Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:45

Египетте Мурсинин ондогон жактоочусу мерт болду


Египет -- Бийликтен кулатылган президент Мурсинин тарапкерлери атылган ок-дарылардын калдыктарын кармап турат. Каир, 8-июль, 2013.
Египет -- Бийликтен кулатылган президент Мурсинин тарапкерлери атылган ок-дарылардын калдыктарын кармап турат. Каир, 8-июль, 2013.

Египеттин Саламаттыкты сактоо министрлиги бийликтен кулатылган президент Мурсинин 51 тарапкери куралчандардын огунан набыт болгонун билдирди. Мурси камалып отурат деп шектелген казарманын жанындагы атышуу-кагылышуудан дагы 300дөн ашуун киши жарадар болду.

Египеттин утурумдук президенти Адли Мансур каза тапкандардын жакындарына көңүл айтып, окуяга байланыштуу терең өкүнүчүн билдирди. Бул кагылышуунун чоо-жайын териштире турган атайын соттук комиссия түзүлүп, иликтөөнүн жыйынтыктары коомчулукка кабарланмай болду.

Адли Мансур бардык тараптарды сабырдуулукка чакырып, көчөгө чыккан демонстранттар аскердик объекттерден оолак болушу керектигин эскертти.

Мурсинин жактоочулары дүйшөмбү күнкү бул чабуул үчүн армияны айыптады. Өлкөнүн куралдуу күчтөр өкүлү болсо, топтолгон элге ок аткандарды “куралчан террористтер” деп атап, армиянын бул кыянатчыл ишке тиешеси жок деп кошумчалады. Мурси камалып отурат деп шектелген казарманын жанында чогулган элдин бир тобу ал жерге чабуул коюп, кирип барууга аракеттенди. Чет элдик маалымат агенттиктери алардын арасында куралчан, жасалма бомба жана башка ок-дүрмөтчөн адамдар бар экенин маалымдайт.

Ройтерс агенттигинин кабарчысы менен маектешкен жарадар Мухаммед Али окуя болгон жерден буларды айткан:

- Мен барактардын жанында тургам. Бизди көздөй келаткан куралчандарды көрүп, качууга далбастадым. Жаңы эле бурулайын деп атканда бетиме көздөн жаш агызган газ урулду. Бети-башым канжалап, жерге куладым. Жаныма келген аскер автоматы менен мени бутка чаап, бүгүн аянтты силерден тазалашыбыз керек деп орой сүйлөдү.

Египетте алты күндөн бери уланып жаткан башаламандык эң ири араб өлкөсүнүн келечеги тууралуу чочулоолорду жаратты. Өткөн шаршембиде массалык демонстрациялардын кысымы алдында армия башчылары Мурсини бийликтен кетиргенин жарыялаган. Нааразылык акцияларына чыккандар Мурсини жана анын "Мусулман агайындар" кыймылын өлкөдөгү экономикалык кыйынчылыктар менен авторитардык бийлик орнотуу аракети үчүн жооптуу деп айыптаган.

Президентти бийликтен кетирүү туура болду, антпесе өлкөдө өнүгүү болмок эмес деп ишенгендердин биринин Ройтерс агенттигине айткан пикири:

- Бул Египет элинин жеңиши. Биз "Мусулман агайындар" кыймылына каршыбыз. Куралдуу күчтөрдүн командачысы, генерал Абдел Фатах ал-Сиси – улуттук баатыр. Египет мындан ары тынч өлкө болот. Бул өкмөттү кулатуу гана эмес, бул биздин абдан чоң ийгилигибиз, бул жолдон тайбайбыз.

Жума-ишемби күндөрү Мурсини колдогондор менен каршылаштардын тирешүүсүндө 35 киши курман болгон. Армия аскерлери Каирдеги эл көп чогулчу аянттарга унаа өткөрбөй жаап салды. Каирдеги эки башкы көпүрө жабык бойдон.

Дүйшөмбү күнкү ок атууну айыптап, Мурсинин кулатылышын колдоп келаткан Салафилердин "Нур" партиясы мындан аркы сүйлөшүүлөргө катышпай турганын билдирди. Алар ошондой эле либерал саясатчы Мухаммед ал-Барадейинин талапкерлеригин премьер-министрликке колдоодон баш тартты.

Египеттин утурумдук жетекчилери эми эл-Барадейинин ордуна социал-демократиялык партиядан юрист Зиад Бахаа ал-Динди өткөрүү үмүтүн билдирүүдө. Мухаммед ал-Барадейи дүйшөмбү күнү 51 кишинин өмүрүн алган чагымды айыптап, “Египет ушу тапта мунасага зар болуп турат” деп комментарийледи.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG