Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:43

Киевде орусиялык экс-депутат Вороненков атып өлтүрүлдү


Вороненков атылган жер
Вороненков атылган жер

Украина башкалаасында мурдагы орусиялык депутат Денис Вороненков атып өлтүрүлдү. Бул маалыматты "Азаттыктын" украин кызматына Киев полициясынын башчысы Андрей Крищенко ырастады.

Атышуу учурунда дагы эки адам жаракат алган. Анын бири Вороненковдун жансакчысы, экинчиси кол салган адам экени кабарланды. Кол салган адамдын тек-жайы такталууда.

Окуя жергиликтүү убакыт боюнча 11.30да, Киевдин борбордук көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Улуттук полиция менен коопсуздук кызматынын ыкчам тергөө тобу азыр ал жерде иштеп жатат.

45 жаштагы Денис Вороненков Крымды тартып алганы үчүн орус бийлигин сындап келген. 2016-жылдын аягында украин жарандыгын алып, аялы экөө Орусиядан көчүп кетишкен. 2011-2016-жылдары Коммунисттик партиянын катарында Мамлекеттик думанын депутаты болгон.

XS
SM
MD
LG