Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:23

Египет: оппозиция референдумдун жыйынтыгын тааныбайт


Оппозиция жаңы Баш мыйзам аялдардын укугун бузат деп билдирди
Оппозиция жаңы Баш мыйзам аялдардын укугун бузат деп билдирди

Египетте оппозиция Конституция боюнча өткөн референдум орой мыйзам бузуулар жана көз боемочулуктар менен коштолгон деп билдирди.

Кечээ оппозициянын “Улуттук куткаруу фронту” эки баскычтуу референдумдун жыйынтыгын тааныбай, сотко кайрылаарын, анткени шайлоодогу олуттуу көз боемочулуктар анын жыйынтыгын өзгөрткөнүн айтты. Шайлоонун экинчи бөлүгү өткөн ишембиде болгон.

Оппозициянын жогоруда аталган Фронтунун өкүлү Амр Хамзави шайлоонун расмий жыйынтыгын жарыялоодон мурун шайлоо комиссиясы мыйзам бузууларды кылдат иликтеши керек деди.

Хамзавинин ишениминде, Баш мыйзамдын бул долбоору жумурияттын келечеги үчүн бекем пайдубал боло албайт:

- Биз бул Конституцияны легитимдүү деп эсептебейбиз. Ал биздин негизги укуктарыбызды бузат, социалдык жана экономикалык, жарандык жана жеке укуктарыбызга каршы келет. Ал биздин социалдык жактан акыйкат коомду, демократиялык системаны куруудагы жалпыбыздын кызыкчылыгыбызды бузат. Ошондуктан биз бул Конституцияны тынч, демократиялуу жол менен жоготууга аракет кыла беребиз.

"Татыксыз мыйзам"

Оппозиция элди бул жаңы конституцияга добуш бербөөгө үндөгөн. Анткени алар эң оболу Баш мыйзам өлкөдөгү “майда улуттар менен аялдардын укугун бузат” деп түшүндүрүшкөн. Секулярдуу оппозициянын ишениминде, аталган мыйзам исламчылардын кызыкчылыгын гана коргойт.

Оппозициянын Куткаруу фронтунун дагы бир өкүлү, либерал саясатчы Хамдин Сабахи Баш мыйзамды жокко чыгарыш үчүн күрөштү уланта беришээрин бышыктады:

- Биз бул Конституцияны мүмкүн болушунча эртерээк жок кылыш үчүн өзүбүздүн жамааттык аракетибизди уланта беребиз, анткени ал египеттиктерге татыктуу мыйзам эмес.

Шайлоонун жыйынтыгын иликтөө боюнча оппозициянын чакырыгын Батыштагы өлкөлөрдүн ичинен Германия биринчи болуп колдоду. Немис тышкы иштер министри Гидо Вестервелле жаңы Конституцияны кабыл алуу процесси түрдүү айыптоолордон сырт болгон күндө гана аны жактырууга болот деп ишенээрин билдирди.

Ал арада жумурияттагы мамлекеттик “Ал-Ахрам” маалымат агенттиги жаңы Баш мыйзамды добуш берүүчүлөрдүн 64% колдогонун кабарлады.

Референдумга өлкөдө добуш берүүгө укуктуу 51 млн.адамдын 32% катышкан. Египеттин Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн соңку расмий жыйынтыгын бүгүн тастыкташы керек.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG