Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:31

АКШ Борбор Азиядагы сөз эркиндигине кабатыр


Ниша Десаи Бисвал
Ниша Десаи Бисвал

АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана БорборАзия боюнча жардамчысы Ниша Десаи Бисвал «Эркин Европа/Азаттык» радиосуна курган маегинде аймактагы журналисттер менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигине карата жасалган мамилелерге олуттуу тынчсыздануусун билдирди.

-Чөлкөмдөгү мамлекет башчылары, өзгөчө Түркмөнстандын жетекчиси менен сүйлөшүүлөрдө бул маселени дайыма көтөрөбүз,- деди Бисвал.

АКШ өкүлүнүн айтуусунда, Түркмөнстан өкмөтү эл аралык адам укуктары декларациясынын алкагындагы милдеттенмелерин аткарууга жана Баш мыйзамга ылайык адам укуктарынын сакталышын камсыз кылууга милдеттүү.

Жазындагы нааразылыктарды колдогон блоггерлер кармалган Казакстан тууралуу айтып жатып Бисвал ал окуяларды «кайгылуу» көрүнүш деп атады.

Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен Кыргызстан сөз эркиндиги боюнча салыштырмалуу эркин экени айтылат. Түркмөнстан менен Өзбекстанда абал начар. Тажикстан менен Казакстанда кысым күчөп баратканы сындалат.

XS
SM
MD
LG