Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:47

Ташиев Жалал-Абад шаарындагы абалды бийликтин оюну деп атады


Камчыбек Ташиев
Камчыбек Ташиев

Мурдагы депутат, “Ата журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Жалал-Абад шаардык кеңешиндеги фракциялардын тил табыша албай жатканын бийликтен көрдү. Муну атайын уюштурулган оюн катары сыпаттаган Ташиев, КСДП жана “Кыргызстан” фракциялары коалицияга кирбей калганынан улам ушундай жагдай жаралганын “Азаттыкка” айтты:

- Шайлоодон уткан беш партия шаардык кеңешке келишти. Оппозициядагы үч фракция биригип коалиция түздү. Бийликчил КДСП жана “Кыргызстан” фракциялары буга ызаланып, мыйзамсыз аракеттерди көрүүдө. Элдин тандоосу менен түзүлүп жаткан жергиликтүү бийликке бут тоспош керек.

2016-жылдын 11-декабрында өткөн шайлоодо “Өнүгүү-Прогресс”, “Ата-Журт”, “Республика Ата-Журт”, КСДП жана “Кыргызстан” партиялары уткан. 12-январда шаардык кеңештин жыйынына акыры эки партия мүчөлөрү келбей койгон. Жыйынтыгында “Өнүгүү-Прогресс”, “Ата-Журт” жана “Республика Ата-Журт” партиялары коалицияга бириккен. Алар төраганы да, анын орун басарын да шайлашкан.

Андан соң эки партия Жалал-Абад райондор аралык сотуна жана калаа прокуратурасына кайрылып, алгачкы сессия мыйзамсыз болгон деп даттанышкан. Сот чечими менен шаардык кеңештин 16-январга белгиленген сессиясы токтотулган. Бул маселе 27-январда сотто каралат.

Жагдайды мурдараак парламенттеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев да сындап, КСДП жана “Кыргызстан” партиясы кеңештин ишине тоскоолдук жаратып жатканын билдирген. (SE)

XS
SM
MD
LG