Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:55

Евробиримдик Афиныга насыя бермей болду


Грек парламенти
Грек парламенти

16-июлда Евробиримдиктин финансы министрлери Грецияга 7 миллиард евро насыя бөлүнүшүн жактырды.

Мындай чечим Грециянын парламенти евролидерлер менен макулдашылган экономикалык реформаларды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл финансы-экономикалык иш-чараларды бекиткен соң кабыл алынды. Анын ордуна эл аралык кредиторлор Афиныга 86 миллиард евро насыя беришет.

16-июлда Евробиримдик финасы министрлеринин артынан эле Европа борбордук банкы Грециянын банктарына жума сайын шашылыш берилчү акчанын көлөмүн 900 миллион еврого көбөйттү. Өлкөнүн банктары 29-июндан тарта жабык турат жана банктан күнүнө 60 евродон (66 доллар) көп нак акча берилбейт.

16-июлда таң эрте грек парламенти эл аралык финансы мекемелеринен 86 миллиард евро насыя алууга зарыл реформа боюнча мыйзамды көпчүлүк добуш менен бекиткен эле. Мыйзамга каршы чыккан 64 депутаттын арасында башкаруучу СИРИЗА партиясынын 39 мүчөсү, алардын ичинде энергетика министри Панагиотис Лафазанис жана мурдагы финансы министри Янис Варуфакис да бар. СИРИЗА 300 орундуу парламентте 149 мандатка ээ.

Грециянын финансы министри (солдо) жана премьер-министри
Грециянын финансы министри (солдо) жана премьер-министри

Премьер-министр Алексис Ципрас добуш берүү алдында 13-июлда Брюсселде жетишилген келишимдин ийгилигине ишенбесин, бирок аны аткарарын айтты. Ошондой эле өкмөт менен мыйзамга каршы чыккан коалиция мүчөлөрү арасындагы келишпестикти төмөндөгүдөй түшүндүрдү.

- Биз талкуулап жаткан чаралар аябай катаал экенин моюнума алам. Мен аларга макул эмесмин. Ал чаралар Грециянын экономикасына жардам берерине ишенбейм деп ачык айтам. Бирок мен аларды аткарам. Биздин айырмачылыгыбыз ушунда.

13-июлда Евробиримдиктин лидерлери Алексис Ципрасты өкмөттүк чыгымдарды грек шайлоочулары 5-июлдагы референдумда четке каккан суммадан да көп өлчөмгө кыскартууга ынандырган. Андан тышкары эл аралык кредиторлордун шартына ылайык, салыктардын өлчөмү көбөйтүлүп, пенсия курагы акырындап жогорулатылат. Ципрастын партиялаштары менен араздашуусуна дал ушул чаралар себеп болду. Себеби, реформада каралган чаралар СИРИЗА карманган саясатка каршы келет.

Афиныда демонстранттар менен полиция кагылышты
Афиныда демонстранттар менен полиция кагылышты

Бирок улуттук парламенттин катаал реформаны колдоп добуш берүүсү, сөз башында айтылгандай, тышкы кредиторлорду көмөкчү финансылык баштыктын оозун ачканга түрттү.

16-июлда Евромейкиндикке мүчө өлкөлөрдүн Стабилдештирүү фонду да Грецияга берилчү үчүнчү финансылык баштыкка 50 миллиард евро бөлөрүн жарыя кылды. Береги акчалар Грецияны финансылык кудретсиздиктен сактоо үчүн жумшалышы керек.

Евроаймактын лидерлери менен Греция ортосунда 13-июлда макулдашылган келишим уюмга мүчө өлкөлөрдөгү маанайды өзгөрткөнүн Европа Борбордук банкынын төрагасы Марио Драги бейшемби күнү Франкфурттагы конференцияда маалымдады:

- Учурда (Грециянын тегерегиндеги) абал өзгөрүүдө. Финансылык пакет ар кандай добуштар менен жактырылганы жөнүндө түрдүү парламенттерден, ошондой эле грек парламентинен бир катар жаңылыктар келди. Нак акчаны көбөйтүп, аманат акчаны чектебей бергенге жагдай түзүлдү.

Греция менен түзүлгөн акыркы келишимди Франция, Финляндия, Греция парламенти жактырды. Чукул арада дагы беш өлкөнүн парламенти колго салат. Ал үчүн негизги насыя берүүчү - Германия парламенти 17-июлда добуш берет.

Грек парламенти катаал экономикалык чараларды бекитер алдында Афиныда 10 миңден ашык адам катышкан тынч демонстрация болду. Ал эми 200 чамалуу жаштардын тобу полицияга Молотов коктейлдерин жана таш ыргытышты. Полиция аларга каршы көздөн жаш агызчу газ жана калемпир спрей колдонду.

XS
SM
MD
LG