Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:14

Алеппонун тарыхый бөлүгү өкмөттүк армиянын карамагына өттү


Алепподогу кыйраган чиркөө
Алепподогу кыйраган чиркөө

Сириянын өкмөттүк армиясы Алеппо шаарынын тарыхый борборун өз карамагына алды. Бул тууралуу Британияда жайгашкан Сириядагы адам укуктарын көзөмөлдөгөн уюм 7-декабрда маалымдады. Куралдуу оппозициячыл күчтөр шаардын бул бөлүгүн төрт жылда мурда өз колуна алышкан.

Соңку күндөрү президент Башар Асадга караштуу күчтөр орус авиациясынын колдоосу менен козголоңчуларды Алеппо шаарынын көпчүлүк райондорунан сүрүп чыгышты.

6-декабрда жасаган билдирүүсүндө Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров калаадан өз ыктыяры менен чыгып кетүүнү каалабаган согушкерлер жок кылынарын айтты.

2012-жылдын август айынан тарта Алеппо экиге бөлүнүп калган: батышын өкмөттүк күчтөр басып алса, чыгышы козголоңчулардын колуна өткөн.

XS
SM
MD
LG