Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:54

Египет: оппозиция күрөштү токтотпойт


Каирдин Тахрир аянтында өкмөткө каршы өткөн демонстрация. 11-декабрь, 2012-жыл.
Каирдин Тахрир аянтында өкмөткө каршы өткөн демонстрация. 11-декабрь, 2012-жыл.

Египетте оппозиция Конституциянын жаңы долбоорун жокко чыгаруу үчүн нааразылык акцияларын улантууну убада кылды.

Оппозиция Баш мыйзамды четке какканы менен өлкө президенти ал Египетти стабилдүүлүккө алып келет деген ишенимин билдирип жатат. Бул аралыкта саясаттагы чалкештиктердин таасири экономикада сезиле баштады.

Оппозиция жактоочулары Египеттин өлкөнү өнүгүүнүн жаңы баскычына киргизет деп үмүт артылган Баш мыйзамы кабыл алынганы менен, ал демократиялык эркиндиктерди, аялдар менен азчылыктардын укуктарын кепилдебейт деп четке кагышууда.

Нааразылык акциялары референдумдун алдында эле башталган болчу. Адегенде президент Мухамед Мурсинин өз ыйгарым укуктарын жардык менен кеңейткен чечимине нааразы болгон оппозиция кийин аны өзүнө жана аны колдогон саясий күчкө гана ылайыктуу Баш мыйзам долбоорун референдумга шашылыш алып чыкты деп айыптаган.

Эми оппозициянын негизги уюму жаңы Конституцияга жана президент Мурсиге каршы тынч демонстрацияларды уланта берерин убада кылууда.

Улуттук сактоо майданы деген бирикменин өкүлү Хусеин Абдел Гани бейшембиде Каирдеги басма сөз жыйында:

- Улуттук сактоо майданы парламенттин Жогорку палатасын азыркыдай шартта куроону, пара бөлүштүрүү саясатын, президент Мурсинин учурундагы чын ниетсиз жана олуттуу эмес диалогду четке кагарын дагы бир жолу билдирет. Мындан улам ыңкылапчыл духта турган адамдарды бул Конституциянын легитимсиздигине каршы 25-январдагы улуу ыңкылаптын экинчи жылдыгында, ыңкылаптын борбору Тахрир аянтына нааразылыкка чыгууга үндөйт.

“Нью-Йорк Таймс” гезитинин жазганына караганда, Египеттин “проблемалуу” Баш мыйзамы мурдагы президент Хосни Мубаракты бийликтен кулаткан ыңкылаптын айрым негизги талаптарын орундатты, парламенттин ыйгарым укуктарын кеңейтти.

Бирок ал генералдарга Мубарак доорундагыдан да көп бийлик жана артыкчылык берет. Бирок жарандык укуктарды коргоо жагынан алсыз.

Президент Мурси кол коюп, Баш мыйзам күчүнө кириши менен Египетте мыйзам чыгаруу бийлиги парламенттин жогорку палатасы - Шура Кеңешине өттү. Ал жерде өкмөттөгүдөй эле, исламчылар үстөмдүк кылат. Парламенттин төмөнкү палатасы болсо алдыда шайланып келүүсү керек.

"Эл тандаган Конституция"

Президент Мурси шаршембиде, Конституция кабыл алынгандан кийинки алгачкы телекайрылуусунда египеттиктер Баш мыйзамды “толугу менен айкын” референдумда жактырды деп ырастады:

- Египеттин бүткүл калкы, биз бүгүн жаңы Конституцияны майрамдоо үчүн турабыз. Бүгүн тарыхый күн. Египет жана египеттиктер эркин Конституцияга ээ болушту. Аны падыша берген жок. Президент же басып алуучу таңуулаган жок. Бул - Египеттин эли өзүнүн эрки менен тандаган Конституция.

Эки айлампа менен өткөн референдумдун ушул шейшембиде жарыяланган расмий жыйынтыгына караганда, Баш мыйзамды добуш бергендердин 64% жакыны колдогон. Бирок референдумга Египеттин 52 миллион шайлоочусунун үчтөн бири эле келген.

Элге кайрылуу менен чыкканга чейин президент Мухамед Мурси Конституцияга кол койгон учурунда саясий күчтөрдүн баарын улуттук диалогго да үндөдү:

- Референдумдун жыйынтыгынан улам, өлкөнү куруу үчүн биз баарыбыз биригүүбүз керек. Диалог мына ушундан улам зарыл болуп турат. Ансыз мүмкүн эмес. Биз баарыбыз алдыда чыгуучу маселелер боюнча мына ушул улуттук диалогдун алкагында сүйлөшүүбүз абзел.

Мурси өз сөзүндө оппозиция жактоочуларынын референдум бурмалоолор менен өттү деген ырастоолорун четке какты. Алдыда экономика менен алектенип, кризисти жөнгөрүүнү убада кылды.

Египет былтыр февралда мурдагы президент Хосни Мубарак элдин толкундоонун арты менен бийликтен кулатылгандан бери саясий баш аламандыктан арыла албай келет. Бул өз кезегинде Египеттин экономикасына олуттуу сокку ургандай болду.

26-декабрда Египеттин улуттук акчасынын АКШ долларына болгон катышы акыркы сегиз жылдагы эң төмөнкү чекке түшүп кеткен. Мындан улам египеттиктер акчаларын банктардын чыгарып, доллар сатып алууга ашыгышкан.

“Нью-Йорк Таймс” гезити жазгандай, 2010-жылдан бери Египеттин чет элдик валюта кору 36 миллиард доллардан 15 миллиард долларга азайган.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG