Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:51

Күтүүсүз кырсык Македонияны алдастатты


Македонияга капыс сел оор чыгымдар алып келди.
Македонияга капыс сел оор чыгымдар алып келди.

Македониядагы табият кырсыгынан жыйырмадан ашуун адам өлүп, жүздөгөн адамдар жаракат алышты.

Сел жана катуу шамалдан улам миңдеген адамдар турак жайларын таштап кетишти.

Македонияда жекшембиге караган түнкү кара нөшөр аралаш катуу шамалдан кеминде 20 киши набыт болду. Жамгырдан улам каналдар ташып, күтүүсүз каптаган сел учурунда көптөгөн адамдар автоунаасынан чыга албай жантаслим болушту.

Жүздөгөн адамдар жаракат алышты. Курмандыктар жана жарадарлар саны дагы өсүшү мүмкүндүгү, бир нече адам дайынсыз экени да кабарланууда.

Ишембиде түш ченде башталган жаан 16 саат бою басылбай жаады.

Жергиликтүү маалымат каражаттары саатына 70 чакырым ылдамдыктагы шамал да шаардын өзүндө жана жака белинде бүлгүн салганын жазышты.

“Мындай кырсыкты буга чейин көргөн эмеспиз”, деди борбор калаа Скопьенин мэри Koce Траяновски "Франс-пресс" агенттигине.

Кырсыктан кийин.
Кырсыктан кийин.

Скопьенин тургуну Шермин Мамут шаардын четиндеги дөңсөө жерде жашайт. Ушундан улам алар тарап селден аман-эсен. Ал күйөөсү экөө “Азаттыкка” шаардын борборундагы туугандарын куткармакка барып, өз көзү менен көргөндөрүн айтып берди:

- Скопьенин бир өңүрүндөгү үйлөрдү бүт сел каптады. Үйлөрүнөн чыгалбай калган адамдар да бар. Алардын арасында жаракат алгандар көп экенин айтып атышат. Кээ бир үйлөрдү каптаган суу эки метрге чейин жетиптир. Суу каптаган жакта кайнежем балдары менен жашачу. Түнү барып, аларды алып келе албай, жекшемби күндүзү гана алып келдик. Шаарда сел аласалдырып агызган, дарактарга такалып калган, бири-бирине минишип калган автоунааларды көп жерден көрдүк. Сел агызып өлгөн үй жаныбарларын көрдүк. Жашылча-жемиш, талааларын суу каптап турат.

Мындан тышкары шаардагы инфраструктуралык объектилер, калаа четиндеги айланма жол катуу жабыркаганы маалымдалды. Айрым жерлерде бир нече саатка электр энергиясы өчүп, куткаруучулардын ишин кыйындатты.

Келтирилген материалдык чыгым али белгисиз.

Сел машиналарды агызып кеткен
Сел машиналарды агызып кеткен

Жекшемби таңга карай жамгыр токтогону менен синоптиктер дүйшөмбү күнү кайра катуу жамгыр жаайт деп эскертишүүдө.

Македония Евробиримдикке кирүүгө талапкер өлкөлөрдүн бири. Балкан жарым аралындагы бул чакан мамлекетте эки миллиондон ашуун адам жашайт.

Евробиримдиктин кеңейүү боюнча комиссары Йоханнес Хан Евробиримдик Македонияга жардам берүүгө даяр экенин билдирди.

Табият кырсыгы коңшу Хорватияга да таасир этип, автокаттамдар кыйла убакыт үзгүлтүккө учурады.

XS
SM
MD
LG