Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:51

Египетте өзгөчө кырдаал алынды


Экс-президент Мухаммед Мурсинин жактоочулары. Каир, 12-ноябрь 2013.
Экс-президент Мухаммед Мурсинин жактоочулары. Каир, 12-ноябрь 2013.

Египетте чукул кырдаал абалы жана түнкү коменданттык саат токтотулду. Катаал чараны токтотуу тууралуу чечимди Каирдин Административдик соту 12-ноябрда мөөнөтүнөн эки күн илгери чыгарды.

Чукул кырдаал абалы жана жарандардын түнкүсүн көчөгө чыгуусун чектөө исламчыл президент Мухаммад Мурсини бийликтен армия төңкөргөндөн кийин Египетти чаң тополоңго салган тирешүүлөргө байланыштуу 14-августта үч айга жарыяланып, 12-сентябрда дагы эки айга узартылган.

Египет армиясы колдогон улуттук өкмөт Каирдин административдик сотунун чукул кырдаал абалы жана түнкү коменданттык саат токтотулсун деген чечимин соттон тийиштүү кагаздар али келбегенине шылтап аткара элек. Жарандардын эркин жүрүү укугун чектеген сот чечимин Египеттин союздашы - Америка Кошмо Штаттары колдоду. Бирок АКШ Мамлекеттик департаментинин өкүлү Жен Псаки Египеттеги жагдай Вашингтонду тынчсыздандырганын билдирди жана Египет өкмөтүн бардык букаралардын укуктарын урматтоого, анын ичинде тынч жыйындарга чогулуу жана адамдардын жарандык сотто соттолушун камсыздоого үндөдү:

- Биз өкмөттү бардык египеттиктердин укуктарын сыйлоого үндөйбүз. Бул бардык египеттиктер жыйналуу жана оюн билдирүү эркиндигин кенен пайдалана алат, ошондой эле бардык камакка алынган жарандардын иши граждандык сотто гана каралганына кепилдик берилет дегенди билдирет. Биз ошон үчүн чукул кырдаал абалы токтотулушун колдойбуз, бирок бул жерде башка кооптонуу бар.

Чукул кырдаал абалы жана египеттиктердин түн ичинде көчөгө чыгуусуна тыюу салган аскерий тартип 3-июлда Мухаммед Мурсини армия президенттиктен оодаргандан кийин башталган кандуу тирешүүлөрдөн улам орнотулган. Өлкөнү он эки ай гана башкарганга үлгүргөн Мурсинин ордуна президент Адли Мансур жетектеген утурумдук өкмөт отургузулган.

Коргоо министри, генерал Абдел Фаттах ал-Сисинин портретин көтөргөн адам Каирдин чыгышындагы Наср Сити районунда аскерлердин арасында турат. 11-октябрь 2013
Коргоо министри, генерал Абдел Фаттах ал-Сисинин портретин көтөргөн адам Каирдин чыгышындагы Наср Сити районунда аскерлердин арасында турат. 11-октябрь 2013
Коопсуздук күчтөрү менен болгон кагылышууларда жүздөгөн адамдар, көбүнесе Мурсинин тарапкерлери жайран болгон. Миңдеген адамдар камакка алынган. Өзгөчө кырдаал жарыялангандан тарта зобун-зордуктар, коомдук тартипти бузуулар менен коштолгон нааразылык чыгуулар акырындап басылды.

Мурсинин идеологиялык таянычы болгон “Мусулман агайындар” кыймылынын тарапкерлери анын бийликтен четтетилишин мамлекеттик төңкөрүш деп айыпташкан. 62 жаштагы Мухаммед Мурси жана он төрт исламчыл 2012-жылы декабрда президенттин Каирдеги ак сарайынын жанындагы тополоңдо алты демонстрантты өлтүргөнгө жана көптөгөн адамдардын жарадар болуусуна жооптуу деп күнөөлөнүүдө. Алардын соту 4-ноябрда башталбай жатып, келерки январга которулган.

Египетте өзгөчө кырдаал абалын токтотуу талаштуу жаңы мыйзам долбооруна байланыштуу жарандык активисттердин өкмөткө кысымы күчөп турган учурга дал келди. Жакында бекитилет деп айтылып жаткан береги мыйзам бийликтен уруксатсыз ар кандай жыйындарга чогулганга жана жыйналыш өткөргөнгө тыюу салат.

Өлкөдө Мурсинин колдоочуларын куугунтуктоо токтой элек. 10-ноябрда Египеттеги эң мыкты футболдук командалардын бири “ал-Ахлинин” оюнчусу Ахмед Абдул Захир белгисиз мөөнөткө оюндан четтетилди. Анын күнөөсү - Африка лигасынын чемпионатында атаандаш клубдун дарбазасына гол киргизген соң Мурсинин жактоочулары сыяктуу төрт манжасын көрсөтүп, аскерче салам бергени болду.

Окуя иликтенип жаткан учурда футболистке маянасы төлөнбөйт. “Ал-Ахли” клубунун билдиришинче, быйылкы футболдук сезон бүтөр менен Захир башка футболдук клубга сатылат.

XS
SM
MD
LG