Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:40

Египетте эл өкмөткө каршы митингге чыкты


Өкмөткө каршы чыккан жаштар "6-апрель кыймылын" түзүшкөн, 25-январь, 2011
Өкмөткө каршы чыккан жаштар "6-апрель кыймылын" түзүшкөн, 25-январь, 2011

Египетте оппозициялык күчтөр Тунистеги ыңкылаптан кийин эми өз өлкөсүндө да жакырчылыкка, коррупцияга жана өкмөттүн кысымына каршы массалык нааразылык акциясына чыгышты.

Египеттин бир топ аймактарында миңдеген адамдар 25-январда оппозиция уюштурган демонстрацияга чыгып, президент Хосни Мубарактын бийликтен кетишин талап кылышты.

Полиция "Мубарак кетсин!" дегендерди таркатыш үчүн суу да чачып жатты, 25-январь, 2011
Полициянын темир тосмолорун ашып өткөн демонстранттарга каршы полиция Каирде көздөн жаш чыгарчу газ чачты. Борбордогу Тахрир аянтына чогулгандар “Мубарак кетсин!” деп кыйкырып жатышты.

Бул күнкү демонстрацияга оппозиция элди интернеттеги “Facebook” жана “Twitter” социалдык түйүндөрү аркылуу чакырган. Алар бул күндү “Кыйноолорго, жакырчылыкка жана коррупцияга каршы ыңкылап күнү” деп да жарыялашкан эле. Акцияга катышуу ниетин билдиргендердин саны 80 миңге жеткени кабарланды.

Өлкөдө эң ири оппозициялык кыймыл катары эсептелген “Мусулман агайындар” нааразылык акциясын формалдуу колдобогону менен, анын көптөгөн мүчөлөрү өз алдынча катыша турганын билдиришти.

Египеттеги онлайн активисттер жумуриятты дээрлик 30 жылдан бери башкарып келаткан президент Хосни Мубарактын катуу сынчыларына айланышкан. Алар ушул айда президентин өлкөдөн кууп чыккан тунистиктердин ыңкылабын кайталаганга аракет кылышаарын айтышты. Каирде башаламандыктарга жол бербеш үчүн 30 миңдей полисмен тартылган.

Биримдиги жок оппозиция

Адатта, Египеттеги нааразылык демонстрацияларына көп деле эл чыкпайт жана полиция аларды тез эле көчөдөн сүрүп чыгарат. Оппозиция да алсыз экени, ыдырап кеткени айтылып жүрөт.

Демонстранттардын полиция менен кагылышы, 25-январь, 2011
Демонстрацияга чакырык бул ирет интернетте таркатылгандыктан, азыр аналитиктер канчалык онлайн-кыймыл реалдуу нааразылык толкунун жаратууга салым кошо алаарын билүүгө кызыгышууда. Ал эле эмес, Тунистеги ыңкылап бүтүн арап дүйнөсүндөгү оппозициялык күчтөрдүн биригүүсүнө кандай таасир этээри да кызык болуп турат.

Египетте азыр ар бир үч адамдын экөө чөнтөк телефонун колдонгону да коопсуздук кызматтарын кыжаалатка салган жагдайлардын бири болду окшойт. Анткени мобилдүүлүк өскөнү митинчилер тез эле бири-бирине кабар берип, уюшула калышат деген тынчсызданууну жаратты.

“Эл аралык мунапыс” кору жергиликтүү бийликтерди “тынч митингге уруксат берүүгө” чакырган. Ички иштер министри Хабиб эл-Адли: “Демонстранттар мыйзамга каршы иш кылса, камакка алынат”, - деген.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG