Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:07

АКШ Египетти реформаларды тездетүүгө чакырды


Египеттин улуттук байрагы, 8-феврал, 2011-ж
Египеттин улуттук байрагы, 8-феврал, 2011-ж

Египетте 15 күндөн бери толкундоолор уланууда. АКШ Египетте ондогон жылдар өкүм сүргөн чукул кырдаалдар мыйзамын тезинен алып салууга чакырды.

Расмий Вашингтондун көз карашында, Египетте мамлекеттик башкаруу калың элдин колдоосуна ээ мыйзамдарга таянуусу керек.

Баш калаа Каирде Мубарактын бийлигине каршы нааразылык митинги үзгүлтүксүз уланууда. АКШ египет өкмөтүн чукул кырдаал боюнча – бийликти куралдуу күчтөргө берген мыйзамды тезинен жокко чыгарууга чакырды.

Шейшембиде АКШ вице-президенти Жое Байден Египеттин жаңы дайындалган вице президенти Омар Сулейман менен телефон аркылуу сүйлөшүүдө бул тууралуу айтып, журналист, активисттерди уруп-согуу, камакка алууларды токтотууга чакырды.

Улуттар уюмунун баш катччысы Бан Ки Мун Египет бийлиги менен калкына кайрылып, бийликти «тартип жана тынч» жол менен «канчалык тезирээк өткөрүп берсе ошончолук жакшы» экенини билдирип, бирок баштагыдай Мубаракты тезинен бийликтен кетүүгө чакырган жок.


Тахрирде чатырлар шаарчасы

15 күндөн ашуун уланып жаткан каршылык митингдеринин катышуучуларынын көбү түнкүсүн үй-жайына кетсе, жүздөгөн адамдар Тахрир аянтында чатырларда жатышат.

Taхрир аянтындагы чатырлар, 8-феврал, 2011-ж

Алардын бири Мухаммед Зогби аянтта күндөп-түндоп тургандардын бир гана мүдөөсү – «Хосни Мубарак бизден кетсин. Биз өз жетекчибизди өзүбүз тандоону каалайбыз. Биз эркиндикти каалайбыз. Бул жерде баарыбыз эркиндикти каалайбыз, бул жер деген – эркиндиктин жери», деди.

Шейшембиде көчөгө чыккан миңдеген адамдардын арасында мамлекеттик кызматкерлер, 5 миңден ашуун профессор-окутуучулар жүрдү. Аларга массалык кааразылык башталганда көчөгө чыккандарга кошулууга тыюу салынган.

Миңден ашуун митинг катышуучулары улуттук парламентти көздөй жүрүш жасап, «мыйзамсыз», «мыйзамсыз» деп кыйкырып, анын таркап кетүүсүн талап кылышты.

Тахрир аянтында жаңы эле камактан чыккан Google компаниясынын Түндүк Америка жана Жакынкы Чыгыш бөлүмдөрүн жетектеген Ваэл Гонимдин (Wael Ghonim) эл алдында сөз сүйлөгөнү тургандардын бир топ бүйүрүн кызытты. 30 жашар Гоним Египетте массалык митингдердин уюштуруучуларынын бири катары эки жума мурда камакка алынган.

Google компаниясынын аткаруучу директору Ваэл Гоним (Wael Ghonim) сыналгыда маек берип жатып ыйлап жиберди, 8-феврал, 2011-ж

«Азыр жеке адамдардын, же партиялардын, же кыймылдардын мезгили эмес. Азыр баарыбыздын кызыкчылыктардан жогору бир гана нерсе – Египет турат! Египет турат! Египет турат!», деген Гонимдин сөздөрүн аянтта тургандар кыйкырып сүрөөнгө алышты.

Ваэл Гоним «өзүн баатыр катары сезбей тургандыгын, жалпы иш үчүн запкы жегендер чыныгы баатырлар» деп айтып сөзүн бүтүрдү.

Президент Мубарак жаңы өкмөт курамын түзүп, кийинки шайлоого барбай, бийликти өз уулуна мураска калтырбай тургандыгын сыналгы аркылуу жалпы журтка айтканы нааразылыкка чыккандардын санын суюлтканы менен аны токтоткон жок.

Массалык митингдер өткөн шаарларда салыштырмалуу турмуш кадимки нугуна түшүп, дүкөн, банктар ачылып, унаалар ээн-эркин жүрө баштады. Ошол эле учурда он миңдеген адам катышкан митингдер Александрия, Мансоурда өтүп жатканы, миңдеген кишилер Исмаилия жана Суэц шаарларында көчөгө чыкканы шаршембиде кабарланды.

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG