Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:27

Түркияда 73 учкуч камакка алынды


Инжирликтеги аба базасы
Инжирликтеги аба базасы

Түрк бийлиги 73 учкучту камоого буйрук берди. Алар июлдагы төңкөрүш аракетине катыштыгы бар деп айыпталып жатканын жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты. Камака алуулар Конья шаарындагы авиа базада жүргүзүлүүдө. Бул июль төңкөрүшүнө байланыштуу өтүп жаткан камоолордун үчүнчү толкуну. Өткөн жумада ушул эле базада 99 аскер камалган. Беш айдан бери 35 миң киши, негизинен аскер кызматкерлери камакка алынды. Он миңдеген адамдар кызматтарынан четтетилди.

Сентябрь айынын соңунда юстиция министри Бекир Боздаг миңдеген соттук иштерди өткөрүү үчүн жаңы имараттарды куруу зарылдыгын айткан.

Расмий Анкара төңкөрүш аракетинин артында бозгундагы диниятчы Фетхуллах Гүлен турган деп айыпташса, Гүлен өзү мындай айыптоолорду четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG