Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:31

Г.Петров: Тарифтерди баары бир көтөрүш керек


Электр энергиясына баанын көтөрүлүшү Кыргызстанда массалык нааразылыктарды жараткан, Нарын, 10-март, 2010

Электр энергиясына баанын көтөрүлүшү Кыргызстанда массалык нааразылыктарды жараткан, Нарын, 10-март, 2010

Кыргызстанда өткөн аптада эки ирет энергетикада кырсыктын болушу жалпы өлкөнүн энергосистеманын абалы туралуу тынчсызданууну күчөттү. Тажикстандын Илимдер академиясынын гидроэнергетика жана суу проблемалары боюнча институтунун адиси, энергетика боюнча белгилүү эксперт Георгий Петровдун ишениминде, проблеманын баары - бирдиктүү энергосистеманын иштебей жатканында.

Георгий Петров: Учурунда СССРдин бирдиктүү системасы катары түзүлгөн энергосистема азыр өтө оор абалда. Башка республикадарды айтпаганда да, жалпы постсоветтик аймактагы эң бай делген Орусияда, маселен, жакында эле Москва облусунун жарымы электр жарыгысыз калды (мен Саяно-Шушенская ГЭСи жөнүндө айтпай эле коеюн). Ошондой эле окуя Кыргызстанда өткөн аптада кайталанганын көрдүк. Мунун баарына эки себеп бар:

Биринчиси – чындап эле техника эскирип бүттү. Акыркы ирет ремонт өткөн кылымдын 60-жылдары жүргүзүлгөн. Чынында, биз жылына эле жаңылоо иштерин жасап турабыз деңизчи. Бирок ремонттук иштердин алкагы мурдагыдай эмес. Анткени акча аз. Акчанын аздыгы тарифтердин төмөндүгү менен байланыштуу. Себеп – элдин жалпы социалдык абалы оор. Мына ушундай туңгуюкта калдык. Бул – объективдүү көрүнүш.

Бирок азыркы энергокризиске алып келген экинчи себеп да бар. Бул – интеграциялык байланыштардын үзүлгөнү. Азыр да кээде биздин республикаларда бирин-серин энергетикадагы көзкарандысыздык тууралуу айтып калышат. Энергетикалык көзкарандысыздык дегени – бул байланыштарды үзүү дегенди эле билдирет. Акыркы жылдары Борбор Азияда да айрым республикалар бирдиктүү системадан чыкканыбызды жарыяладык. Мындан эч ким эч кандай пайда көрбөдү. Энергосистеманын кризисине алып келген бул себепти мен субъективдүү эле себеп деп айтмакмын. Муну чечсе болот. Акырындап ал финансылык абалдын да жакшырышына алып келмек. Анткени региондо эч ким өз алдынча энергетикадагы чоң проблемаларды чече албайт.

Төрөкул Дооров: Бирдиктүү энергосистема азыр деле негизи иштеп жатат да. Анын иш тартибинде эмне өзгөрүү болду?

Георгий Петров: Анын техникалык-материалдык базасы мурдагы бойдон эле калган. Алгач курулгандагы ток өткөрүүчү линиялар дале бар, аларды иштетсе болот. Эң негизги маселе башкаруучу бирдиктүү диспетчердик борбор иштебей калгандыгында. Анысы деле түшүнүктүү, башкаруучу ал борбор административдик буйрук берүүчү мезгилдин тушунда курулган. Албетте, ал буйрук берген. Бүгүн андай кырдаалда иштегенге мүмкүн эмес. Демек, ошол эле диспетчердик борборду азыркы рынок экономикасынын шартына ылайыкташтырыш керек. Ошол ишти эч ким жасабай жатат.

Жалпысынан алганда, бирдиктүү энергосистема иштейт, бирок натыйжасы жок. Аны калыбына келтириш үчүн региондогу өлкөлөр саясий чечимге барышы зарыл. Жумурияттардын энергетиктери өздөрүнүн лидерлерин бизге курулай патриотизмдин такыр кереги жок экенине ынандырышы лаазым. Бизге интеграция керек. Эгер бирдиктүү энергосистема иштесе, аны азыркы экономиканын шартына ылайыкташтырсак, ал баардык өлкөлөргө киреше гана алып келмек.

Төрөкул Дооров: Өткөн аптада Кыргызстанда эки ирет электр энергиясында авария болду. Баш калаанын жарымынан көбү жарыксыз отуруп калганын айттык. Азыркыдай оор абалдан чыгыш үчүн кыргыз өкмөтү кандай чарага барса болот деп ойлойсуз?

Георгий Петров: Азыркыдай оор шартта жашап жаткан Кыргызстан ошол бирдиктүү энергосистеманын ишин кайра жандандыруу идеясын колго алса болот деп ишенем. Эгер расмий Бишкек маселени көтөрсө, аны баары колдошмок. Эч нерсени өзгөртүштүн кереги жок. Өткөрүүчү линиялар бар, подстанциялар бар. Болгону жаңы шартта кантип иштешүүнүн жобосун иштеп, коррупцияга баткан диспетчердик борбордун ишин кайра караш керек. Ал жерде региондогу баардык мамлекеттерден өкүлдөр болсо жакшы. Анан Европанын, АКШнын энергосистемасындагы тажрыйбаны эске алса болду.

Төрөкул Дооров: Георгий Николаевич, Кыргызстанда акыркы ирет электр энергиясына тарифтер мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда көтөрүлгөн эле. Ага эл нааразы болуп, акыр аягында экинчи ирет бийликтин алмашуусуна алып келген жагдайлардын бири да ошол тариф болуп калды деген сөздөр айтылды. Азыр энергетиктердин баары эле материалдык база эскиргенин, көп жабдууларды алмаштырыш үчүн акча керектигин айтышууда. Акчаны тариф менен табуудан бийлик чочуласа, дагы башка кандай жолу болушу мүмкүн?

Георгий Петров: Менимче, баарыбыздын эле, Тажикстандын да, Кыргызстандын да, керек болсо, Казакстандын да энергосистемасына ремонт үчүн эле эмес, системаны өнүктүрүү үчүн да каражат зарыл болуп турат. Аны алуунун жападан жалгыз жолу – тарифтерди көтөрүш керек. Тилекке каршы, абал ушундай.

Кыргызстанда тарифтердин көтөрүлүшү ыңкылапка алып келди дегенге кошула бербейт элем. Бакиев, балким, башка катачылыктарды жасаган болушу мүмкүн. Бирок ал электр энергиясы үчүн тарифтерди жогорулатканын мен чындап энергосистеманын абалын оңдоого көрүлгөн аракет деп билем. Биз азыр, Кыргызстан менен Тажикстан, тарифтер боюнча эң төмөнкү деңгээлде турабыз. Мунун өзү биздин артта калганыбызды көрсөтөт.

Сырттан караганда, парадокстой көрүнчү жагдай бар – канчалык өлкөдө электр энергиясына тариф жогору болсо, ошончолук ал бай жашайт. Анткени энергиянын кубатын баалай билишет. Канчалык ал арзан болсо, энергияны өндүрүү иши да ошончолук баркталбай калат. Ошондуктан биздин региондогу өкмөттөр өздөрүнө ушундай “популярдуу эмес” чараны киргизиш үчүн жоопкерчиликти өздөрүнө алышы керек да, тарифти жогорулатышы зарыл. Мен Европадагыдай деңгээл жөнүндө айткан жокмун. Биздин өзүбүздөгү кырдаалдын, элдин социалдык ахыбалын эске алуу менен бир чекти айтышса болот. Бул чараны эртерээк киргизип, энергосистеманы оңдобосок, ал бир күн жөн гана иштен чыгып калат.

Мен Тажикстандагы чыгымдарды эсептеп чыктым: бүгүн энергосистеманын чыгашасы эл бир нече ай коомдук транспортко короткон акчага эле барабар экен. Ошол эле маалда биз да бул жакта өзүбүздүн элди “тарифтер жогоруласа, турмуш начарлап кетет” деп коркутуп жатабыз. Тетирисинче, тарифтер көбөйбөсө, бизде да, силерде да энергосистеманын толук кыйрашына алып келет.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG