Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:11

Ашым Зайналиевдин дарылоо жайы жабылган жок


Ашым Зайналиев
Ашым Зайналиев

Бишкекте табып Ашым Зайналиевдин дарылоо жайы жабылган жок. Саламаттык сактоо министрлиги жана тартип сакчылары бүгүн бул жайга барышты. Бирок кылмыш ишин козгоого жетиштүү далил жоктугунан жана дарыланып жаткандардын талабынан улам ал жайды жабуу демилгеси ишке ашпады. Бул тууралуу министрликтин басма сөз боюнча кеңешчиси Елена Баялинова билдирди.

Зайналиевдин дарылоочу жайын жабуу маселеси кечээ саламаттык сактоо министрлигинде каралган. Табып эч кандай лицензиясы жана медициналык билими жок туруп ракка чалдыккандарды дарылап жүргөн. Муну Зайналиев өзү да моюнга алган.

Анын дарылоосунан кийин бир аял көз жумгандан кийин Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук кабылдамасына арыз түшкөн.

Буга чейин Зайналиевге укук коргоо органдары Кылмыш кодексинин 122-беренеси (мыйзамсыз дарылоо) боюнча кылмыш иш ачкан эле. (SE/BCh)

XS
SM
MD
LG