Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:22

Египетте жарым жыл ичинде шайлоо өтөт


Египеттин канга бөлөнгөн байрагынын артынан Каирде "Мусулман агайындардын" массалык демонстрациясы көрүнүп турат, 8-июнь, 2013
Египеттин канга бөлөнгөн байрагынын артынан Каирде "Мусулман агайындардын" массалык демонстрациясы көрүнүп турат, 8-июнь, 2013

Египеттин убактылуу президенти Адли Мансур жыл аягына чейин өлкөдө парламенттик жана президенттик шайлоолорду өткөрүүнү караган жардыгын чыгарды.

Мансурдун айтымында, парламентке шайлоо өлкөнүн азыркы Конституциясын жокко чыгарган референдум өткөрүлгөндөн кийин гана болот. Башмыйзам өлкөдө өткөн аптада иштен чыгарылган. Мамлекеттин аскерий жетекчилиги исламчыл президент Мухаммед Мурсини бийликтен кулатып, бул Конституция мындан ары күчүн жоготоорун жарыялаган болчу.

Убактылуу президент Адли Мансур шайлоонун мөөнөтү тууралуу жардыгын кечээ кечинде чыгарды.

Анын алдынан Каирде президенттиктен кетирилген Мухаммад Мурсинин колдоочулары менен ага каршы болгондордун кагылыштарында дүйшөмбүдө кеминде эле 51 адам өлгөнү кабарланган эле.

“Мусулман агайындар” кыймылы Мурси камакта отурат делинип жаткан аскерий казарманын жанында анын колдоочулары митингге чогулганда армия аларга ок атты деп билдирди. Армия болсо провокацияга гана жооп кайтарганын айтат.

“Мусулман агайындар” бүгүн да элди нааразылык демонстрациясына чакырган.

АКШ Египеттин армиясын “максималдуу токтоолукка, сабырдуулукка” чакырды.

Мамлекеттик департаменттин расмий өкүлү Йен Псаки кечээ Вашингтондо журналисттерге сүйлөп: "Албетте, биз Египетте зомбулук бүтүн өлкөгө жайылып, саясий чачырандылык коркунучтуу деңгээлге жеткенине тынчсызданып жатабыз. Кандай гана зомбулук болбосун, ага кандай гана чакырык болбосун, анын баарын катуу айыптайбыз, - деди. - Набыт болгондордун жакындарына көңүл айтабыз жана жарадар болгондор тезирээк айыгып кетишин каалайбыз. Армияны өтө сабырдуу болууга, демонстранттарды болсо митингдерин тынч өткөрүүгө үндөйбүз".

Расмий Вашингтон ошол эле маалда, Египетке берип келаткан каржылык колдоосун токтотпой турганын да белгиледи.

Ак үйдүн расмий өкүлү Жей Керни президент Мурсини бийликтен кулаткан армиянын аракетин “аскерий төңкөрүш” деп таануу керекпи же жокпу деген маселеге Вашингтондо азырынча чекит коюла электигин айтты. Американын мыйзамдарына ылайык, эгер Вашингтон муну “аскерий төңкөрүш” деп расмий тааныса, анда каржылык колдоосун токтотушу керек.

Египеттин армиясы Вашингтондон жылына 1.3 млрд.доллар колдоо алат. Армия өзү мамлекеттеги соңку окуяны “аскерий төңкөрүш” эмес, “элдин каалоосунун аткарылышы” деп гана атады. Анткени соңку окуялардын алдынан миллиондогон эл Мурсинин саясатына каршы демонстрацияларга чыккан эле.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG