Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:31

Энергетика тууралуу мыйзамга киргизилип жаткан толуктоо жана түзөтүүлөр кардарлар арасында кызуу талкуу жаратты.

Электр энергиясы боюнча жаңы мыйзам долбоору 15-мартта коомдук угууга коюлду. Анда тармакка тийиштүү маселелер, электр энергиясын бөлүштүрүүчү компаниялардын ишмердигине ичи чыкпагандар өз пикирлерин ортого салды.

Жаңы мыйзамдын демилгечилеринин бири депутат Өмүрбек Текебаев энергетикалык система түзүү зарылдыгын мындайча түшүндүрдү:

- Энергетика экономиканы өнүктүрүүдөгү артыкчылык болбой, тескерисинче тоскоолдукка айланды. Инвесторлорго кызыктыруучу артыкчылык бергенибиз менен, либералдуу мыйзамдар жана арзан электр кубаты тескерисинче тоскоолдук кыла баштады. Анын аркасында биз коммерциялык жана техникалык жоготууларга учурап, электр энергиясынын жетишсиздиги көбөйдү. Натыйжасыз пайдалануу айынан энергетика тармагында ири коррупция пайда болду. Биз ички инвесторлорго мүмкүнчүлүк берип, атаандаштык жаратышыбыз керек.

Жаңы мыйзам долбоорунда электр энергиясын бөлүштүрүүчү компанияларга мамлекеттик колдоо көрсөтүп, ички инвесторлорго жеңилдик берүү каралган.

Коомдук угууда коммерциялык жана техникалык жоготуулар көбөйүп жатканы, жылына бир миллиарддан ашуун жоготуулар болуп, ага кеткен каражат элдин эсебинен төлөнүп жатканы айтылды. Аталышы Ачык акционердик коом делгени менен, иш жүзүндө жеке менчик катары ишмердик жүргүзгөн компаниялар коррупциялык схемаларга белчесинен батып калганы, аларды ачыкка чыгармайын бул тармакта эч кандай өнүгүү болбостугун эксперт Бийназар Бердикеев билдирди:

- Мен бир эле мисал келтирип кетейин, жанагы формасы боюнча ААК, ал эми иш жүзүндө менчик компаниялар 2015-жылы 1 миллиард 600 миң киловатт сааттан ашуун энергия жок болду деп өкмөткө саймедирешти. Бул Таш-Көмүр ГЭСи бир жыл бою бекерге иштеп, чыгарган электр энергиясы асманга учуп кетти дегенди билдирет. Ар бир бөлүштүрүүчү компаниялардын ишмердигин карап чыгып, баарына бирдей мүмкүнчүлүк бербесе, жазган мыйзамың да, кылган аракетиң да ит бекер.

Сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда “Отун энергетика комплекси менен тоо кен байлыктарын” көзөмөлгө алып башкара турган өзүнчө мекеме түзүлөрү каралган. Ал өз алдынча көз карандысыз уюм болобу же кайсы бир министрликтин алдында иш алып барабы мыйзам долбоорунда так көргөзүлгөн эмес. Мындан улам бул мыйзам долбоору азырынча чийки, дагы бир топ оңдоп-түзөөгө муктаж экенин бейөкмөт уюмдун өкүлү Калича Өмүралиева белгиледи. Анын ырасташынча, Энергохолдингдин түзүлүшү деле мыйзамсыз.

- Албетте, мен Энергохолдингдин түзүлүп калганына каршы эмесмин. Бирок ал чарбалык иштер менен гана алектениши керек. Ал эми министрлик жалпы мамлекеттик жана энергетикалык саясатты жүргүзүшү керек да. Анда келгиле, Билим берүү, Саламаттык сактоо, Маданият министрликтерин дагы жоюп салып холдинг түзөлү. Министрлик деген өзүнүн, мамлекеттин саясатын жүргүзүшү керек, - дейт Калича Өмүралиева.

2015-жылы 1 млрд 600 миң кВт сааттан ашуун энергия жок болду деп өкмөткө саймедирешти. Бул Таш-Көмүр ГЭСи бир жыл бою бекерге иштеп, чыгарган электр энергиясы асманга учуп кетти дегенди билдирет.

Бишкек шаарынын 63 жаштагы тургуну Шүкүралы Туташевдин пикиринде, баа саясатында туруктуулук сакталышы керек. Карапайым калк үчүн электр энергиясына төлөмдөр азырынча нааразылыктардан башканы жарата элек.

- Мына мен үч миң сом төлөп келдим, 700 киловатт саатты мен жер үйдө үнөмдөй албайм, анткени тиричилик техникаларым, жылытуу системасы бар, 700 киловатт электр тогун кабаттуу үйдө жашагандар гана коромжусуз бир айга жеткире алышы мүмкүн. Жарыкка чектөөлөр киргени айына 2,13 тыйындан чыгып жатат, мага окшогон пенсионерге бул өтө оор, - деп айтты Шүкүралы Туташев.

Талкууда бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү мыйзам долбоорундагы терминдерге так аныктама берүү керектигин белгилешсе, энергетика тармагындагы эксперттер электр кубатын керектөөчүгө жеткирүүдөгү ортомчу компаниялардын ишмердүүлүгүн сынга алышты. Коррупциялык жагдайлар, тариф саясаты жана башка маселелер боюнча сунуш пикирлер арбын айтылды. Аларды жаңы мыйзам долбоорунун авторлору эске алабы же айтылган жеринде калып калабы - муну алдыдагы убакыт көрсөтөт.

Энергетикалык жоготуулар азаябы? "Азаттыктын" атайын иликтөөсү:

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG