШ Мамкатчысы Хиллари Клинтон Аскердик Кеңешти демокртиялык жолдон баш тартпоого үндөгөн. Бул ойду америкалык конгрессмен Дэвид Дрейер Ройтерс телеканалына берген интервьюда колдоду:

- Мен билем: Эки жакта тең чочулоо күчтүү. Менин оюмча, биз аларды демократия жана эркиндиктин кеңири кулач жайуусуна багыттылган иш-чараларды колдоорубузду ишендирүүбүз керек. Артка кетенчиктөө оюбузда жок экенин аларды ишендирүүбүз керек деп ойлойм.

Дэвид Дрейер байкоочу катары шайлоонун жүрүшүнө жана добуштарды саноого Каирде көзөмөл салууда.

Шайлоонун расмий эмес жыйынтыктары Египет эли эки жаатка бөлүнгөнүн көрсөтүүдө. Элдин бир бөлүгү Ахмед Шафикти былтыр президенттиктен кулатылган Хосни Мубарактын бийлигин улантат деп кооптонушат. Ал эми экинчи бөлүгү Мухаммед Мурси өлкөдө исламчыл бийликти орнотот, диний азчылыктар менен аялдардын укуктарын чектейт деп чочушат.
XS
SM
MD
LG