Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:10

Египет: бирөөгө миллиард, башкага кара нан


Ата-бала Мубарактар
Ата-бала Мубарактар

Египеттин көчөгө чыккан эл бийликтен кетүүсүн талап кылып жаткан президенти Хосни Мубарактын үй-бүлөсүнүн байлыгы 70 миллиард долларга чейин жетиши мүмкүн. Бул тууралуу Батыш басма сөзүндө аймак боюнча эксперттер айтышууда.

Египетте али басыла элек толкундоолор учурунда мамлекет башында отуз жылдан ашуун мезгилден бери турган Хосни Мубарактын өзүнүн жана бала-чакасынын байлыгы канча деген маселе да көтөрүлдү. Анткени жүз миңдеп толкуган элдин көчөгө чыгуусунун бир жүйөөсү жанга баткан жакырчылык жана жумушсуздук болду.

Египет өкмөтүнүн жана эл аралык уюмдардын расмий маалыматы боюнча Египет калкынын бери дегенде 20% жакырчылыктын чегинде жашайт, жумушсуздардын 90% 30 жашка чейинки жаштар.

Тахрир аянты, 8-февраль, 2011-жыл
Толкундоолор күчөп турган учурда берүүлөрүн англис тилинде таратуучу “ал-Жазира” телеканалы көпчүлүк "бийликти атасынан өткөрүп алат" деп жоромолдонгон Мубарактын уулу - Гамалдын Лондондун эң кымбат районундагы үйү делген имараттын сыртынан репортаж уюштурду.

Ал эми британдык “Гардиан” гезитинин жазганына караганда, Жакынкы Чыгыштагы эксперттер менен аналитиктердин эсебинде, Мубарак үй-бүлөсүнүн 70 миллиард долларга жетиши мүмкүн болгон байлыгынын басымдуу бөлүгү Британия менен Швейцариянын банктарында катылган же Лондон, Нью-Йорк, Лос-Анжелес шаарлары менен катар Кызыл деңиздин жээгиндеги кымбат баалуу райондордо кыймылсыз мүлккө айландырылган.

Үй-бүлөнүн колуна топтолгон байлык

Арабдардын “Ал-Кабар” деген гезити өткөн жылы эле Мубарактын Нью-Йорктун Манхэттен, Лос-Анжелестин байлар жашаган айтылуу Беверли Хилз районунда кыймылсыз мүлкү бар болгону тууралуу жазып чыккан. “Гардиан” басылмасы белгилегендей, Мубарактын эки уулу: Гамал менен Аля да миллиардерлер.

Каирдеги парламенттин алдындагы демонстрация, 8-февраль, 2011-жыл
Аталган басылма АКШдагы Принстон университетинин саясий илимдер боюнча профессору Амани Жамалдын (Amaney Jamal) сөздөрүн келтирет. Илимпоздун пикиринде, Мубарактын байлыгынын 40-70 миллиард доллар деп бааланышы бул жагынан ал Перси булуңундагы мунайлуу өлкөлөрдүн көпчүлүгүнүн лидерлеринен кем калбайт дегенди билдирет. “Мубарактын режиминде коррупция кеңири кулач жайган жана коомдук ресурстар жеке кызыкчылык үчүн пайдаланылган”,-деди америкалык профессор “Эй Би Синин” журналистерине.

Мубарактын өкмөтүндөгү коррупция тууралуу “Ал-Жазира” телеканалына берген интервьюсунда арабдардын “Ал-Кудус, ал-Араби” гезитинин башкы редактору Абдел Бари Атван да айтат:

- Сиз Мубарактын өкмөтүнөн көптөгөн бизнесмендерди, бирок иш жүзүндө министрлерди таба аласыз. Мисалы - соода министри Мухаммед Рашид. Алар бийликте маанилүү кызматты ээлөө менен өкмөттү жана бизнес секторду көзөмөлдөшөт.

Ар кандай жоромолдор болгону менен Мубарактар байлыкты кантип топтогону жана алар азыр кайда экендиги тууралуу так маалымат жок.

Пайда алып келчү булактар көп

“Гардиан” гезити Британиядагы Дарем университетинин Жакынкы Чыгыш саясаты боюнча прфессору Кристофер Дэвидсондун (Christopher Davidson) көз карашын келтирет. Анын болжолунда, Мубарак, жубайы Сюзанна жана эки уулу 70 миллиард долларга жеткен байлыкты чет өлкөлүк инвесторлор, компаниялар менен бизнес өнөктөштүккө баруу аркылуу жыйнаган. Мунун башаты ал президенттикке чейин эле армияда жетекчилик кызматты ээлеген кезге барып такалат. Кызмат абалы Мубаракка корпоративдик коррупцияны өз кызыкчылыгында колдонууга жакшы мүмкүндүк берген.

Демонстранттар Тахрир аянтында түндү да өткөрүшүүдө.
Жакынкы Чыгыш боюнча адис белгилегендей, Перси булуңундагы өлкөлөрдүн көпчүлүгү чет өлкөлүктөргө ишкана ачууда жергиликтүү өнөктөшкө анын 51% үлүшүн берүүнү талап кылат. Египетте бул көрсөткүч адатта 20%, бирок ушул деле саясатчыларга жана алардын армиядагы өнөктөштөрүнө баштапкы чыгымсыз, аз тобокелчилик менен эле ири өлчөмдө пайда берүүчү булак катары кызмат кылууда.

“Акчалардын басымдуу бөлүгү Швейцариянын банктарында жатат же Лондондун кыймылсыз мүлкүнө салынган. Жакынкы Чыгыш лидерлеринин көпчүлүгү ушундай кылышат жана бизде Мубарак бөлөк жолду тандап алды деп айтууга жүйөө жок”,-дейт профессор Кристофер Дэвидсон.

Ал эми “Акыркы фараон: Мубарак жана Обама доорундагы Египеттин белгисиз келечеги” деген китептин автору Аладдин ал-Аасардын (Aladdin Elaasar) айтымында, Хосни Мубарак Египетте бир нече резиденцияга ээлик кылат. Алардын айрымдары мурдагы президенттерден жана падышадан мурасталган, бир бөлүгүн президент сатып алган. Мындан сырткары Египеттин таанымал Шарм эл-Шейх курортунун айланасындагы мейманканалар жана жер да Мубарак үй-бүлөсүнүн байлыгынын кошумча булагы.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG