Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:03

Египетте дагы кан төгүлдү


Синайдагы коопсуздук күчтөрү жайгашкан комплекстеги жарылуудан кийинки түтүн. 7-октябрь, 2013-жыл
Синайдагы коопсуздук күчтөрү жайгашкан комплекстеги жарылуудан кийинки түтүн. 7-октябрь, 2013-жыл

Коопсуздук күчтөрү билдиргендей, бүгүн куралчандар Суэц каналынын жанындагы Исмаилия шаарында он аскерди атып кетишти. Кечээки кагылыштарда 50дөн ашык кишинин өмүрү кыйылган эле.

Бийликтердин айтымында, Исмаилия шаарында куралчандар текшерүү бекетинде машинага ок ачканда он аскер окко учту. Кол салуу соңку айларда коопсуздук күчтөрүнө чабуулдар көп болуп жаткан шаардын түндүгүндө орун алды.

Баш калаа бүгүн Каирде белгисиз бирөөлөр сателлит табактарын гранатадан аткылашты. Бир байланыш табагы талкалангандыгы кабарланууда. Ал арада Синайдагы ал-Тур шаарында коопсуздук күчтөрү жайгашкан комплексте машинага катылган бомба жарылды. Аз дегенде эки кишинин өмүрү кыйылып, 48и жараат алды.

Армия соңку кездери Синай жарым аралында исламчыл согушкерлерге каршы кеңири операцияларды өткөрүп жатат. Исламчылар бул аймакта ондогон аскерлерди жана тартип коргоочуларды атып кетишти.

Жекшембиде Египеттин чар тарабында коопсуздук күчтөрү менен кулатылган президент Мухаммад Мурсинин колдоочуларынын ортосундагы кагылыштарда аз дегенде 51 киши набыт кеткен эле.

Египеттеги кагылышуу
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:59 0:00

Мурсинин колдоочулары баш калаа Каирдеги борбордук Тахрир аянтына кирүүгө аракет кылганда, коопсуздук күчтөрү алардын жолун тосту. Бул кагылыштарда 40 кишинин каны төгүлгөнү кабарланды. Тахрирде бул күнү армия колдогон убактылуу өкмөт 1973-жылдагы Араб-Израил согушунун башталышын белгилеп жаткан.

Ички иштер министрлиги жекшембиде өлкө боюнча Мурсинин 423 колдоочусу кармалганын билдирди. Армия Мурсини бийликтен кулаткандан бери Египетте жүздөгөн кишинин өмүрү кыйылды. Мурси өзүнө каршы катуу толкундоолордон кийин июль айында бийликтен кулатылган.

Ал арада Египеттин бийликтери жаңы Конституциянын долбоорун даярдоо иши уланып жаткандыгын бышыктады. Өлкөнүн убактылуу президенти Адли Мансур ушул ишембиде теледен элге кайрылып, Башмыйзам жазылып бүткөндөн кийин парламенттик жана президенттик шайлоо болот деп сөз берди:

- Бүгүн биз бардык египеттиктер үчүн Конституция жазып жатабыз. Аны бардык египет жарандары жазып жатат. Ал бир гана диндин өкүлдөрү, бир топ үчүн эмес, Египетти бир мамлекет деп эсептегендер үчүн жазылууда.

Жекшембидеги кагылыштар 2011-жылдын февралында Хосни Мубарак кулатылгандан кийин башталган толкундоолордун акыркысы болуп калды. Бул күнү полиция Мурсинин колдоочуларына ачуу газ чачты. Каирде жума күнү да Мурсинин колдоочулары менен коопсуздук күчтөрүнүн кагылышында аз дегенде төрт кишинин өмүрү кыйылган.

Бириккен Улуттардын баш катчысы Пан Ги Мун Египеттеги тополоңдун күч алышына тынчсыздануу билдирди. Жума күнү ал «нааразылык билдирүүнүн тынчтык мүнөздө болушунун зарылдыгын» баса белгиледи.

XS
SM
MD
LG